«Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, ошондой эле «ислам терезесине» ээ жүзөгө ашырган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалыматты сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобонун долбооруна 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, ошондой эле «ислам терезесине» ээ жүзөгө ашырган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалыматты сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобонун долбоору иштелип чыккан. 

Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган БФКМдердин финансылык отчетунда анын финансылык абалы чагылдырылууга жана ал Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюуму (мындан ары AAOIFI) тарабынан белгиленген стандарттарга жооп берүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда БФКМ AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген шартта ФОЭС стандарттарын пайдаланат. 

Сунушталган долбоор финансылык отчеттун түзүлүшү боюнча талапты белгилейт жана БФКМдердин ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана пайдалануучулардын кеңири чөйрөсү үчүн так отчеттун берилишин камсыз кылууга багытталган. 

 

 

 

Долбоор  

 

 

 

«Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, ошондой эле «ислам терезесине» ээ жүзөгө ашырган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалыматты сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобо 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан

2. Жободо Кыргыз Республикасынын ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдары (мындан ары МФУ) жана кредиттик союздары (мындан ары БФКМ), ошондой эле «ислам терезесине» ээ МФУлар тарабынан финансылык отчетторду түзүү жана аны сунуштоо, отчеттордун курамын аныктоо тартиби белгиленген.  

3. Жобонун нормалары, БФКМдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларында аныкталган иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен БФКМдерге карата да колдонулат. Консервация, убактылуу администрация режиминде турган БФКМдер да финансылык отчетторду ушул жобого ылайык сунушталат.  

4. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган БФКМдердин финансылык отчетунда финансылык абалды сунуштоо түзүмү жана отчеттук мезгил аралыгында жүзөгө ашырылган операциялардын жыйынтыгы камтылат.  

5. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган БФКМдердин финансылык отчетунда анын финансылык абалы чагылдырылууга жана ал Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюуму (мындан ары AAOIFI) тарабынан белгиленген стандарттарга жооп берүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда БФКМ AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген шартта ФОЭС стандарттарын пайдаланат.  

6. БФКМдин финансылык отчетунун максатынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

- алар экономикалык чечимдерди кабыл алууда пайдалануучулардын кеңири чөйрөсү үчүн жеткиликтүү болгон БФКМдин финансылык абалы, финансылык иш жыйынтыктары жана акча каражаттарынын жылышы тууралуу маалыматты сунуштоо; 

- активдер, милдеттенмелер, капитал, кирешелер жана чыгашалар (анын ичинде пайда жана чыгым), ошондой эле акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматты сунуштоо аркылуу БФКМдин жетекчилигине ишеним көрсөтүү менен берилген ресурстарды тескөө жыйынтыгын сунуштоо.  

7. Финансылык отчеттордон төмөнкүлөр пайдаланат: инвесторлор, акционерлер, уюштуруучулар, катышуучулар, кредиторлор, карыз алуучулар, эл аралык финансылык уюмдар, салык органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) жана башка пайдалануучулар. 

 

2-глава. Финансылык отчеттун түзүмү жана ага карата жалпы талаптар. 

 

8. Финансылык отчет отчет берүү формаларынан турат жана бардык отчеттор ушул жобого кошо тиркелген формага ылайык түзүлүүгө тийиш: 

- отчеттук мезгилдин акыркы иш күнүнө карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма, ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык сунушталууга тийиш); 

- пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма, ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык сунушталууга тийиш); 

- акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (№ 3 форма, ушул жобого карата 3-тиркемеге ылайык сунушталууга тийиш); 

- капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу отчет (№ 4 форма, ушул жобого карата 4-тиркемеге ылайык сунушталууга тийиш); 

- эсептик саясат жана түшүндүрмө кат (толук маалымат берүү); 

- Шариат кеңешинин корутундусу (№ 5 форма, ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык сунушталууга тийиш). 

Финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат кыскача жана түшүнүктүү болууга, ошондой эле анда зарыл учурда финансылык отчеттун тиешелүү статьяларына карата шилтемелер келтирилүүгө тийиш. Финансылык отчетко тиркелген түшүндүрмө кат анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Шариат кеңешинин корутундусунда отчеттук  мезгил ичинде Шариат принциптерине ылайык операциялардын ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалымат камтылууга тийиш. 

9. Финансылык отчетто төмөнкү маалымат так белгиленип жана зарыл учурда сунушталган маалыматты талаптагыдай түшүнүү үчүн кайталанып берилүүгө тийиш: 

- отчет берип жаткан БФКМдин аталышы; 

- финансылык отчет түзүлгөн күн же мезгил аралыгы; 

- отчеттун валютасы; 

- финансылык отчетто сандарды көрсөтүүдө пайдаланылган өлчөө бирдиктери жана тактык деңгээли. 

10. Финансылык отчетту түзүүдө БФКМдин жетекчилиги БФКМ өз ишин андан ары улантуу мүмкүнчүлүгүнө баа берүүгө тийиш. Жетекчилик БФКМди жоюуга же иш чөйрөсүн кыйла кыскартууга ниеттенбесе же жоюу зарылчылыгы жок болсо финансылык отчет иш үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн негизинде түзүлүүгө тийиш. Эгерде пикир түзүү процессинде жетекчиликке БФКМ келечекте өз ишин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө кыйла шек келтирген жагдайларга же шарттарга байланыштуу олуттуу белгисиз жагдайлар тууралуу маалымдалса, отчетто мындай жагдайлар тууралуу толук маалымат берилүүгө тийиш.  

Эгерде финансылык отчет иш үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн негизинде түзүлбөсө, бул факт отчет түзүлгөн негиз сыяктуу эле толук көрсөтүлүп, эмне үчүн БФКМ үзгүлтүксүз иш алып барган мекеме болуп саналбай тургандыгы себебин көрсөтүү зарыл.  

11. БФКМ акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчеттон тышкары, чегерүү ыкмасын пайдалануу менен финансылык отчетту түзүүгө тийиш. 

12. Финансылык отчет берүү максатында БФКМ отчет берүүчү мезгил катары календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

1-октябрга чейин жаңыдан түзүлгөн БФКМ үчүн алгачкы отчет берүү мезгил аралыгы катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

1-октябрдан кийин түзүлгөн БФКМ үчүн алгачкы отчет берүү мезгил аралыгы катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

13. Өзгөчө учурларда, БФКМдин отчет берүү мезгил аралыгы өзгөргөндүктөн финансылык отчет бир жылдан көп же бир жылга жетпеген мезгил аралыгы үчүн сунушталган учурда, БФКМ финансылык отчетто камтылган мезгил аралыгына кошумча төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш: 

- бир жылдан айырмаланган мезгил аралыгын алуу себебин; 

- чогуу алгандагы киреше, капиталдагы өзгөрүүлөр, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетторду салыштыруу суммаларынын жана тиешелүү эскертүүлөрдүн дал келбеши фактысы. 

14. БФКМдин финансылык отчетундагы ар бир олуттуу статья финансылык отчетто өз-өзүнчө берилет жана сунушталат. Чакан статьялар ушул сыяктуу мүнөздөгү же багыттагы статьялардын суммасы менен топтоштурулат.  

15. Финансылык отчеттун мазмуну жана формасы бир отчеттук мезгилден экинчисине карай ыраттуу (ырааттуулук принцибинде) колдонулат.  

Финансылык отчеттун ар бир сандык көрсөткүчү боюнча буга чейинки отчеттук жылдагы көрсөткүчтөр келтирилүүгө тийиш.  

16. Финансылык отчеттордогу статьялардын классификациясы жана түшүнүгү төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден кийинки мезгилге чейин сакталууга тийиш:  

- БФКМдин операциялары кыйла өзгөрсө же финансылык отчеттогу талдап-иликтөөлөргө ылайык, мындай өзгөртүүлөр жагдайлардын же операциялардын кыйла ишенимдүү түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандыгын көрсөтсө

- түшүндүрмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актылардан улам талап кылынса.  

17. Эгерде отчеттук мезгилге чейинки мезгил аралыгы үчүн маалымат отчеттук мезгил ичиндеги маалыматка дал келбесе, алгачкы маалымат Улуттук банктын ченемдик документтеринде белгиленген эрежелердин өзгөртүлүшүнө жараша корректировкаланууга тийиш. Ар бир корректировкалоо финансылык отчет формаларына карата түшүндүрмөлөрдө анын себептерин көрсөтүү менен толук чагылдырылууга тийиш. Эгерде корректироваларды киргизүү максатка ылайыктуу болбосо, БФКМ аларды киргизбөө себебин, ошондой эле суммаларды корректировкалоодон улам келип чыгышы мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү толук чагылдыруусу зарыл.  

18. Финансылык отчет түзүлгөн күнү анын операция ишке ашырылбаган статьяларында «нөл» сандык белгиси көрсөтүлөт. Эгерде БФКМ финансылык отчет формасында көрсөтүлгөн тигил же бул операцияны жүзөгө ашырбаса, ал отчетко камтылбайт.  

19. Эгерде башкасы эл аралык келишимдерге ылайык белгиленген тартипте ратификацияланган катары макулдашылбаса, БФКМдин финансылык отчету Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш.  

20. Финансылык отчетко БФКМдин жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коет, ошондой эле БФКМдин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.  

21. Аудитордук корутунду алгандан кийин жылдык отчетту бекитүүгө чейин белгиленген, буга чейинки мезгилде эске алынбаган финансылык отчетко өзгөртүүлөр өтүп жаткан жыл ичиндеги корректировкалоо катары эске алынууга тийиш.  

22. Финансылык отчетко киргизилген оңдоолор 2.13-пунктта көрсөтүлгөн адамдардын кол тамгасы менен тастыкталат жана ага оңдоолор киргизилген күн көрсөтүлөт. 

23. Финансылык отчетту түзүүдө такталган маалыматты көрсөтүү максатында БФКМдин жетекчилиги жана финансылык отчетту түзүүгө жоопкерчиликтүү адам ушул жобонун талаптарын эске алуу менен тышкы аудитордун кеп-кеңеши боюнча финансылык отчетко статьяларды кошууга жана/же кыскартууга укуктуу. 

24. БФКМдин жетекчилиги финансылык отчеттун даярдалышы жана сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

  

3-глава. БФКМдин финансылык отчетун сунуштоо жана жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү 

  

25. Көз карандысыз тышкы аудитти жүргүзгөндөн кийин БФКМдер төмөнкү формалар боюнча финансылык отчеттун бир нускасын Улуттук банкка сунуштоого тийиш: отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма), пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (№3 форма), капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (№4 форма), Шариат кеңешинин корутундусу (№5 форма). Финансылык отчет, өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз тышкы аудитордун корутундусунун көчүрмөсү менен бирге Улуттук банкка тышкы аудитор БФКМге отчетту сунуштаган учурдан тартып 30 күн ичинде, бирок финансылык жыл аяктаган күндөн тартып 105 күндөн кечиктирбечтен сунушталат.  

26. Тышкы аудит жүргүзүлгөн учурда микрофинансылык уюмдар төмөнкү формалардан турган финансылык отчетту жарыялоого тийиш: 31-декабрынын акырына карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма), пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (№3 форма), капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (№4 форма), Шариат кеңешинин корутундусу (№5 форма). Финансылык отчет аудитордук корутунду менен бирге аудитордук текшерүү аяктагандан кийин жана ал бекитилгенден кийин мамлекеттик жана/же расмий тилдерде отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. Микрофинансылык уюмдар аудитордук корутундусу менен финансылык отчет кеңири жайылтылышын жана пайдалануучуларга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу максатында, аны жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын өздөрү тандайт. Жарыялануучу маалымат көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка сунушталууга тийиш.  

27. Тышкы аудит жүргүзүлгөн учурда, депозиттерди тартуу укугу белгиленген лицензияга ээ кредиттик союз төмөнкү формалардан турган финансылык отчетту жарыялоого тийиш: 31-декабрынын акырына карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма), пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (№3 форма), капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (№4 форма), Шариат кеңешинин корутундусу (№5 форма). Финансылык отчет аудитордук корутунду менен бирге аудитордук текшерүү аяктагандан кийин жана ал бекитилгенден кийин мамлекеттик жана/же расмий тилдерде отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. Жарыялануучу маалыматтын көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

28. БФКМ финансылык отчетту сунуштоо тартибин бузган учурда, такталбаган маалымат камтылган отчетту сунуштаса, ошондой эле отчетторду белгиленген талаптарды сактоосуз жарыялаган шартта Улуттук банк колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларга карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

  

4-глава. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган БФКМдин башка отчет түрлөрүн сунуштоо тартиби жана мөөнөттөрү 

 

29. БФКМ чейрек сайын, чейрек аяктаган учурдан тартып 30 күн ичинде маалымат тактасында отчеттук чейректин акыркы күнүнө карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма), пайда жана чыгым жөнүндө отчетту (№2 форма) жайгаштыруу тийиш.  

30. Улуттук банк БФКМдин ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматты жыл ичинде талап кылууга укуктуу. 

31. Жоюу жана банкроттоо процессинде турган БФКМ Улуттук банкка жыл сайын финансылык абал жөнүндө отчетту (№1 форма) сунуштайт. 

 

5-глава. Финансылык абал жөнүндө отчет 

 

32. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдердин жана милдеттенмелер ликвиддүүлүгүн чагылдырган тартипте өзгөчөлүктөрү боюнча топтоштурулат (ликвиддүүлүктүн азайуу деңгээли же ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча). 

33. Финансылык абал жөнүндө отчетто БФКМдин активдери, милдеттенмелери, инвестициялык эсептердеги каражаттар жана капитал камтылууга тийиш. 

34. AAOIFI стандарттарына ылайык талап кылынган учурда же уруксат берилген шартта, Финансылык абал жөнүндө отчеттогу актив статьясы милдеттенмелер менен жана тескерисинче, милдеттенмелер актив статьясы менен өз ара чегерилбейт.  

35. Финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк, башка БФКМдер, акча рыногу боюнча өнөктөштөр, кредиторлор, карыз алуучулар менен өз ара иш алып баруу алардын өз ара көз карандылыгы жөнүндө туура түшүнүк берүү үчүн өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш.  

36. «Финансылык абал жөнүндө отчеттун» аталышын «20____-жылдын «__»________ карата (кошо алганда) бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет» деген аталышта берүү зарыл. Мында, айдын акыркы күнү, чейрек, жыл чагылдырылат.  

37. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептер жана капитал боюнча жыйынтык сунушталууга тийиш. 

38. Инвестициялык эсептер жана алардын эквиваленттери боюнча натыйжалар Фнансылык абал жөнүндө отчетто БФКМдин милдеттенмелери жана капитал ортосундагы өзүнчө статья катары көрсөтүлүүгө тийиш.  

  

6-глава. Пайда жана чыгым жөнүндө отчет 

  

39. Кирешелер жөнүндө отчетто БФКМдин ишкердигинин жүрүшүндө келип чыккан кирешелер жана чыгашалар өзгөчөлүктөрү боюнча топтоштурулуп, кирешелер жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдыруусу зарыл.  

40. Төмөнкү жагдайларды эске албаганда, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегерилбейт: 

1) AAOIFI стандарттарына ылайык уруксат берилген учурда; же  

2) ушундай же ушул сыяктуу жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайда, чыгым жана чыгышалар анчалык олуттуу эмес болсо, мындай суммалар Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто бириктирилип берилүүгө тийиш. 

41. БФКМ Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата түшүндүрмө катта Компаниянын кирешелерине жана чыгашаларына негизденген классификацияны пайдалануу менен кирешелерге жана чыгашаларга талдап-иликтөөлөрдү чагылдырууга тийиш. 

42. БФКМ Кирешелер жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата түшүндүрмө катта финансылык отчет даярдалган мезгил аралыгы ичинде жарыяланган же сунушталган акцияларга дивиденддер суммасын көрсөтүүгө тийиш.  

43. «Пайда жана чыгым жөнүндө отчет» аталышын «20____-жылдын «__»________ карата (кошо алганда) кирешелер жөнүндө отчет» деген аталышта берүү зарыл. Мында, айдын акыркы күнү, чейреги, жылы чагылдырылат. 

44. Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто капиталга кирешени, сарптоолорду, БФКМ жана инвестициялык эсеп ээлери тарабынан алынган пайда жана чыгым жөнүндө маалымат өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) сатып өткөрүүдөн алынган киреше жана инвестициядан (каржылоодон) пайда; 

2) инвестициялоодон (каржылоодон) сарптоолор жана жоготуулар; 

3) инвестициялоодон (каржылоодон) таза пайда (жоготуу); 

4) мудариба сыяктуу БФКМдин пайдасындагы инвестициялоодон (каржылоодон) пайдадагы (чыгымдагы) инвестициялык эсеп ээлеринин үлүшү

5) инвестициялоодон (каржылоодон) пайдадагы (жоготуудагы) БФКМдин үлүшү

6) мудариба сыяктуу чектелбеген инвестциялардан кирешелердеги БФКМдин үлүшү

7) мудариба сыяктуу чектелген инвестциялардан кирешелердеги БФКМдин үлүшү

8) эгерде болгон болсо, инвестициялык агент катары БФКМ үчүн белгиленген төлөм өлчөмү

9) эгерде болгон болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялардын жыйынтыгында алынган киреше (чыгаша); 

10) сатып өткөрүүдөн алынган башка кирешелер, сарптоолор, пайда жана чыгым; 

11) жалпы жана административдик сарптоолор; 

12) салык төлөөгө чейин таза пайда (жоготуу);  

13) салыктар (өз-өзүнчө сунушталууга тийиш); 

14) таза пайда (жоготуу).  

  

7-глава. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

  

45. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто акча каражаттарынын жана акча каражаттары эквиваленттеринин отчеттук мезгил ичиндеги жылышы жөнүндө маалыматтар операциялык, инвестициялык же финансылык ишкердик боюнча классификацияланып сунушталууга тийиш.  

46. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто кассалык маанидеги көбөйүү жана белгилүү бир мезгилдин баш жагына жана акырына карата акчалай наркка теңдештирилген каражаттар көрсөтүлүүгө тийиш.  

47. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто транзакциялар жана төлөөнү талап кылбаган же акча каражаттарынын же нак акчага теңештирилген каражаттардын түшүүсүн шарттабаган суммаларды чегерүү чагылдырылууга тийиш (мисалы, акционерлер ортосунда бөлүштүрүү үчүн каралган дивиденддерди же активдерди БФКМдин акциясындагы үлүш ордуна сатып алуу). 

48. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетко карата мындай отчетту даярдоо үчүн негиз катары пайдаланылган, акча каражаттарынын компоненттери жана акча каражаттарына теңештирилген каражаттарга тиешелүү БФКМдин саясаты сунушталууга тийиш. 

  

8-глава. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу отчет 

  

49. БФКМ төмөнкүлөр чагылдырылган капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту сунуштоого тийиш: 

1) төлөнгөн капитал, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн камдар жана БФКМдин өз каалоосу боюнча түзүлгөн камдар өзүнчө жана мүмкүн болгон шартта акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайда суммасын өзүнчө сунуштоо менен отчеттук мезгилдин баш жагындагы күнгө карата бөлүштүрүлбөгөн пайда; 

2) капиталга тиешелүү операциялар жана отчеттук мезгил ичинде БФКМ тарабынан жүргүзүлгөн бөлүштүрүүлөр; 

3) отчеттук мезгил ичинде таза пайда (чыгым); 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык отчеттук мезгил ичинде БФКМ тарабынан түзүлгөн камдардын көбөйүүсү (кыскаруусу). 

50. БФКМдин бөлүштүрүлбөгөн пайда жөнүндө маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) пайдаланууга мүмкүн болгон учурларда, акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө көрсөтүү менен бир мезгилдин баш жагында катталган бөлүштүрүлбөгөн пайда; 

2) отчеттук мезгил ичинде таза пайда (чыгым); 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык отчеттук мезгил ичинде БФКМ тарабынан түзүлгөн камдарга чегерүүлөр; 

4) отчеттук мезгил ичинде акционерлерге/катышуучуларга тиешелүү суммалар; 

5) пайдаланууга мүмкүн болгон учурларда, акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө көрсөтүү менен отчеттук мезгилдин акырында катталган бөлүштүрүлбөгөн пайда. 

  

9-глава. Эсептик саясат жана түшүндүрмө кат (толук маалымат берүү

  

51. БФКМдин финансылык отчетуна карата түшүндүрмө каттын (чечмелөөдө) эсептик саясат бөлүмүндө төмөнкүлөр каралууга тийиш:  

1) эсептик саясаттын аныктамасы, ал өзүнө БФКМ тарабынан финансылык отчетторду даярдоодо жана жарыялоодо кабыл алынган, эсепке алуунун принциптерин, негиздерди, эрежелерди жана ыкмаларды камтыйт;   

2) финансылык отчетторду даярдоого жана жарыялоого колдонулган, эсептин олуттуу саясатын так жана кыскача сүрөттөө;   

3) финансылык отчетко карата эскертүүдө бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптерин сунуштоо ыкмалары;   

4) белгилүү бир транзакциялардын жана окуялардын мурдагы жөнөкөй транзакциялар менен окуяларга салыштырганда айырмаланышы мүмкүн болгондуктан, жаңы эсептик саясатты кабыл алуу;   

5) биринчи ирет түптөлгөн же мурда болгон, бирок анчалык олуттуу эмес транзакциялар жана окуялар үчүн жаңы эсептик саясатты кабыл алуу;  

6) өткөн мезгилдин финансылык отчетунун статьялардын классификациясына салыштырганда, өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетторунун пункттарынын классифиациясына өзгөртүүлөр;   

7) БФКМ тарабынан инвестициялардан түшкөн пайданы инвестицияларга өз акча каражаттары менен катышкан же катышпаган мудариб же инвестициялык менеджер катары инвестициялык эсеп ээлери менен БФКМдин ортосунда бөлүштүрүү үчүн колдонулган ыкмаларды сунуштоо. 

52. Эсептик саясатта өзгөртүүлөр, анын ичинде күндөлүк же өткөн мезгилдердеги финансылык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизбеген же мындай таасирлер келечекте болушу мүмкүн болгон өзгөртүүлөр  сунушталууга тийиш. 

53. Эсептик саясатка өзгөртүүлөр киргизилген шартта, жаңы саясат ретроспективдүү колдонулат, б.а БФКМ жаңы эсептик ченди акыркы мезгилдер үчүн финансылык отчетту түзүү менен өткөн мезгилдердеги салыштырма маалыматтарга карата колдонууга тийиш. 

54. БФКМдин финансылык отчеттуна карата түшүндүрмө катта жарыяланган финансылык отчетто көрсөтүлбөгөн төмөнкүдөй маалымат чагылдырылууга тийиш: 

1) БФКМдин аталышы;   

2) каттоодон өткөн өлкө;   

3) түзүлгөн күнү жана уюштуруу-укуктук формасы; 

4) мекеме иш алып барган ар бир өлкөдөгү башкы офисинин жана анын туунду компанияларынын жайгашкан дареги; 

5) БФКМдин ишкердик түрү жана уставда каралган негизги банктык кызмат көрсөтүүлөрү

6) алардын финансылык отчету БФКМдин отчету менен бириктирилбеген БФКМдин туунду компанияларынын аталышы, алар каттоодон өткөн өлкө, БФКМдин ар бир туунду уюмда катышуу үлүшү, ишкердик түрү жана алардын финансылык отчетторун жыйынтыкталган финансылык отчетордон алып салуу себептери; 

7) БФКМдин башкаруу компаниясынын аталышы, ошондой эле эгерде болгон болсо, анын филиалдарынын аталышы; 

8) Шариат кеңешинин БФКМдин ишинде ролу жана анын ыйгарым укуктары; 

9) БФКМ каттоодон өткөн өлкөнүн же анын филиалы иш алып барган башка өлкөлөрдүн салык алуу эрежелери. Эгерде БФКМ каттоодон өткөн өлкөдө жана башка өлкөлөрдө жеңилдиктерге ээ болсо, жеңилдик берилген мезгил аралыгын жана ошол жеңилдиктер колдонулуучу калган мөөнөт көрсөтүлүүгө тийиш.  

55. Финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат (чечмелөө) системалаштырылган түрдө сунушталууга тийиш, Пайда жана чыгым жөнүндө отчеттун, Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал тууралуу отчеттун жана Акча каражаттарынын жылышы тууралуу отчеттун ар бир беренеси боюнча ага тиешелүү кайсы болбосун маалымат боюнча шилтемелер келтирилүүгө тийиш. 

56. Өткөн мезгилдер үчүн финансылык отчеттордогу катачылыктар, эгер болгон болсо, бүтүндөй өткөн мезгилдер үчүн жаңы финансылык отчетту түзүү аркылуу оңдолууга тийиш. 

Биринчи мезгилдин башталышында бөлүштүрүлбөгөн пайда сунушталбаган, бирок жаңылыштык менен каралган мезгилдерге да каталарды оңдоонун суммардык таасирин чагылдыруу үчүн корректировкаланууга тийиш. 

57. Кошумча маалыматты чечмелөө диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин жана мурдагы жана отчеттук мезгилдер үчүн маалыматтардын көчүрмөлөрүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.  

58. БФКМдин финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдө төмөнкүдөй маалымат чагылдырылууга тийиш:   

1) Кыргыз Республикасындагы «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарында аныкталган БФКМдин кызмат адамдары тууралуу;  

2) БФКМдин кызмат адамдарынын туугандары жөнүндө;   

3) БФКМге тике же кыйыр түрдө ээлик кылган же ишин тескеген кайчы болбосун жеке адам же юридикалык жак;  

4) БФКМдин туунду жана/же караштуу компаниялары жана башка филиалдары тууралуу;  

5) AAOIFI стандарттарына ылайык отчеттук мезгил ичинде түзүлгөн, эгер мындай болгон болсо, зекет фондун, карт фондун, түзүү жана колдонуу булактары жөнүндө

 

10-глава. «Ислам терезесине» ээ микрофинсылык уюмдардын отчету 

 

59. «Ислам терезесине» ээ микрофинансылык уюмдар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту түзүүгө жана аны компаниянын консолидацияланган финансылык отчетуна тиркөө аркылуу сунуштого тийиш. 

60. «Ислам терезесине» микрофинансылык уюмдардын, анын Директорлор кеңеши жана Шариат кеңеши тарабынан бекитилген эсептик саясаты  өз курамына микрофинансылык уюмдардын «ислам терезесинин» финансылык отчетун түзүү тратибин камтууга тийиш. 

61. «Ислам терезесине» ээ микрофинансылык уюмдардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялары боюнча сунушталган кошумча (өзүнчө) финансылык отчету төмөнкү отчеттордон турат:  

- отчеттук мезгилдин акыркы иш күнүнө карата бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма, ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык сунушталууга тийиш); 

- пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма, ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык сунушталууга тийиш); 

- түшүндүрмө кат (толук маалымат берүү); 

- эсептик саясат; 

- Шариат кеңешинин корутундусу (№5 форма, ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык сунушталууга тийиш). 

Финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат кыскача жана түшүнүктүү болууга, ошондой эле анда зарыл учурда финансылык отчеттун тиешелүү статьяларына карата шилтемелер келтирилүүгө тийиш. Финансылык отчетко тиркелген түшүндүрмө кат анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Шариат кеңешинин корутундусунда отчеттук  мезгил ичинде Шариат принциптерине ылайык операциялардын ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалымат камтылууга тийиш. 

 

 

 

 

 

 

«Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, ошондой эле «ислам терезесине» ээ жүзөгө ашырган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалыматты сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме    

 

№ 1  форма  

 

20__-жылдын _________ карата Финансылык абал жөнүндө отчет    __________________________________________________________________ 

(финансы-кредит мекемесинин аталышы жана жайгашкан орду) 

 

 

 

 

мин сом 

  

Статьянын аталышы 

Бардыгы болуп 

Чет өлкө валютасы 

А. Активдер 

1. 

Акча каражаттары 

  

  

  

анын ичинде чет өлкө валютасында 

  

  

2. 

Улуттук банктагы эсеп 

  

  

3. 

Башка банктардагы жана финансы мекемелериндеги эсептешүү эсептери 

  

  

4. 

Башка банктардагы жана финансы мекемелердеги эсептер: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) кард хасан келишими боюнча 

  

  

5. 

Баалуу кагаздар 

  

  

6. 

банктарга жана финансы-кредит мекемелерге сунушталган каржылоо: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча  

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

  

ж) кард хасан келишими боюнча 

  

  

7. 

Башка кардарларга сунушталган каржылоо 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча  

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

  

ж) кард хасан келишими боюнча 

  

  

8. 

МИНУС: Атайын РППУ 

  

  

9. 

Таза каржылоо (6 -берене +7-8 -беренелер) 

  

  

10. 

Андан ары кардарларга берүү үчүн активдер/инвентарь: 

  

  

  

а) кыймылсыз мүлк 

  

  

  

б) кыймылдуу мүлк 

  

  

11. 

Негизги каражаттар, анын ичинде 

  

  

  

a) жер жана имарат 

  

  

  

б) жана башка негизги каражаттар 

  

  

12. 

Жана башак менчик 

  

  

  

a) кардардын алынган каржылоонун ордун жабуу үчүн кабыл алынган кыймылсыз мүлкү 

  

  

  

б) кардардын сунушталган каржылоонун ордун жабуу үчүн кабыл алынган жана башка менчиги 

  

  

13. 

Консолидацияланбаган компанияга капитал салуу 

  

  

  

а) банктар жана финансы-кредит мекемелери 

  

  

  

б) башка финансы мекемелери 

  

  

  

в) финансылык эмес мекемелер 

  

  

14. 

Жана башка активдер 

  

  

15. 

БАРДЫГЫ БОЛУП: АКТИВДЕР 

  

  

Б. Милдеттер 

16. 

Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

17. 

Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

18. 

Алынган каржылоо: 

  

  

  

а) Кыргыз Республикасынын банктарынан 

  

  

  

б) Кыргыз Республикасынын башка ФКМдеринен 

  

  

  

в) эл аралык финансы уюмдарынан жана донорлордон 

  

  

  

г) эл аралык ФКМдерден 

  

  

  

д) мамлекеттик бийлик органдарынан 

  

  

19. 

МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алган каражаттары 

  

  

  

а) Уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан МФКга сунушталган каржылоо 

  

  

  

б) Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан МФКга сунушталган каржылоо 

  

  

20. 

Шарттуу гранттар 

  

  

21. 

анын ичинде чет өлкө валютасында 

  

  

22. 

Жана башка милдеттенмелер 

  

  

23. 

БАРДЫГЫ БОЛУП: МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР 

  

  

В. Капитал 

24. 

Акционердик капитал: 

  

  

  

a) жөнөкөй акциялар (толугу менен төлөнгөн уставдык капитал) 

  

  

  

б) артыкчылык берилген акциялар 

  

  

  

в) номиналдан үстөк салынган капитал  

  

  

  

г) жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошмча капитал 

  

  

  

д) бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым): 

  

  

  

д1) өткөн мезгилдердеги пайда (чыгым)  

  

  

  

д2) өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгым) 

  

  

  

е) келечектеги керектөөлөргө кам 

  

  

25. 

Жалдпы камдар, анын ичинде:  

  

  

  

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам 

  

  

  

б) баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам 

  

  

  

в) каржылоо боюнча жалпы РППУ  

  

  

  

г) башка активдер боюнча жалпы РППУ  

  

  

  

д) башка жалпы камдар 

  

  

26. 

Пайданы текшилөөгө кам 

  

  

27. 

Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам 

  

  

28. 

Консолидацияланбаган компаниялардын капитал салуусу 

  

  

29. 

БАРДЫГЫ БОЛУП: КАПИТАЛ 

  

  

30. 

БАРДЫГЫ БОЛУП КАПИТАЛ ЖАНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР 

  

  

 

Башкарманын Төрагасы (Башчысы) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

«Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, ошондой эле «ислам терезесине» ээ жүзөгө ашырган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалыматты сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме 

№ 2 форма  

20__ -жылдын ___________ карата Пайда жана чыгым жөнүндө отчет 

 

________________________________________________________________ 

(финансы-кредит мекемесинин аталышы жана жайгашкан орду) 

 

миң сом 

A. Операциялар боюнча алынган кирешелер 

учурдагы мезгил 

жыл башынан тартып  

1. 

Коммерциялык банктардын эсептеринде жайгаштырылган, акча каражаттары боюнча кирешелер 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) кард хасан келишими боюнча 

  

  

2. 

Баалуу кагаздар боюнча кирешелер 

  

  

3. 

Финансыкредит мекемелерге сунушталган каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в шарика/мушарака келишими боюнча  

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

4. 

Башка кардарларга сунушталган каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча  

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

5. 

Каржылоо операцияларынан алынган жана башка кирешелер 

  

  

6. 

Бардыгы болуп 

  

  

Б. Операциялар боюнча чыгашалар 

7. 

Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалар 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

8. 

Жеке адамдардын мөөнөттүү эсеетери боюнча чыгашалар 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

9. 

Банктардан алынган каржылоо боюнча  

  

  

10. 

Башка финансы институттардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар 

  

  

11. 

Эл аралык финансы институттарынан (башка каржылоо булактарынан) 

  

  

12. 

Жана башка чыгашалар 

  

  

13. 

Бардыгы болуп 

  

  

14. 

Операциялардан таза киреше 

  

  

15. 

РППУ 

  

  

16. 

РППУга чегерүүлөрдөн кийин таза киреше 

  

  

В. Операциялар боюнча жана башка кирешелер  

17. 

Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык төлөмдөр жана төлөөлөр 

  

  

18. 

Курстук айырмадан киреше/чыгаша 

  

  

19. 

Агенттик банкинг боюнча алынган кирешелер 

  

  

20. 

Капиталга жана акцияларга, анын ичинде туунду жана ассоциацияланган компанияларга салымдардан киреше/дивиденддер 

  

  

21. 

Жана башка кирешелер 

  

  

22. 

Бардыгы болуп 

  

  

Г. Операциялар боюнча жана башка чыгашалар 

  

  

23. 

Адистердинкызмат көрсөтүүлөрүнө жана банктык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чыгашалар 

  

  

24. 

Жана башка чыгашалар 

  

  

25. 

Бардыгы болуп 

  

  

Д. Операциялык жана административдик чыгашалар жана зекетке жана кайрымдуулукка чыгашалаор 

26. 

Персоналдын эмгек акысына жана башка чыгашалары 

  

  

  

a) эмгек акы жана жөлөк пул 

  

  

  

б) жана башка төлөөлөр жана субсидиялар 

  

  

  

в) Соцфондго төлөөлөр 

  

  

27. 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө гонорарлар 

  

  

28. 

Менчикке салыкты кошо алганда, негизги каражатка жана башка чыгашалар 

  

  

  

a) ижара төлөмү 

  

  

  

б) коммуналдык кызматтар 

  

  

  

в) амортизацияга чыгашалар 

  

  

  

г) жана башка чыгашалар 

  

  

  

д) менчикке салык 

  

  

29. 

Салыктар 

  

  

30. 

Такафул 

  

  

31. 

Жана башка операциялык жана административдик чыгашалар 

  

  

32. 

Бардыгы болуп: операциялык чыгашалар 

  

  

33. 

Бардыгы болуп: операциялык киреше (чыгым) 

  

  

34. 

Орун алышы ыктымал болгорн жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (каржылоо операцияларынан эмес) ордун жабууга камдар  

  

  

35. 

Таза операциялык киреше (чыгым) 

  

  

36. 

Зекетке жана кайрымдуулукка чыгаша 

  

  

37. 

Пайдага салык 

  

  

38. 

Таза пайда (чыгым) 

  

  

 

Башкарманын Төрагасы (Башчысы) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

«Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, ошондой эле «ислам терезесине» ээ жүзөгө ашырган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалыматты сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобого карата 3-тиркеме 

 

 

№ 3 форма  

 

20__ -жылдын ___________ карата Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

 

__________________________________________________________________ 

(финансы-кредит мекемесинин аталышы жана жайгашкан орду) 

 

 

 

 

миң сом 

№ 

Статьянын аталышы 

20XX-жылдын отчеттук мезгили 

20YY-жылдын өткөн мезгили 

  

Операциялык ишкердиктен түшкөн акча каражаттардын жылышы: 

  

  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардан алынган, кошумчаланган баа 

  

  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган, каражаттар боюнча төлөнгөн пайда үлүшү 

  

  

Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше жана алынган комиссиялык төлөмдөр 

  

  

Чет өлкө валютасы менен операциялардан түшкөн таза төлөөлөр 

  

  

Чет өлкө валютасы менен операциялардан таза пайда 

  

  

Ал боюнча өзгөрүүлөр пайда же чыгым курамында чагылдырылган, адилет нарк боюнча баа берилген, финансылык инструменттер менен операциялардан алынган таза киреше  

  

  

Кызмат көрсөтүүлөргө чыгаша жана төлөнгөн комиссиялык төлөмдөр 

  

  

Башка кирешелер 

  

  

Кызматкерлерге эмгек акы жана сый акы 

  

  

10 

Административдик чыгашалар  

  

  

  

Операциялык активдердин жана милдеттенмелердин өзгөрүүсү  

  

  

11 

Кардарларга ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каражаттар 

  

  

12 

Дебитордук карыз  

  

  

13 

Башка активдер 

  

  

14 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган каражаттар 

  

  

15 

Башка милдеттенмелер  

  

  

16 

Операциялык ишкердиктен тартып салык алууга чейинки акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү  

  

  

17 

Төлөнгөн, сатуудан салык 

  

  

18 

Операциялык ишкердиктен акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү  

  

  

  

Инвестициялык ишкердиктен акча каражаттарынын жылышы: 

  

  

19 

Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатып алуу 

  

  

20 

Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатуу 

  

  

21 

Инвестициялык ишкердиктен акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү  

  

  

  

Финансылык ишкердиктен акча каражаттарынын жылышы: 

  

  

22 

Төлөнгөн дивиденддер 

  

  

23 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган каражаттардын түшүүсү  

  

  

24 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган каражаттардын ордун жабуу  

  

  

25 

Финансылык ишкердиктен акча каражаттарынын таза агылып кириши/агылып чыгышы 

  

  

26 

Алмашуу курсунун өзгөрүшүнүн акча каражаттарына жана алардын эквиваленттерине таасири 

  

  

27 

Акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин таза көбөйүшү (азайышы) 

  

  

28 

Жыл башына карата акча каражаттары жана алардын эквиваленттери 

  

  

29 

Жыл акырына карата акча каражаттары жана алардын эквиваленттери 

  

  

 

Башкарманын Төрагасы (Башчысы) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

«Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, ошондой эле «ислам терезесине» ээ жүзөгө ашырган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалыматты сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобого карата 4-тиркеме 

№ 4 форма  

20__ -жылдын ___________ карата Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу отчет 

__________________________________________________________________ 

(финансы-кредит мекемесинин аталышы жана жайгашкан орду) 

 

 

миң сом 

№ 

Статьянын аталышы 

20XX-жылдын отчеттук мезгили 

20YY-жылдын өткөн мезгили 

  

Уставдык капитал 

  

  

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

Отчеттук мезгил ичинде көбөйүү 

  

  

Отчеттук мезгил ичинде азайуу 

  

  

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

Номиналдын үстөк салынган капитал 

  

  

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

Акцияларды чыгаруудан үстөк капитал 

  

  

Башка өзгөрүүлөр 

  

  

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

  

Бөлүштүрүлбөгөн пайда 

  

  

10 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

11 

Акыркы отчеттук мезгилде алынган пайда (чыгым) 

  

  

12 

Акыркы отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча жарыяланган дивиденддер акча каражаттары түрүндө  

  

  

13 

Башка өзгөрүүлөр 

  

  

14 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

15 

Келечекте керектөө үчүн кам 

  

  

16 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

17 

Келечекте керектөө үчүн камдын башка жылыштары 

  

  

18 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

  

Активдерди кайра баалоо боюнча кам 

  

  

19 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

20 

Отчеттук мезгил ичинде негизги каражаттарды кайра баалоо жыйынтыктары 

  

  

21 

Негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдын башка жылышы 

  

  

22 

Отчеттук мезгилде баалуу кагаздарды кайра баалоо жыйынтыктары 

  

  

23 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

24 

Бардыгы болуп: капитал 

  

  

Башкарманын Төрагасы (Башчысы) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

«Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, ошондой эле «ислам терезесине» ээ жүзөгө ашырган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалыматты сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобого карата 5-тиркеме    

№ 5 форма  

Шариат кеңешинин корутундусу (үлгү

Биз, (аты-жөнү), … (аты-жөнү), …., Шариат кеңешинин мүчөсү/компаниянын келишимине ылайык кызматтарды сунуштоочулардан болуу менен, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан компаниялардын операциялары ___________ жылы Шариат принциптерине ылайык жүргүзүлгөндүгүн тастыктайбыз. 

  

Шариат Кеңешинин атынан:  

(аты-жөнү) _________________________  

(аты-жөнү) _________________________  

 …………………………… …………………………………  

 Бишкек ш. 

үнү)