Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

20__-жылдын __- ______№__/_  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 1.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.3. Ушул жобонун талаптары 1.2-пунктунун 1.2.1-пунктчасы камтыган аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларга гана таркатылат. Коммерциялык банктарга асыл таштар жана баалуу металлдардын башка формалары менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилбейт.»; 

- 2.1-пунктунда 

- биринчи абзацында «атайы» деген сөз «кошумча» деген сөзгө өзгөрүлсүн; 

- бешинчи абзац алынып салынсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин: 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Бул документте колдонулган негизги түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген. Баа берүүнүн негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандарттарында аныкталган. 

Мында, ушул Тартиптин алкагында: 

Күрөө - бул, менчикке укуктун же мүлккө башка буюм укугунун күрөөсү астында, акчалай же акча формасында туюндурулган милдеттенменин аткарылышын камсыздоо ыкмасы. 

Адилет нарк - эсептелинген акчалай сумма, ал аркылуу сатып алууга даяр сатып алуучу менен сатууга даяр сатуучунун ортосунда, тиешелүү маркетингден кийин коммерциялык бүтүмдүн негизинде мүлктү алмашуу ишке ашырылат. Бүтүмгө келишүү учурунда ар бир тарап компетенттүү, эсептөөлөрдүн негизинде жана эч кандай мажбурлоосуз иш алып барат. 

Жоюу наркы - бул талаптагыдай маркетинг жана жарнамалоосуз эле, кыска мөөнөт ичинде активди сатып өткөрүүдөн реалдуу алынышы мүмкүн болгон активдин наркы. 

Баалуу металлдар - ар кандай түрдөгү жана абалдагы: сырьедогу, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, буюмдардагы, металл сыныктарындагы жана алардын калдыктарындагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий , иридий, радий, рутений, осмий).»; 

- 14-пунктунда: 

биринчи абзацында «жүгүртүүдөгү товарлар» деген сөздөрдөн кийин «жана баалуу металлдар» деген создөр менен толукталсын; 

б)-пунктчасында «жүгүртүүдөгү товарлар» деген сөздөрдөн кийин «жана баалуу металлдар» деген создөр менен толукталсын. 

- 15-пунктунда «жүгүртүүдөгү товарлар» деген сөздөрдөн кийин «жана баалуу металлдар» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 17-пунктунда 4-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кыймылдуу мулккө баа берүү стандарты;»; 

- 19-пунктунда: 

биринчи абзацта «эсептеринде жайгаштырылган» деген сөздөрдөн кийин «баалуу металлдар жана» деген сөздөр менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Баалуу металлдар түрүндө камсыздоонун наркын баалаганда анын көркөм баалуулугу, асыл жана башка таштар эсепке алынбайт, баалоодо ылгый гана баалуу металл өзү эсепке алынат.» 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 «Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобонун 

- 12-тиркемеде 1-пуктунун 1.4 пунктчасы алынып салынсын.