Долбоор  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы №19/11 "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" Нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы №19/11 "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" Нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" Нускоонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1. Нускоо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензия-уруксат берүү иши жөнүндө", "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттерди көрүү жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан"; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2. Нускоодо төмөнкү иш түрлөрүн жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары-Улуттук банк) лицензиясына ээ төлөм уюмдарынын жана төлөм системалары операторлорунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттарын, алардын түрлөрүн жана тартибин аныктайт: 

- өз иш жыйынтыгынан болуп саналбаган товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана төлөмдөрдү өткөрүүнүн электрондук каражаттарына жана ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу, үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо; 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системаларынын катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо."; 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3. Улуттук банктын көзөмөлдүккө алынган уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдүк кылуу боюнча иши өзүнө инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле көзөмөлдүккө алынган уюм тарабынан ушул талаптардын бузулушунда таасир этүү чараларын колдонууну камтыйт.  

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"4. Көзөмөлдүккө алынган уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдүк (оверсайт) Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иш коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн уюштурулат жана жүзөгө ашырылат."; 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5. Инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда өз функцияларын (оверсайт) натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн көзөмөлдүккө алынган уюмдун, анын ичинде агенттеринин ишине тиешелүү кайсы болбосун маалыматты жана алардын талап кылууга жана алууга, ошондой эле алынган маалыматты чечмелеп берүүнү талап кылууга укуктуу."; 

 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"6. Улуттук банктын көзөмөлдүккө алынган уюмдар менен өз ара иш жүргүзүүсү жана маалымат алмашуусу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетту кароо учурунда расмий сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар түрүндө жана башка кат жүзүндөгү документтерди сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылат"; 

- 7-пункттун 4-абзацы "ченемдик" деген сөздөн кийин "укуктук" деген сөз менен жана бешинчи абзацы "финансылык" деген сөздөн кийин "жана башка" деген, ошондой эле алтынчы абзацта "санкцияларды" деген сөз "таасир этүү чараларын" деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 2-глава төмөнкү мазмундагы 7-1 пункт менен толукталсын: 

"7-1. Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле аларды жүргүзүүгө жолдомолорго кол коюу укугуна ээ кызмат адамдарына төмөнкүлөр кирет: 

- Улуттук банктын Төрагасы же анын ордун алмаштыруучу адам; 

- Улуттук банк Башкармасынын төлөм системасынын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескеген мүчөсү же анын ордун алмаштыруучу адам; 

өзөмөлдүккө алынган уюмдун жайгашкан жери боюнча Улуттук банктын областтык башкармалыгынын жетекчиси же анын ордун алмаштырган адам". 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"8. Инспектордук текшерүүлөр коюлган тапшырмага жараша комплекстүү жана максаттуу болушу мүмкүн. 

Комплекстүү текшерүү көзөмөлгө алынуучу уюмдун жалпы финансылык абалын, менеджмент сапатын аныктайт, ошондой эле көзөмөлгө алынуучу уюмдун анын бекемдигине жана туруктуулугуна кесепетин тийгизе турган тобокелдиктерди, кемчиликтерди жана алсыз жактарын аныктайт.  

Максаттуу текшерүүдө көзөмөлгө алынуучу уюмдун бир же бир нече иш түрлөрүн текшерүү каралган (мисалы, процессинг, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу, электрондук акчалар ж.б.)."; 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин; 

- 3-глава төмөнкү мазмундагы 9-1 пункт менен толукталсын: 

"9-1. Маалымдоо тартибине жараша текшерүү пландуу (төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторлоруна алдын ала маалымдоо менен) жана күтүүсүз (алдыдагы текшерүү тууралуу алдын ала маалымдабастан)."; 

-10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин; 

- 3-глава төмөнкү мазмундагы 10-1 пункт менен толуталсын: 

"10-1. Максаттуу текшерүүлөр күтүүсүз мүнөзгө ээ. Текшерүү күтүүсүз жүргүзүлгөн шартта текшерүү үчүн жолдомо көзөмөлгө алынуучу уюмга инспекторлор тобу келген учурда берилет..";  

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин; 

"11. Күтүүсүз инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү Улуттук банктын Төрагасынын же төлөм системаларынын ишин жөнгө салган, көзөмөлдөгөн жана контролдогон функцияларды жүзөгө ашырган Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн ишин түздөн түз тескөөгө алган Башкарманын мүчөсүнүн же төмөнкү учурларда алардын ордун алмаштырган адамдын чечими менен жүзөгө ашырылат, эгерде: 

- төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүнүн үзгүлтүккө учурагандыгы аныкталса ; 

- көзөлгө алынуучу уюм тарабынан жүргүзүлгөн иште алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер ишке ашырылган фактылар орун алса ; 

- сунушталган отчеттун негизинде көзөмөлгө алынуучу уюмдун финансылык абалынын начарлоосуна алып келиши мүмкүн болгон алгылыксыз тенденциялар аныкталса; 

- көзөмөлгө алынуучу уюмдун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келген жагдайлар аныкталса; 

- Улуттук банктын талаптары жана/же чечимдер аткарылбаса."; 

- 4-глава күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"15. Улуттук банк көзөмөлгө алынуучу уюмдарга пландаштырылган инспектордук текшерүүлөрдү Улуттук банк Башкармасынын төлөм системасынын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан бекитилген көзөмөлгө алынуучу уюмдарга инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү планына ылайык кеминде эки жылда бир жолу жүргүзөт. "; 

- 5-глава төмөнкү мазмундагы 15-1 пункт менен толукталсын: 

"15-1. Текшерүү боюнча топ төлөм уюмдарынын агенттеринин ишине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. Бул учурда лицензиат текшерүүчү топтун маалымат алуусуна жана жайларга, системаларга кирүүсүнө жана агенттин жазууларынан пайдалануусуна көмөк көрсөтүүгө тийиш"; 

- 16-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Пландаштырылган инспектордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн кеминде 2 адамдан турган текшерүү тобу түзүлөт, ага Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана/же Улуттук банктык башкармалыктарынын өкүлдөрү жана текшерүү тобунун мүчөлөрү (мындан ары- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) киришет. Улуттук банктын ыйгарым укук чегерилген өкүлдөрүнүн көзөмөлгө алынуучу уюмга инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарын тастыктоочу документке (мындан ары- текшерүүгө жолдомо) Улуттук банктын кызмат адамынын колу коюлат жана ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилет."; 

- 5-глава төмөнкү мазмундагы 18-1 пункт менен толукталсын: 

"18-1. Зарылчылык келип чыккан шартта, Улуттук банктын Төрагасынын (же анын ордун алмаштыруучу адамдын) же Улуттук банк Башкармасынын төлөм системаларынын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнүн (же анын ордун алмаштыруучу адамдын) чечими боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү 10 жумуш күнүнө чейин узартылышы мүмкүн"; 

- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"19. Текшерүүгө жолдомо ушул Нускоонун 1-тиркемесине ылайык Улуттук банк тарабынан эки нускада таризделип, ушул Нускоонун 7-1-пунктунда көрсөтүлгөн Улуттук банктын кызмат адамынын колу коюлат"; 

- 20 жана 22-пункта "инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" деген сөздөр "текшерүү" деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 23- пункт күчүн жоготкон ктары таанылсын 

- 24 пункта "жумушчу" деген сөз "текшерүү боюнча" деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 25-пункттагы "инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" деген сөздөр "текшерүү" деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 26-пункта "алмашылган" деген сөздөрдөн кийин "/толукталган" деген сөзгө жана "инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" деген сөздөр "текшерүү" деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 29 пункта "жумушчу" деген сөз "текшерүү боюнча" деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 32- пункт күчүн жоготкон ктары таанылсын; 

- 33 -пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Тапшырманы аткаруу учурунда Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (текшерүү тобунун мүчөлөрү) текшерүү учурунда келип чыккан маселелер боюнча, жетекчиликке алдын-ала маалымдоосуз түздөн-түз аткаруучу менен талкуулашат."; 

- 35-пункта "жумушчу топтун" деген сөздөр "текшерүүнүн" деген сөзгө, "жумушчу" деген сөз "текшерүүчү" дегенге алмаштырылсын ; 

- 36-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

" Инспектордук текшерүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө каршылык көрсөтүү жөнүндө актыда катталган каршылык көрсөтүү фактылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, көзөмөлгө алынуучу уюмга карата таасир этүү чараларын колдонууга негиз болуп саналат."; 

- 37-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүүнүн жетекчиси көзөмөлгө алынуучу уюмдун кызмат адамдары менен (же анын милдетин аткаруучу адам менен) жолугушуу өткөрүлүп, мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына таянуу менен аныкталган кемчиликтерди текшерүүнүн алдын ала натыйжалары туралуу маалымдоо жана милдеттүү түрдө аткарылуучу тыянактарды, талаптарды жана жазма буйруулардын долбоорлорун талкуулоо үчүн уюштурулат. Бул жолугушуунун жүрүшүндө көзөмөлгө алынуучу уюмга текшерүү боюнча топтун мүчөлөрү тарабынан көзөмөлгө алынуучу уюмдун ишинин текшерилүүчү участкасы боюнча айтылган тиги же бул маселелерге тиешелүү өз комментарийлерин жана түшүндүрмөлөрүн берүү мүмкүнчүлүгү сунушталат"; 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча алдын ала натыйжалардын негизинде кыска протокол түзүлүп, ага жолугушуу өткөрүлгөн учурдан тартып беш жумуш күнү ичинде кол коюлууга тийиш. Көзөмөлгө алынуучу уюм жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол койгондон баш тарткан учурда Улуттук банкка кол коюдан баш тартуунун негизин көрсөтүү менен кат жөнөтүлөт.  

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Текшерүүнүн жетекчиси тарабынан текшерүү аяктаган учурдан тартып 15 жумуш күнү ичинде текшерүүнүн тыянактарын жана натыйжаларын талкуулоо үчүн көзөмөлгө алынуучу уюмдун жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу уюштурулууга тийиш. жолугушууга Улуттук банктын төлөм системасынын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдооо функцияларын жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги, зарылчылык келип чыккан шартта- Улуттук банк Башкармасынын бул түзүмдүк бөлүмдүн ишин тескөөгө алган мүчөсү катышуусу зарыл"; 

- 40-пункта "жумушчу" деген сөз "текшерүү боюнча" дегенге алмаштырылсын; 

43-пунктагы "Жолугушуунун жүрүшүндө" деген сөздөр "Жыйынтыкталган жолугушуудан кийинки 5 жумуш күнү ичинде" деген сөздэргө алмаштырылсын.  

- 7-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"7. Инспектордук текшерүү жөнүндө";  

- 44 пункттан "инспектордук текшерүүлөр" деген сөз алынып салынсын;  

- 45, 46 жана 47-пункттарда " инспектордук текшерүүлөр" деген сөз " инспектордук текшерүүлөр жөнүндө" дегенге алмаштырылсын; 

- 48 жана 49 пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 50-пунктта "инспектордук текшерүүлөр" деген сөздөр "инспектордук текшерүүлөр жөнүндө" дегенге, "текшерүү жөнүндө отчет" деген сөз "инспектордук текшерүүлөр жөнүндө отчет" дегенге алмаштырылсын; 

- 51-пункта "инспектордук текшерүүлөр" деген сөздөр "инспектордук текшерүүлөр жөнүндө" дегенге, "жумушчу топтун" деген сөз "текшерүү" деген сөзгө жана "жумушчу" деген сөз "текшерүү боюнча" дегенге алмаштырылсын; 

- 52 пунктта "инспектордук текшерүүлөр" деген сөздөр "инспектордук текшерүүлөр жөнүндө" дегенге алмаштырылсын. 

- 53- пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

өзөмөлгө алынуучу уюмдун ишинде кемчиликтер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүүлөр аныкталган шартта, текшерүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлгө алынуучу уюмга карата таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу көрсөтмө даярдашат"; 

- 54-пунктта "тиги же бул эскертүү чараларын" деген сөздөр "эскертүүлөр" дегенге жана "жана санкцияларды" деген сөз "таасир этүү чараларын" дегенге алмаштырылсын;  

- 55-пунктта "инспектордук текшерүүлөрдү чапталган түрдөгү" деген сөздөр "инспектордук текшерүүлөр жөнүндө" дегенге жана "текшерүү аяктагандан тартып 15 жумуш күнүнөн" деген сөздөр "көзөмөлгө алынуучу уюм менен жыйынтыкталган жолугушуу жүргүзүлгөн учурдан тартып 10 жумуш күнү" дегенге алмаштырылсын;  

- 56-пункттун экинчи абзацында "аткаруучу органы" жана "инспектордук текшерүүнүн отчетун кылдат иликтөө зарыл" дегенге жана акыркы абзацындагы "инспектордук текшерүүлөр" деген сөздөр "инспектордук текшерүүлөр жөнүндө" дегенге" алмаштырылсын; 

- 10-глава күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 9-глава төмөнкү мазмундагы 63-пункт менен толукталсын: 

"Инспектордук текшерүүлөр жөнүндө отчетко даттанууга болбойт."; 

- 9-глава төмөнкү мазмундагы 64-пункт менен толукталсын: 

"Таасир этүү чаралары Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык көзөмөлдүккө алынуучу уюм тарабынан даттанылышы мүмкүн."; 

- Нускоонун 1,2 3-тиркемелери төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

1-тиркеме 

ЖОЛДОМО  

_____________________________________ 

________________________________________ишин текшерүүгө 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун толук аталышы ) 

Муну менен төмөнкү кызматкерлер : 

1. ________________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

2. ________________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

3. ________________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

4. ________________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

5. ________________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

20____жылдын “____” ____________ тартып _____жумуш күнү мөөнөтүнө ______________________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлүшөт.  

Текшерүү учурунда күтүүсүз жагдайлар келип чыккан шартта, текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн. 

текшерүү программасына төмөнкү багыттар жана маселелер камтылат: 

__________________________________________________________________________ 

__________________________________________________________________________ 

 

Төраганын орун басары 

  

Аты-жөнү  

  

  

2-тиркеме 

  

Көзөмөлгө алынуучу уюмдун жетекчисине _______________ 

БИЛДИРҮҮ 

Урматтуу ___________________ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20_______жылдын “___”___________ тартып _____________(анын ичинде филиалдарында) төлөм системасынын операторунун/төлөм уюумунун ишине текшерүү жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.  

Текшерүүнү натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле жумушчу тобунун мүчөлөрүнүн Сиздин уюмда болуу убактысын кыскартуу максатында, Сизге катка кошо тиркелген тиркемеге ылайык, текшерүүгө тийиш болгон документтерди жана бакша маалыматтарды даярдоону тиешелүү кызматкерлерге табыштоону суранам. Мында Сиздин уюмдун иши боюнча документтер жана башка маалыматтар жумушчу тобунун мүчөлөрүнө алар келген күнү сунушталууга тийиш. бардык документтер жана маалыматтар 20_____жылдын “____” _______ карата абал боюнча даярдалууга жана текшерүүнүн жетекчисинин колуна берилүүгө тийиш.  

Эгерде аталган документтерди даярдоонун жүрүшүндө уюмдун кызматкерлеринде кандайдыр бир суроолор келип чыкса, ошондой эле алар талап кылынган документтерди жана маалыматтарды мөөнөтүндө даярдап бере алышпаса, күн мурун, инспектордук текшерүүлөр башталган жогоруда көрсөтүлгөн күнгө чейин _________________ (аты-жөнү, кызматы жана телефон номери) менен байланышуу зарыл.  

Текшерүүгө _______текшерүүчү катыша тургандыгы пландаштырылууда, ушуга байланыштуу ________адамга ылайыкталган, техникалык каражаттар менен жабдылган (телефон байланышы, документтерди сактоо сейфи, эгер мүмкүн болсо, компьютер жана принтер) кызматтык жайларды даярдоо зарыл.  

Текшерүүчү топко текшерүүгө байланыштуу маселелер боюнча ар тараптуу жардам көрсөтүүнү, кызмат адамдардын жана кызматчыларды сурамжылоо, текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалымат булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну суранам. 

 

  

Тиркеме: Документтердин жана маалыматтардын тизмеси ______барактан турат. 

 

 

Ишиңизге ийгилик каалап,  

 

Төраганын орун басары Аты-жөнү  

 

 

  

  

Кыргыз Республиаксынын Улуттук банкынын 20_______жылдын “____”________ билдирүүсүнө карата тиркеме 

Көзөмөлдүккө алынуучу уюм тарабынан текшерүү үчүн сунушталган документтердин жана маалыматтардын тизмеси 

1. Уюштуруу келишими, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган, өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен устав. 

2. Уюмдун ишин жөнгө салган жана анын саясатын аныктаган документтер топтому. 

3. Уюмдун текшерилип жаткан мезгил ичиндеги уюштуру түзүмү, штаттык тизими. 

4. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин/начальниктеринин кызматтык милдеттеринин тизмесин көрсөтүү менен тизмеси (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө) . 

5. Агенттердин/Субагенттердин тизмеси. 

6. Уюмдун бухгалтердик балансы 

7. Коммерциялык банктар, кызматтарды сунуштоочулар, субагенттер менен келишимдер. 

8. Төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын тизмеси. 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана бакша мамлекеттик бийлик органдары менен кат алышуулар 

10. жана баша документтер (зарылчылыкка жараша). 

 

 

 

 

 

  

  

 

3-тиркеме 

 

АКТ 

 

текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө 

________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы ) 

___________________________________________________________ 

(жайгашкан орду, дареги, телефону) 

____________________________________ «___» ________ 20__ г. 

үзүлгөн жери) 

 

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери 

______________________________________________________________________________ 

тарабынан  

(Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү

 

_______________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы

__________________________________________________________________________________ 

(төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун кызматкеринин аты-жөнү

ушул уюмдун ишине текшерүү жүргүзүү учурунда тоскоолдуктарды жараткандыгы тууралуу ушул АКТ түзүлгөн: 

__________________________________________________________________________________ 

(имаратка же жайга киргизүүдөн баш тарткан, текшерүүчү топтун мүчөлөрү тарабынан талап кылынган документтер сунушталган эмес) 

 

Текшерүүчү топко текшерүү жүргүзүүгө токоолдук жараткандыгы үчүн уюмдун кызматкери ______________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин текшерүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопко тартылаары эскертилди. 

  

Акт түзүлдү

______________________________ 

___________ 

________ 

  

(Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү

(кызматы) 

(кол тамгасы) 

  

  

  

  

таанышты: 

______________________________ 

___________ 

__________ 

  

өзөмөлгө алынуучу уюмдун кызматкеринин аты-жөнү

(кызматы) 

(кол тамгасы) 

  

 

  

  

Көз карандысыз адам: 

__________________________ 

________ 

__________ 

  

(Аты-жөнү

(кызматы) 

(кол тамгасы) 

  

 

  

  

АКТынын экинчи нускасы алынды 

__________________________ 

___________ 

___________ 

  

өзөмөлгө алынуучу уюмдун кызматеринин аты-жөнү

(кызматы) 

(кол тамгасы)