Тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелерде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул ченемдик акт Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Микрофинансылык уюмдар жөнүндө» жана «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. Жобо бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына, адистештирилген финансы-кредит мекеме «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына жана мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга (мындан ары банктар) таркатылат.»;  

- 30-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- карыз алуучунун мүнөзү. Банк карыз алуучу насыялык каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучунун ушул банкта же башка финансы-кредит мекемесинде буга чейин кредиттерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кандайча кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигине көңүл буруу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка кредит мекемелеринде ага сунушталган кредиттер боюнча маалыматтарды алуу дагы маанилүү. Мындан тышкары, карыз алуучунун макулдугу менен бир же бир нече кредиттик бюролорунан ал тууралуу маалыматтарды (кредиттик отчетту) талап кылуу. 

Банк кредит бюросунан алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын сактап, анда камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга жарыя кылбоого жана кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттар үчүн гана пайдаланууга тийиш. 

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчетто камтылган маалыматты бурмалагандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.»;  

- төмөнкү мазмундагы 30-1-пункт менен толукталсын: 

«30.-1. Банк, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат менен алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле жок дегенде бир кредиттик бюрого банкта болгон кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү. Кредиттик маалымат айкын маалыматтарга негизденген, анык жана жаңыланууга жана банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

Банктын кредиттөө ишмердүүлүгүн жөнгө салган ички документтери кредиттик маалымат алмашуу боюнча ишти уюштуруу бөлүгүндө тартипти жана талапты камтууга тийиш: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу боюнча; 

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде, ошондой эле эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да ачыкка маалыматка карата кирүү мүмкүнчүлүгүн алган банк жана анын кызматкерлери тарабынан маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салуу боюнча.  

Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредит алмашуу жөнүндө келишим түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер чагылдырылат, анын ичинде:  

- кредиттик бюрого кредиттик маалыматтагы өзгөрүүлөр жана жаңылоолор жөнүндө өз убагында билдирүү

- кредиттик маалымат субъектинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү

- кредиттик бюрого маалыматтарды өткөрүү системасынын үзгүлтүксүз иштешин кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык камсыз кылуу. 

Банк кредиттик бюрого ар бир карыз алучуунун берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы, ал маалыматтын толук берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

биринчи пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине, «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жөнүндө» жобого, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана анын талабы аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык компанияларга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан жана «ислам терезесине ээ» микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге, атайы терминологияны эске алуу менен таркатылат (мындан ары МФУ).»;  

- 13-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи пунктча менен толукталсын: 

«5) МФУ, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат менен алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле жок дегенде бир кредиттик бюрого МФУда болгон кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат айкын маалыматтарга негизденген жана банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык анык болууга жана жаңыланууга тийиш.  

Кредиттик саясат/кредиттөө ишмердүүлүгүн жөнгө салган ички документтери кредиттик маалымат алмашуу боюнча ишти уюштуруу бөлүгүндө тартипти жана талапты камтууга тийиш: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу боюнча; 

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде, ошондой эле эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматка карата кирүү мүмкүнчүлүгүн алган МФУ жана анын кызматкерлери тарабынан маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салуу боюнча.  

Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредит алмашуу жөнүндө келишим түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер чагылдырылат, анын ичинде:  

- кредиттик бюрого кредиттик маалыматтагы өзгөрүүлөр жана жаңылоолор жөнүндө өз убагында билдирүү

- кредиттик маалымат субъектисинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү

- кредиттик бюрого маалыматтарды өткөрүү системасынын үзгүлтүксүз иштешин кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык камсыз кылуу. 

МФУ кредиттик бюрого берилүүчү ар бир карыз алучуунун кредиттик маалыматтын бурмаланышы, ал маалыматтын толук берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.»; 

20-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Билдирмени кароого алуу регламенти жок дегенде төмөнкү баскычтардан турууга тийиш: 

1) кардарлардын кредиттерди алууга билдирмелерди каттоо журналына, билдирмелерди каттоо (мындан ары - Журнал). МФУда маалыматты коргоо жана сакталышын камсыз кылган коопсуздук системалары орнотулуп, маалыматтан санкциясыз пайдаланууга жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн болбогон шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет; 

2) кардар тарабынан билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү

3) карыз алуучунун макулдугу менен бир же бир нече кредиттик бюролордон ал (кредиттик отчет) тууралуу маалыматты талап кылуу; 

МФУ кредит бюросунан алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын сактап, анда камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга жарыя кылбоого жана кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттар үчүн гана пайдаланууга тийиш. 

МФУ кредиттик отчетто камтылган маалыматты бурмалагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат 

4) кардар потенциалдуу карыз алуучу менен маектешүүнү өткөрүү

5) кардар тарабынан берилген документтерге алдын-ала экспертиза жүргүзүү

6) кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу акча каражат булактарына баа берүү

7) кредит берүү жөнүндө чечим; 

8) кардарга МФУда белгиленген тартипте кредит берүү/кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымдоо, бул, формасы МФУ тарабынан белгиленген Журналга катталат»; 

- 34-пункттун 7-пунктчасындагы «(эгерде, бул МФУ анын катышуучусу болуп эсептелсе) деген сөздөр алынып салынсын.  

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун:  

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында кредиттик союздар жөнүндө», «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана кредиттик союздарга таркатылат.»;  

- 3.2.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Кредиттик союз, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат менен алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле жок дегенде бир кредиттик бюрого кредиттик союзда болгон кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат айкын маалыматтарга негизденген, анык болууга жана жаңыланууга тийиш.  

Кредиттик союздун кредиттөө ишмердүүлүгүн жөнгө салган ички документтери кредиттик маалымат алмашуу боюнча ишти уюштуруу бөлүгүндө тартипти жана талапты камтууга тийиш: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу боюнча; 

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде, ошондой эле эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да ачыкка маалыматка карата кирүү мүмкүнчүлүгүн алган кредиттик союз жана анын кызматкерлери тарабынан маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салуу боюнча.  

Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредит алмашуу жөнүндө келишим түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер чагылдырылат, анын ичинде:  

- кредиттик бюрого кредиттик маалыматтагы өзгөрүүлөр жана жаңылоолор жөнүндө өз убагында билдирүү

- кредиттик маалымат субъектинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү

- кредиттик бюрого маалыматтарды өткөрүү системасынын үзгүлтүксүз иштешин кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык камсыз кылуу

Кредиттик союз кредиттик бюрого берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.»; 

- 5.1.3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- карыз алуучунун мүнөзү. Кредиттик кызматкер карыз алуучу насыялык каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучунун башка финансы-кредит мекемелеринде буга чейин кредиттерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кандайча кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигине көңүл буруу зарыл. Мындан тышкары, анын, кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка кредит мекемелеринде ага сунушталган кредиттер боюнча маалыматтарды алуу дагы маанилүү. Мындан тышкары, карыз алуучунун макулдугу менен бир же бир нече кредиттик бюролорунан ал тууралуу маалыматтарды (кредиттик отчетту) талап кылуу; 

Кредиттик союз кредит бюросунан алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын сактап, анда камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга жарыя кылбоого жана кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттар үчүн гана пайдаланууга тийиш. 

Кредиттик союз кредиттик отчетто камтылган ар бир карыз алуучунун маалыматты бурмалагандыгы, ал маалыматтын толук берилиши үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/6 «Депозиттерди тартпаган МФУнун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди тартпаган МФУнун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча нускоонун: 

- нускоонун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Депозиттерди тартпаган МФУнун ишине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо»; 

- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) жана башка мекемелердин ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө бул нускоо (мындан ары - нускоо) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» (мындан ары «МФУ жөнүндө» мыйзам), «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы күрөшүү жөнүндө», «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарга, «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары менен кредиттик союздарында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө»жобого, Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине, адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишин жөнгө салуу эрежелерине, Кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерине, «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобого ылайык иштелип чыккан жана микрофинансылык уюмдарга (мындан ары - МФУ), анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзгөн МФУларга таркатылат: депозиттерди тартпаган, микрокредиттик компаниялар (мындан ары - МКК), микрокредиттик агенттиктер (мындан ары - МКА) микрофинансылык компаниялар (мындан ары - МФК), ошондой эле адистештирилген финансы-кредит мекемелерине жана кредиттик бюролорго таркатылат.»; 

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«МФУ жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» жана «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) МФУ, адистештирилген финансы -кредит мекеме , ошондой эле кредиттик бюронун ишин жөнгө салат жана аларга карата көзөмөлдү жүзөгө ашырат.»; 

- 3-пункттун: 

д) жана е) пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«д) Байкоо органы - бул МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин, кредиттик бюролордун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун башкаруу органы (Директорлор кеңеши/Байкоо кеңеши); 

е) Аткаруу органы - бул МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин, кредиттик бюронун күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин, кредиттик бюронун башкаруу органы (Башкарма/Дирекция/Башкаруучу).»; 

пункт төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын дополнить: 

«ж) адистештирилген финансы-кредит мекемеси бул, чет өлкө валютасын алмашуу боюнча иш алып барган финансы мекемеси; 

з) Кредиттик бюро бул, коммерциялык уюм болуп саналган, лицензиянын негизинде кредиттик маалымат менен алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган юридикалык жак.»; 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Бул Нускоо МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюролордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарын жана түрлөрүн аныктайт. Мындан тышкары, бул Нускоо МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюролордун ишине текшерүүлөрдүн жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, аларга карата коюлуучу милдеттүү талаптарды аныктайт.»; 

- 5-пункттагы «МФУ» деген сөздөр «жана адистештирилген финансы -кредит мекеме» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюролордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттары болуп, негизинен, төмөнкүлөр саналат: 

а) МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюролордун туруктуу иш алып баруусуна кесепетин тийгизиши ыктымал болгон тобокелдиктерди, кемчиликтери менен көйгөй жараткан жактарын аныктоо, МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюролордун башкаруу ишине баа берүү

б) МФУнун жана адистештирилген финансы -кредит мекеменин мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, анын ичинде финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча талаптарга ылайык келишин жана алардын аткарылышын аныктоо; 

в) МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюролордун Улуттук банкка берилген регулятивдик отчетунун аныктыгына баа берүү;  

г) МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин, кредиттик бюролордун абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерин төмөндөтүү максатында аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды иштеп чыгуу, ал эми зарыл болгон учурда - таасир этүү чараларын колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; 

д) МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин, кредиттик бюролордун Байкоо органдары жана Аткаруу органдары тарабынан буга чейинки текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктардын аткарылышына баа берүү

е) микрофинансылык кызматтардын кредиттер боюнча пайыздык чен түптөлүүчү компоненттер боюнча баа түзүүсүнө, ошондой эле тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартибинин баа түзүүнүн ички саясатына жана МФУлардын бизнес-пландарына ылайык келүүсүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү

ж) ошондой эле, МФУга, адистештирилген финансы -кредит мекемесине жана кредиттик бюролорго тиешелүү тобокелдиктерге жараша, алардын башка иш чөйрөсү.»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Коюлган максаттарга жараша инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү комплекстүү (МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюролордун тобокелдиктерине баа берүү үчүн) жана максаттуу (МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюролордун ишинин айрым аспектилерине байкоо жүргүзүү жана кыйла кылдат кароо үчүн) болушу мүмкүн.»; 

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Текшерүүлөр план боюнча (МФУга, адистештирилген финансы -кредит мекемесине, кредиттик бюролорго алдын ала билдирүү менен) сыяктуу эле, күтүүсүз да болушу мүмкүн (боло турган текшерүү жөнүндө жазуу түрүндө алдын ала билдирүүсүз). План боюнча инспектордук текшерүү жүргүзүүдө, Улуттук банк билдирүү катын (1-тиркеме) зарыл документтердин тизмесин кошо тиркөө менен (3, 3-1, 3-2-тиркемелер) текшерүү башталганга чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен текшерүүгө алынган мекемеге жөнөтөт, ал эми текшерүүгө жолдомо кагазы (2-тиркеме) мекемеге барган учурда берилет.»; 

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. МФКну, адистештирилген финансы -кредит мекемени жана кредиттик бюрону текшерүү жолдомо кагазына Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кол коет, ал эми МКК жана МКАларды текшерүү жолдомо кагазына - Улуттук банктын Инспектрлөө башкармалыгынын / областтык башкармалыктын начальниги, Улуттук банктын Баткен өкүлчүлүгүнүн директору тарабынан кол коюлат

Күтүүсүз инспектордук текшерүү жүргүзүү учурунда текшерүү жолдомо кагазы инспекторлор тобу келген учурда түздөн-түз МФУга, адистештирилген финансы -кредит мекемесине жана кредиттик бюрого көрсөтүлөт.»; 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Жеринде барып текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү 35 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. МФУну, адистештирилген финансы-кредит мекемени, кредиттик бюрону текшерүүнүн түрүнө, көлөмүнө, ошондой эле жагдайдын татаалдыгына жараша текшерүү мөөнөтү МФУну, адистештирилген финансы -кредит мекемени, кредиттик бюрону текшерүү үчүн кошумча жолдомо кагазына Улуттук банк Төрагасынын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн жана МКК менен МКАлар үчүн Инспектрлөө башкармалыгынын/областтык башкармалыктардын начальниктеринин кол коюусу аркылуу узартылышы мүмкүн. Ошол эле учурда жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күнүнөн ашпоосу зарыл.»; 

- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. МФУга, Адистештирилген финансы -кредит мекемесине жана кредиттик бюролорго инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тездиги МФУда, адистештирилген финансы -кредит мекемеде жана кредиттик бюродо орун алган тобокелдиктерди эске алуу менен Улуттук банк тарабынан аныкталат. Улуттук банк кырдаалга/жагдайга жараша Улуттук банк байма-бай текшерүүлөрдү пландашы мүмкүн (мисалы, МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюролордун иши начарлаган учурда, карыз алуучулардын арыздануулары, укук коргоо органдарынын кайрылуулары жана башкалар боюнча).»; 

- 4-бөлүктүн бүтүндөй текст боюнча «МФУ» деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдө «адистештирилген финансы -кредит мекеме жана кредиттик бюролор» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5-бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюролордун жетекчилиги менен алдын ала жана жыйынтыктоочу жолугушуулар комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча»; 

- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Комплекстүү текшерүү жүргүзүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун жетекчиси, текшерүүнүн жыйынтыктары жана тыянактарды, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктардын долбоорлорун талкуулоолор жөнүндө текшерүүгө алынган мекеменин жетекчилигине маалымдоо үчүн МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин, кредиттик бюронун Аткаруу органы (же анын милдетин аткарган адам менен) жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдын ала жолугушуу уюштурат. Бул жолугушуунун алкагында, ишинин текшерилген участоктору боюнча текшерүү жүргүзгөн топ тарабынан айтылган тигил же бул маселеге түшүндүрмө же комментарийлерди берүү үчүн текшерүүгө алынган мекемеге мүмкүндүк берилет.  

Алдын ала жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн кийинки 3 жумуш күн ичинде кол коюлушу зарыл. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин жана кредиттик бюронун протоколго коюудан баш тарткан учурда, МФУга, адистештирилген финансы -кредит мекемесине жана кредиттик бюрого жолугушууда талкууга алынган негизги маселелерди чагылдыруу менен кат жөнөтүлөт.»; 

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Текшерүү аяктагандан кийин текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун Аткаруу органы жана Байкоо органынын мүчөлөрү (зарылдыгына жараша) менен жыйынтыктоочу жолугушууларды өткөрүүсү зарыл, ал МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин, кредиттик бюронун Аткаруу органына текшерүүнүн жыйынтыктары жана тобокелдикке тиешелүү тыянактарды талкуулоолору тууралуу маалымдоо, ошондой эле сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарды берүү үчүн уюштурулат. Инспектрлөө башкармалыгынын начальниги (же анын кызмат ордун алмаштырган адам) зарылчылыгына жараша жолугушууга катышса болот. Жолугушуунун жүрүшүндө, текшерүү тобунун жетекчиси, МФУ, адистештирилген финансы -кредит мекеме , кредиттик бюро үчүн кыйла тобокелдиктерди жараткан тармактарга көбүрөөк көңүл бурууга тийиш. Мындан тышкары, жыйынтыктоочу жолугушуу, көзөмөл органын тынчсыздандырган маселелер боюнча жагдайды түшүндүрүүгө, инспекторлорго суроо берүүгө мүмкүндүк берет.  

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин, кредиттик бюронун Аткаруу органына текшерүү учурунда жасалган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар тууралуу маалымдоого тийиш:  

а) кредиттик тобокелдик; 

б) ликвиддүүлүк тобокелдиги; 

в) операциялык тобокелдиги; 

г) рынок тобокелдиги; 

д) маанилүүлүккө ээ башка тобокелдиктер; 

е) МФУну башкаруу боюнча баа берүү

ж) текшерүүнүн жүрүшүндө ачылган мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар; 

з) башка маанилүү маселелер

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси адистештирилген финансы -кредит мекеменин Аткаруу органына текшерүүнүн жүрүшүндө жасалган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар тууралуу маалымдоого тийиш: 

а) кассалык операцияларды жүргүзүү боюнча талаптарды сактоо; 

б) текшерүүнүн жүрүшүндө ачылган мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик актыларын, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү мыйзамдарын бузуулар; 

в) Улуттук банкка берилүүчү отчеттун тууралылыгы; 

г) башка маанилүү маселелер. 

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик бюронун жетекчисин текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактары тууралуу маалымдоого тийиш: 

а) кредиттик таржымалдар маалыматтар базасынын коопсуздугун камсыз кылуу; 

б) кредиттик бюронун иш алып баруусу; 

в) маалыматтардын сакталышын жана тууралыгын камсыз кылуу; 

г) кредиттик отчетторду берүү боюнча талаптарды сактоо; 

д) кардарлардын даттанууларын кароого алуу; 

е) кредиттик бюрону башкарууну баалоо; 

ж) текшерүүнүн жүрүшүндө ачылган мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар; 

з) башка маанилүү маселелер.»; 

- 20-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Жыйынтыктоочу жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү учурунда аныкталган бардык кемчиликтерди оңдоо зарылдыгы жөнүндө МФУнун, Адистештирилген финансы -кредит мекеменин, кредиттик бюронун Аткаруу органына маалымдайт, ошондой эле көрсөтүлгөн проблемаларды алгылыктуу чечүүнүн жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн МФУ, адистештирилген финансы -кредит мекеме , кредиттик бюро менен талкуулайт. Жолугушуунун жүрүшүндө протокол толтурулуп, ага текшерүүнүн жетекчисинин жана МФУнун, адистештирилген финансы -кредит мекеменин, кредиттик бюронун Аткаруу органынын колу коюлат. МФУ, адистештирилген финансы -кредит мекеме, кредиттик бюро жолугушуунун натыйжасы боюнча протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ага жолугушууда талкууланган негизги маселелерди чагылдыруу менен кат жөнөтүлөт.»; 

22-23-пункта “МФУ” деген сөздөн кийин “Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме жана кредиттик бюро” деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө толукталсын; 

- 25-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Адистештирилген финансы -кредит мекемени жеринде барып текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет төмөнкү маселелерди (бирок муну менен чектелбестен) камтыйт: 

а) Адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин ишине мүнөздүү болгон негизги тобокелдиктерди кароо жана анын ишинин тескөөгө алынышына баа берүү

б) Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин алмашуу операцияларын жүргүзүү ишин талдап-иликтөө

в) Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин анын лицензиясында уруксат берилген башка операцияларды жүргүзүү боюнча ишин талдап-иликтөө

г) Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме сунуштаган отчеттогу маалыматтардын аныктыгын текшерүү

д) Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин ишинин Улуттук банктын Адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүсүн аныктоо. 

Кредиттик бюронун ишин жеринде барып текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет төмөнкү маселелерди (бирок муну менен чектелбестен) камтыйт: 

а) кредиттик бюронун ишине мүнөздүү болгон негизги тобокелдиктерди кароо жана кредиттик бюронун ишинин тескөөгө алынышына баа берүү

б) кредиттик бюронун кредиттик маалыматтарды сактоо, топтоо жана алмашуу боюнча ишин, ошондой эле бул ишти жүзөгө ашыруу боюнча талаптардын сакталышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

в) кредиттик бюро сунуштаган отчеттогу маалыматтардын аныктыгын текшерүү

г) кредиттик бюронун ишинин Улуттук банктын кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуучу мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүсүн аныктоо.»; 

- 7-11-бөлүктөрдө “МФУ” деген сөздөн кийин “Адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер жана кредиттик бюролор” деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө толукталсын; 

- 1, 2, 4 жана 5 -тиркемелерде “МФУ” деген сөздөн кийин “Адистештирилген финансы-кредит мекемелер жана кредиттик бюролор” деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө толукталсын; 

- төмөнкү мазмундагы 3-1-тиркемелер менен толукталсын: 

« 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан  

лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө  

салынган, башка жактардан депозиттерди  

тартпаган МФУлардын ишине инспектордук  

текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча нускоого  

карата 3-1-тиркеме  

Адистештирилген финансы-кредит мекемелерге текшерүү үчүн сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын  

ТИЗМЕГИ  

I. Адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салган документтер жана башка мааалыматтар: 

1. Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав. 

2. Капиталдын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтар

3. Улуттук банктын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк

4. Катышуучулардын текшерүү жүргүзүлгөн күнгө карата реестри 

5. Негизги катышуучулардын уставдык капиталга карата пайыздык катышта ээлик кылуу суммасын жана үлүшүн көрсөтүү менен тизмеги. 

6. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин ишин жөнгө салуучу ченемдик документтердин реестри 

7. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин ишин жөнгө салуучу жана аанын саясатын аныктоочу документтердин топтому: ички саясат, нускоолор, жоболор, жол-жоболор, көрсөтмөлөр, циркулярдык каттар жана тобокелдиктерди тескөө саясаттары же тобокелдик (кредиттик, рыноктук, операциялык, ликвиддүү ж.б) Адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси тарабынан кантип идентификацияланып, баа берилип, көз салынып жана контролдукка алына тургандыгын чагылдыруу.  

9. Адситештирилген финансы-кредиттик мекеменин акционерлеринин/катышуучуларынын, Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын, Аудит боюнча комитетинин, Башкармасынын/Аткаруу органынын отурумдарынан толтурулган протколдор (бардык материалдарды жана отчетторду кошо тиркөө менен). 

10. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын Кеңешке келген мөөнөтүн жана иштеген ордун көрсөтүү менен тизмеси, Директорлорк еңешинин/Байкоо органынын мүчөлөрүнүн анкеталары. 

11. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин Башкармасынын/Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн ээлеген кызматын, аткарууу милдеттеринин чөйрөсүн көрсөтүү менен тизмеси, Башкарманын/Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн өздүк көктөмөлөрү

12. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин алар түздөн-түз тескөөгө алган маселелердин жана аткаруучу милдеттеринин тизмесин көрсөтүү менен тизмеси. 

13. Негизги байланышчу кызматкерлердин ар бир маанилүү ыкчам бөлүмдүн, департаменттин жана функционалдык топтун телефон номерлерин көрсөтүү менен тизмеси. 

14. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин уюштуруу түзүмү 

15. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин стратегиялык өнүгүү планы, өткөн жана учурдагы жыл үчүн бизнес планы. 

16. Капиталдын калыптанышы боюнча туруктуу сактоодогу көктөмөлөр. 

18. Өткөн 2 жыл үчүн мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор жана экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу маалыматтар. 

19. Ликвиддүүлүктүн бардык аспекттерине, активдердин жана пассивдердин тескөөгө алынышына жана бардык финансылык тобокелдиктердин (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөөгө алынышына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулуучу негизги башкаруу отчетторунун көчүрмөлөрү

20. Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен кат алышуулар

21. Негизги курам жана негизги иш багыты боюнча буйруктар

22. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн начальниктеринин тизмеси. 

23. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин штаттык тизими 

24. Өткөн текшерүү боюнча жазма буйруктардын/сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышы боюнча отчеттор

25. Туунду, караштуу же байланыштуу компаниялар жөнүндө маалыматтар

 

II. Бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана аудит боюнча маалыматтар: 

1. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме на дату 20__ жылдын "01" ______________ карата бухгалтердик балансы 

2. Баланстын бардык статьяларын жана түшкөн пайда жана кеткен чыгым жөнүндө отчетту чечмелөөлөр. 

4. Коммерциялык банктар менен төлөөлөр жана касса кызматтары үчүн келишимдер. 

5. Инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар менен операциялар боюнча маалымат. 

6. 20__ жылдын "01" ______________ , 20__ жылдын "01" ______________, 20__ жылдын "01" ______________, 20__ жылдын "01" ______________ карата мезгил-мезгили менен берилүүчү отчет. 

7. Акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл ичинде маанилүү ыкчам участкалар боюнча нагыз аткарылган отчетторго салыштыруу менен кирешелер жана чыгашалар жана бюджет жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрү

III. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы аракеттерди көрүү максатында тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук жөнүндө маалымат: 

1. Адистештирилген финансы-кредит мекеменин кардарларды идентификациялоо жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы аракеттерди көрүү боюнча ички документтери (саясаттары, жолл-жоболору ж.б). 

2. Компаниянын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (изин жашыруу) каршы аракеттерди көрүү максатында, ички контролдук саясатынын ишке ашырылышына жоопкерчиликтүү болгон тобокелдик-менеджеринин жана кызматкеринин отчеттору. 

3. CARE жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Финансылык чалгындоо кызматы ортосундагы кат алышуулар. 

4. Кардарлардын тизмеси: 

- жогорку категориядагы тобокелдикке ээ; 

- оффшордук аймактарда катталган; 

- эркин экономикалык аймакта катталган; 

- эсептер боюнча жүгүртүүлөрү отчеттордо көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн ашкан

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн тизмеси

6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Финансылык чалгындоо кызматына маалыматтарды жөнөтүү каттала турган журнал

7. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы аракеттерди көрүү саясаттарына катышышкан кызматкерлерди тиешелүү түрдө окутуу тууралуу маалымат. 

8. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы аракеттерди көрүү максатында ички контролдук системасын текшерүү боюнча ички аудиттин функциясын аткарган ички аудитордун/ревизиялык комиссиянын/ички аудиттин функцияларын аткарган органдын отчеттору”.  

- төмөнкү мазмундагы 3-2-тиркеме менен толукталсын: 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган, башка жактардан депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча нускоого карата 3-1-тиркеме 

 

 

 

Кредиттик бюролорго текшерүү үчүн сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын тизмеси   

1№ 

Иш чөйрөсү 

Маалыматтык документтер 

11 

Катталгандыгы/лицензиялангандыгы тууралуу маалымат 

Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав. 

12 

Башкаруу түзүмү 

1. Байкоо органынын, жетекчисинин, уюштуруучуларынын тизмеси.  

1. Тийиштүү квалификациясынын жана тажрыйбасынын кыскача чагылдырылышы. 

33 

Байкоо органынын акыркы 12 ай ичинде өткөрүлгөн отурумдарынан толтурулган протоколдордун берилиши 

Директорлор кеңешинин акыркы 12 ай ичинде өткөрүлгөн отурумдарынын протоколдору 

44 

Комитеттер жана алардын ыйгарым укуктары 

Аудит боюнча комитет же кредиттик бюролор тарабынан ченемдик талаптардын сакталышы боюнча маселелерге жооп берген башка комитеттер жөнүндө жобо 

55 

Ички аудит 

Ички аудиттин жол-жоболору/эрежелери 

66 

Тышкы аудит 

Тышкы аудитти жүргүзүү боюнча жол-жоболор/эрежелер 

77 

Стратегиялык план жана бюджеттер 

Стратегиялык план жана бюджеттин көчүрмөсү 

88 

Штаттык тизим 

1. Аты-жөнү, кызматтык нускамалар жана тиешелүү башкаруу тажрыйбасы 

1. Иштөө мезгили 

1. Калган кызматкерлердин тизмеси, алардын  квалификациясы 

99 

Саясаттар жана жол-жоболор, зарылчылыгына жараша төмөнкүлөр: 

1. Маалыматтарды алуу жана алардын тууралыгын текшерүү боюнча; 

1. Маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча; 

1. Маалыматтардан, отчеттордон жана суроо-талаптардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү боюнча; 

1. Маалымат субьектилеринин кайрылууларын карап чыгууну уюштуруу боюнча; 

1. Маалымат коопсуздугун камсызд кылуу боюнча; 

1. Үзгүлтүксүз иш алып барууну камсыз кылуу боюнча (авариялык кайра калыбына келтирилишин кошо алганда) 

Негизги тармактарда талаптардын сакталышын көзөмөлдөө жол-жоболору жана механизмдери кыскача баяндалган негизги саясаттардын жана жол-жоболордун көчүрмөлөрү

110 

Кызмат көрсөтүүлөр тууралуу келишимдер 

Кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишимдердин көчүрмөлөрү 

111 

Программалык камсыз кылуу жана программалык камсыз кылууну колдоого алуу (колдонмо программалар, программалоого жоопкерчиликте болуу, модификациялар жана колдоого алуу. Сертификациялоо) 

Программалык камсыз кылуу жана тиркемелердин кыскача берилиши, негизги саясаттардын кыскача баяндалышы 

112 

Авариялар жана инциденттер тууралуу отчеттор 

Өткөн жыл үчүн авариялар жана инциденттер тууралуу отчеттор 

113 

Маалымат сунуштоочулар 

Маалымат сунуштоочулардын бардык тизмеси, анын ичинде: 

- ар бир акыркы 3 айда сунушталган жазуулардын саны; 

- ар бир айда четке кагылган жазуулардын саны; 

- четке кагылган жазууларда дал келбөөчүлүктөрдү четтетүү үчүн кадамдар  

114 

Маалымат пайдалануучулар 

Бардык маалымат пайдалануучулардын тизмеси: 

- ар бир акыркы 3 айдын суроо-талаптарынын саны; 

- акыркы 3 айдын ар бири үчүн издөө натыйжалуулугунун коэффициенти. 

115 

Тактыгын жана тууралыгына баа берүү  

Тактыгы жана тууралыгы боюнча тиешелүү болгон саясаттардын жана жол-жоболордун көчүрмөлөрү, маалыматтарды текшерүү эрежелеринин көчүрмөлөрү 

116 

Керектөөчүлөрдүн жазуулардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, купуялуулукту сактоо жана санкцияланбаган пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алдын алуу 

Керектөөчүлөрдүн жазуулардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн, анын ичинде маалыматтардан санкцияланбаган пайдалануунун алдын алуу үчүн идентификациялоону жана жол-жоболордун негизги атрибуттарын чагылдыруу 

117 

Керектөөчүлөрдүн даттанууларын кабыл алуу жана карап чыгуу 

Керектөөчүлөрдүн даттанууларын алуу жана текшерүү жол-жоболору, саясаты. 

1. Акыркы 3 айда керектөөчүлөрдөн түшкөн даттануулар боюнча статистикасы: 

- алынган даттануулардын саны; 

- жөнгө салынган даттануулардын саны; 

- даттанууларды жөнгө салуунун орточо убактысы; 

- көзөмөлдөнбөгөн даттанууларды кароонун мөөнөтү

- “көп даттануу менен кайрылган мекемелердин” тизмеси. 

2. Даттанууларды мазмунуна жараша бөлүштүрүү

3. Даттануулар менен иш алып барган кызматкерлердин саны. 

118 

Бухгалтердик баланс  

Кредиттик бюронун 20____-жылдын 1__________ карата бухгалтердик балансы. 

Киреше жана чыгашалар тууралуу баланстын жана отчеттун бардык статьяларын чечмелөө