ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пунктунда «финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн» деген сөздөр «керектөөчүлөрдүн» дегенге алмаштырылсын; 

- 2-пунктунда «финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 3-пунктунда: 

3-пунктчасы «тарабынан» деген сөздөн кийин «ишке ашырылуучу операциялар жана» деген сөздөр менен толукталсын; 

4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) керектөөчү - финансылык кызматтардан пайдаланган, пайдаланып жаткан же пайдаланууга ниеттенген кайсы болбосун жеке адам (анын ичинде жеке ишкер);» 

5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) кайрылуу - керектөөчүнүн финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ФКМге оозеки же кат жүзүндө кайрылуусу. Кат жүзүндө кайрылуулар катары даттануу же келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч арыз эсептелинет.  

Эскертме: керектөөчүлөрдү күндөлүк тейлөө менен байланыштуу арыз жана билдирмелери (эсеп ачуу же жабуу, кредит алуу, акча которуу, төлөм картты блокировкалоо же блокировкадан чечүү, маалым-кат алуу ж.б. үчүн) ушул пунктчага ылайык кайрылуулар болуп эсептелинбейт.»; 

8-пунктчасында «жана сунуштар», «жана сунуш-пикирлерин» деген сөздөр алынып салынсын; 

9-пунктчасы «жашырын керектөөчү» деген сөздөр «жашыруун керектөөчү» иш-чарасы» дегенге алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги текстте 8-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «оказание» деген сөз «предоставление» дегенге алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги текстте 9-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «оказание» деген сөз «предоставление» дегенге алмаштырылсын; 

- 11-пунктунда: 

үчүнчү сүйлөм «расмий тилде түзүлөт» деген сөздөрдөн кийин «, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалышы тийиш» деген сөздөр менен толукталсын; 

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Керектөөчү келишимге (макулдашууга) кол коюлган учурга чейин келишим (макулдашуу) долбоорун ага карата кошо тиркелген документтер менен бирге ФКМден тышкары таанышуу үчүн бир күндөн үч күнгө чейин убакытка алууга укуктуу, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалышы тийиш.»; 

- 12-пунктунун биринчи абзацы «чыгуусу үчүн ага» деген сөздөрдөн кийин «акысыз негизде» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 14-пунктунда: 

3-пунктчасы «суммасы» деген сөздөн кийин кашаадагы «(минималдуу балансы)» деген сөздөр менен толукталсын; 

8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) аманаттын мыйзамда белгиленген кепилденген суммасы;»; 

төмөнкүдөй мазмундагы 9- жана 10-пунктчалары менен толукталсын: 

«9) пайыздарды төлөө шарттары; 

10) аманат боюнча ФКМдин тарифтери жана комиссиялык сый акылары (болгон учурда).»; 

- 15-пунктунда: 

3-пунктчасында «керектөөчүнүн кайрылган» деген сөздөр «маалыматты берген» дегенге алмаштырылсын; 

пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-, 8- жана 9-пунктчалары менен толукталсын: 

«7) кредит боюнча бир жолку кезектеги (эреже катары ай сайын берүүчү) төлөмдөрдүн өлчөмү

8) маалыматты берген күнгө карата негизги сумманы, пайыздарды, комиссияларды жана кредитти алууга жана тейлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрдү кошо камтыган кредиттин толук наркы; 

9) керектөөчүнүн ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасынын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктары.»; 

- 16-пунктунда: 

биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. Керектөөчү-потенциалдуу карыз алуучу кредит алуу үчүн кайрылган учурунда, ушул жобого карата 1-тиркемедеги формага так ылайык ФКМ потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасын кардар менен биргеликте толтурууга тийиш.»; 

пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасы бирдей тамга менен жазылышы зарыл. Кредиттин суммасын, акчалык туюндуруудагы пайыздарды жана кредитти тейлөө боюнча чыгашалардын жалпы суммасын, ошондой эле кредиттин толук наркын көрсөткөн уюкчалар ачык түстөгү (ак түстөн башка) айырмаланган жердикте болуу зарыл. Кредиттин толук наркын көрсөткөн уюкчанын сызыгынын жоондугу (туурасы) 3-пт кем эмес болуу тийиш.»; 

- 18-пункту «бир жолу» деген сөздөрдөн кийин «, эгерде келишимде же ФКМ эрежелеринде мындан кыскараак мөөнөт көрсөтүлбөсө,» деген сөздөр менен толукталсын;  

- 20-пунктунун биринчи сүйлөмүндө «башка ФКМге» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 21-пунктунда: 

1-пунктчасынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Пайыздарды чегерүү кредиттин негизги суммасынын азайып жаткан калдыгына номиналдуу чен боюнча кредиттик келишимди түзүү күнүнөн мурда эмес башталат;»; 

2-пунктчасында «толук наркы» деген сөздөн кийин кашаадагы «(негизги суммасы, пайыздары, комиссиялары жана кредитти алууга жана тейлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрү)» деген сөздөр менен толукталсын; 

6-пунктчада «же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашырганга» деген сздр алынып салынсын, «кардардын» деген сөз «карыз алуучунун» дегенге алмаштырылсын; 

7-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) кредиттик келишимде (лизинг келишимде) алган кредитти (лизингди) кайтарып берген күнгө чейин алдын ала отуз күн мурда бул тууралуу ФКМди жазуу түрүндө маалымдоо менен кандай болбосун убакытта кандайдыр бир айыптык санкцияларсыз жана комиссияларсыз кредиттин (лизингдин) ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга карыз алуучунун укугу каралууга тийиш;  

8-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча үстөк акынын (айып, туум) пайыздык өлчөмү келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча пайыздык ченден жогору эмес болуу зарыл, мында, кредит колдонулуп жаткан бүтүндөй мезгил ичинде ага чегерилген айып, туум өлчөмү берилген кредиттин суммасынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш.  Карыз алуучу каза болгон күндөн тартып үстөк акысын чегерүү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүү (мурасты кабыл алуу) күнүнө чейин токтоло турат;»; 

9-пунктча төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Келишимдерге жана макулдашууларга өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айландыруу тууралу арбитраждык эскертмени киргизүүгө жол берилбейт;»; 

- 24-пунктунда: 

экинчи сүйлөм «тийиш» деген сөздөн кийин «, бул менен бирге ага ошол талаптарга каршы келбеген башка ченемдерди киргизүү мүмкүн» деген сөздөр менен толукталсын; 

үчүнчү сүйлөмдөгү «даттануулар жана сунуштар» деген сөздөр «кайрылууларды берүү жолдору (каналдары), даттануулар» дегенге алмаштырылсын; 

төртүнчү сүйлөм «(болгон шартта)» деген сөздөрдөн кийин «, анын шилтемеси ФКМдин интернет-сайтынын башкы бетинде» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 26-пунктунун биринчи абзацындагы «жана сунуштар» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 31-пунктунда: 

биринчи жана экинчи сүйлөмдөрдөгү «жана сунуштар» деген сөздөр алынып салынсын; 

үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөрдөгү «даттануулар жана сунуштар катталган китепчеден маалыматтарды» деген сөздөр «даттануулар катталган китепчеден маалыматтарды (даттануулар келип түшкөн учурда)» дегенге алмаштырылсын; 

- 32-пункту «өзү кол коюп» деген сөздөрдөн кийин кашаадагы «(ФКМдин электрондук почтасына келип түшкөн кайрылуулардан тышкары)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- мамлекеттик тилдеги текстте 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Уят-сыйытсыз же болбосо мазактап кордогон сөздөрдү, ФКМдин кызматкеринин, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунучту камтыган керектөөчүнүн кат жүзүндөгү кайрылуусу кароосуз калтырылышы мүмкүн.»; 

- 37-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«ФКМдин керектөөчү кайрыла ала турган телефон номерин ФКМдин маалымат такталарында жана расмий сайтында (болгон шартта) жайгаштыруу зарыл.»; 

- 38-пунктунун экинчи абзацындагы «тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 42-пунктунун экинчи сүйлөмүндө «он» деген сөз «жыйырма» дегенге алмаштырылсын; 

- 43-пунктунун үчүнчү сүйлөмүндөгү «күбөлөндүрүлгөн» деген сөз алынып салынсын; 

- 51-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«51. ФКМ анын аткаруу органынын жетекчиси кол койгон, ушул жобого карата 2-тиркемедеги формага ылайык керектөөчүлөрдүн кат жүзүндө даттануулары боюнча отчетту Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөндөгү көрсөтүлгөн мөөнөттөргө чейин берүүгө милдеттүү:  

1) коммерциялык банктар чейрек сайын отчеттук чейректен кийинки айдын жыйырмасына чейин; 

2) башка ФКМдер жарым жыл сайын отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын жыйырмасына чейин.»; 

- 53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Финансылык кызматтарды сунуштоо тартибин жана сапатын текшерүү максатында, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү үчүнчү жактарды тартуу менен «жашыруун керектөөчү» иш-чарасын жүргүзүүгө укуктуу.  

«Жашыруун керектөөчү» иш-чарасы керектөөчүлөрдү тейлөө үчүн бөлүнгөн жумуш убактысында, бирок, эгерде мындай иш-чара Улуттук банк тарабынан жарандын (жарандардын) кайрылуусун кароо алкагында өткөрүлүп жаткан учурларды эске албаганда, бир жыл ичинде ФКМдин бир кеңсесине бир жолудан көп эмес баруу жолу менен өткөрүлөт. «Жашыруун керектөөчү» иш-чарасынын натыйжалары боюнча формуляр толтурулуп, ал (ушул жобонун 3-тиркемеси) ФКМдин жетекчилигине маалымдалат.   

«Жашыруун керектөөчү» иш-чарасы Улуттук банктын инспектордук текшерүүсү болуп саналбайт.»; 

- 54-пункту «анык» деген сөздөн кийин «же толук» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-, 2- жана 3-тиркемелери төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«“Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо 

жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо  

тартибине карата минималдуу талаптар  

жөнүндө” жобого карата  

1-тиркеме 

 

Потенциалдуу кредит тууралуу  

негизги маалыматтар БАРАКЧАСЫ  

 

*Бул баракча кайсыл болбосун кредит келишимин алмаштыра албастан бир нече мекемелердин кредиттөө шарттарын салыштырууга жардам берет* 

 

Өтүнмө ээсинин аты-жөнү ____________________________________________________ 

 

Финансы-кредит мекеменин (ФКМ) аталышы 

 

Ким тарабынан даярдалган (ФКМ адисинин аты-жөнү жана кызматы)  

 

Даярдалган күнү 

 

 

1-БӨЛҮК. Кредит боюнча маалыматтар 

1. Кредиттин максаты 

2. Кредит валютасы 

3. Кредиттин суммасы  

(Сиз алууга ниеттенген сумма) 

4. Пайыздык чен (номиналдык) 

(пайыздык туюндурууда) 

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

5. Жылдык эффективдүү пайыздык чен  

(өзүнө номиналдык пайыздык ченди жана кредитти тейлөө боюнча чыгашаларды камтыйт) 

 

6. Кредиттин (кредиттик келишимдин) мөөнөтү 

 

7. Төлөө аралыгы 

(ай сайын, чейрек сайын же башкасы) 

8. Бир жолку төлөм суммасы 

(аннуитеттик төлөө шартында) 

 

9. Кредитти тейлөө боюнча чыгашалар, анын ичинде: 

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

- түрлөрү боюнча ФКМдин комиссиялык төлөмдөрү жана жыйымдары (бардыгын көрсөтүү зарыл

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

- үчүнчү жактардын кызматтары (бардыгын көрсөтүү зарыл

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

 

Кредиттин суммасы 

 

 

 

Пайыздар 

 

 

 

Кредитти тейлөө боюнча чыгашалар 

 

 

 

Кредиттин толук наркы 

 

 

 

 

 

Кредит алууга макулдук берүүдөн мурда кылдат таанышып чыгыңыз! 

 

 

2-БӨЛҮК. Башка маанилүү шарттар 

1. Кредиттик келишим шарттарын бузгандыгы үчүн үстөк акы (чегерүүнүн түрүн жана негизин көрсөтүү зарыл) 

(пайыздык туюндурууда же белгилүү бир суммада) 

2. Мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн үстөк акы аны төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда алынат: 

______ күнгө 

3. Кредитти камсыздоо 

(камсыздоо предметине карата минималдуу талаптар, күрөөнүн минималдуу наркы) 

4. Кредитти төлөө ыкмасы 

(аннуитет (бирдей үлүштө), дифференцияланган төлөмдөр же башкалар) 

 

Ушул баракчанын 1 жана 2-бөлүктөрүндө камтылган маалымат жыйынтыкталган болуп саналбайт жана ал кредиттик келишимде өзгөртүлүшү мүмкүн.   

 

3-БӨЛҮК. Сиздин потенциалдуу карыз алуучу катары укуктарыңыз 

 

1. Сиз ФКМди жана финансылык кызматтарды эркин тандай аласыз.  

2. Кредиттик келишимге же башка келишимге, макулдашууга кол коюудан баш тартууга укугуңуз бар.  

3. Кредиттик келишимди түзүү тилин тандоого укуктуусуз: мамлекеттик (кыргыз тили), расмий (орус тили) же макулдашуу боюнча башка тил.  

4. Бардык кошо тиркелүүчү документтери менен кредиттик келишим долбоорун колго алып, 1-3 күн ичинде ФКМдин чегинен тышкары консультация алууга укугуңуз бар.  

5. Кредиттин шарттары жана наркы, төлөмдөр, кредит боюнча эсептешүү тартиби (пайыздар, туумдар, айыптык төлөмдөр), кредиттик келишим боюнча укуктар жана милдеттенмелер, тобокелдиктер, ал боюнча орун алышы ыктымал болгон кесепеттер жана жоопкерчиликтер, ошондой эле Сизге түшүнүксүз болгон кредит шарттары тууралуу так маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуусуз.  

6. Кредиттик келишимге кол койгондон кийин, бирок акча каражаттарын айкын колго алганга чейин кредиттен акы төлөөсүз баш тартууга укугуңуз бар.  

 

ФКМдин кызматкерлери сый акы үчүн кредит алууда көмөктөшүүгө укугу жок.  

 

Даттануу же сунуштар менен [(телефон номерин көрсөтүү зарыл)] телефону аркылуу кайрылсаңыз болот же болбосо [(почта дарегин көрсөтүү зарыл)] дареги же [(электрондук почта дарегин көрсөтүү зарыл)] электрондук дареги боюнча жөнөтсөңүз болот.  

 

 

ТУУРАЛЫГЫ ЖАНА  

АНЫКТЫГЫ ТАСТЫКТАЛГАН 

 

Бул баракчаны алгандыгымды тастыктайм 

 

 

_________________________ 

(ФКМдин адисинин аты-жөнү  

жана кол тамгасы) 

 

___________________________ 

(потенциалдуу карыз алуучунун аты-жөнү жана кол тамгасы) 

 

«Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо 

жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо  

тартибине карата минималдуу талаптар  

жөнүндө» жобого карата  

2-тиркеме 

__________________________________ ___________________________________________ үчүн 

(ФКМдин аталышы) (отчеттук чейрек/жарым жылдык)  

КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮН КАТ ЖҮЗҮНДӨ даттануулары БОЮНЧА ОТЧЕТУ 

 

 

Өткөн мезгилде каралба-ган даттануу-лардын саны  

Келип түшкөн даттануу-лардын жалпы саны 

алардын ичинен төмөнкү себептер боюнча (тема): 

Канааттандырылган даттануулардын саны, анын ичинде өткөн мезгилде каралбай калгандары 

Канааттандыруудан баш тартылган даттануулардын саны, анын ичинде өткөн мезгилде каралбай калгандары 

Отчеттук мезгилде келип түшүп, бирок каралбай калган даттануулар-дын саны 

аманаттар (депозиттер) 

кредиттер 

кредиттик маалымат (КМБ) 

күрөө 

банктык эсептер, депозиттик эмес 

акча которуулар 

төлөм карттар 

башка төлөм жана электрондук кызматтар 

акча алмаштыруу 

эсеп-кассалык тейлөө 

башкалар 

толугу менен 

белгилүү бир бөлүгүндө 

Бишкек шаары 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаары 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен облусу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын облусу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас облусу  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эскертүү: 1. Бош уюкчаларда сандык көрсөткүчтөр (суммасы) көрсөтүлөт.  

2. Эгерде даттануу бир нече себепке (темага) байланыштуу болсо, анда ал ар бир темада өзүнчө эске алынат; мында, кийинки темада (-ларда) ал кашаанын ичинде көрсөтүлөт. «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо 

жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо  

тартибине карата минималдуу талаптар  

жөнүндө» жобого карата  

3-тиркеме 

 

«Жашыруун керектөөчү» иш-чарасын өткөрүү үчүн 

формуляр 

 

№ 

Керектөөчүлөр менен иш алып баруу көрсөткүчү 

Ооба 

Жок 

Эскертүү 

1  

ФКМде маалымат тактасы же керектөөчүлөр үчүн зарыл маалыматтар камтылган башка булактар (мындан ары маалымат тактасы) каралганбы? 

 

 

 

2  

Маалымат тактасында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлдүбү

 

- кредитөөнүн шарттары жана тартиби жөнүндө маалымат: пайыздык чендер, комиссиялар, үчүнчү жактардын кызматтарынын баалары, үстөк акы тууралуу маалымат жана кредит алуу үчүн керектүү документтер тизмеси; 

 

 

 

- кредиттөө процессин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын негизги ченемдик укуктук актыларынын жана ФКМдин ички ченемдик документтеринин тизмеси; 

 

 

 

- башка финансылык кызматтар тууралуу маалымат; 

 

 

 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы шарттарынын өзгөрүүсү тууралуу маалымат; 

 

 

 

- керектөөчүлөрдүн укуктарынын тизмеси; 

 

 

 

ФКМде кайрылууларды карап чыгуу жол-жобосунун жана даттануулар катталган китепчесинин бар экендиги, ошондой эле кайрылууларды берүү жолдору (каналдары) тууралуу маалымат;  

 

 

 

- ФКМдин жетекчилиги жеке кабыл алуу графиги; 

 

 

 

ФКМдин керектөөчү кайрыла ала турган телефон номери (болгон шартта)? 

 

 

 

3  

Маалымат тактасындагы маалыматтар жарнак каатары жалпы маалымат каражаттарда, интернет-сайттарда, таратып берүү материалдарда жана башка жеткиликтүү (айкын) булактарда жайгашкан маалыматтарга дал келеби? 

 

 

 

4  

ФКМдин адиси(-тери) Сизге кызыктырган финансылык кызматтардын шарттарын, анын ичинде керектөөчүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу түшүндүрмө бердиби(-иштиби)? 

 

 

 

5  

ФКМдин адиси(-тери) Сиздин тактоочу суроолоруңузга жооп бердиби(-иштиби)? 

 

 

 

6  

Кредит алуу учурунда ФКМдин адиси(-тери) «Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасын» Сиз менен биргелешип толтурдубу(-уштубу)? 

 

 

 

7  

«Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасынын» бош уюкчалардын баары толтурулдубу? 

 

 

 

8  

«Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасында» көрсөтүлгөн маалыматтар жарнак каатары жалпы маалымат каражаттарда, интернет-сайттарда, таратып берүү материалдарда жана башка жеткиликтүү (айкын) булактарда жайгашкан маалыматтарга дал келеби? 

 

 

 

9  

Сизге кредит боюнча төмөнкү шарттар тууралуу түшүндүрмө берилдиби: 

 

- Сиздин башка ФКМди же болбосо башка финансылык кызматтарды эркин тандап алуу укугуңуз;  

 

 

 

- Сиздин кредиттик келишимге же башка келишимге, макулдашууга кол коюудан баш тартууга укугуңуз; 

 

 

 

- Сиздин кредиттик келишимди түзүү тилин (кыргыз же орус тилин) тандоого укугуңуз; 

 

 

 

- Сиздин бардык кошо тиркелүүчү документтери менен кредиттик келишим долбоорун колго алып, 1-3 күн ичинде ФКМдин чегинен тышкары консультация алууга укугуңуз; 

 

 

 

- Сиздин кредиттик келишимге кол койгондон кийин, бирок акча каражаттарын айкын колго алганга чейин кредиттен акы төлөөсүз баш тартууга укугуңуз; 

 

 

 

- кредиттик продукттун толук наркы тууралуу маалымат; 

 

 

 

- кредит, туум, айыптык санкциялар боюнча төлөмдөрдүн эсептөө тартиби; 

 

 

 

- карыз алуучунун милдеттери; 

 

 

 

- карыз алуучунун кредиттик келишимдин шарттарын бузуу үчүн жоопкерчилиги; 

 

 

 

- кредит алууга байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер, алардын ичинде валюталык тобокелдиги, күрөөгө коюлган мүлктөн төлөттүрүп алууга кайрылуу жолу менен айрылуу тобокелдиги; 

 

 

 

- кредиттик келишимдин шарттарын үзгөртүү мүмкүнчүлүгү жана тартиби тууралуу? 

 

 

 

10  

ФКМде кайрылууларды карап чыгуу ички жол-жобосу каралганбы? 

 

 

 

11  

Сизге талабыңыз боюнча бекитилген кайрылууларды карап чыгуу тартиби тууралуу түшүндүрмө берилдиби? 

 

 

 

12  

ФКМде даттануулар катталган китепчеси каралганбы? 

 

 

 

13  

Даттануу же өтүнүч арыз менен кайрылуу учурда Сизди ФКМдин жооптуу кызматкерине жибердиби? 

 

 

 

».