Долбоор 

“Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин  

кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине  

текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө”  

НУСКОО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө” нускоо (мындан ары нускоо) адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүүнү жүргүзүү үчүн жооптуу болгон адамдардын иш-аракеттерин аныктайт.  

2.  Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүүнү жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринен болуп саналат. 

3. Нускоодо төмөнкү кыскартылган сөздөр колдонулат:  

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; 

УБИЗ Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы; 

УМНЛ Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы; 

СФКУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси; 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин/ адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалынын/ адистештирилген финансы-кредит мекемесинин алмашуу пунктунун кассалык жайы - адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы.  

 

2-глава. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жайларынын техникалык жактан бекемдигине карата талаптар  

 

4. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы турак/өндүрүштүк/турак жай эмес имаратта, соода уюмунун жайында, мейманканаларда, аэропортто, ошондой эле башка жайларда жайгаштырылат жана башка адамдардан, анын ичинде көрсөтүлгөн имараттардын/мекемелердин персоналынан жана кардарларынан изоляцияланууга тийиш.  

5. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы милдеттүү тартипте төбөсү жабык болууга тийиш.   

6. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы эки жакка ачылуучу кулпусу менен металл профилдин калыңдыгы кеминде 2 мм металл же металлпластиктен жасалган эшикти пайдалануу менен кирүү/чыгуу жерлери болууга тийиш.  

7.  Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын сырткы терезелери кеминде 16 мм диаметри, 150*150 мм ашпаган ячейкасы менен арматура же квадраттык болоттон жасалган металл торчолор менен милдеттүү тартипте бекемделет.  

8.  Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайында кардарларды тейлөө аймагы металл профилинин калыңдыгы кеминде 3 мм болгон металл же металлпластикалык тосмо менен тосулуп, тор эшик менен жабылуучу өткөрүп берүү лоток же кассалык терезелер менен жабдылууга тийиш. 

9. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы нак акчаны, валютаны, өлчөнгөн алтын куймаларды, алмашуу бюросунун/пунктунун кассалык жана башка документтерин сактоо үчүн металл сейф менен милдеттүү түрдө жабдылат, ал кеминде төрт анкердик бекитмелер менен жерпайга (полго) же болбосо дубалга бекитилүүгө тийиш.  

 

3-глава. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүүнү жүргүзүү  

 

10. Улуттук банктын кызматкерлери адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүүнү ушул нускоонун талаптарына ылайык, адистештирилген финансы-кредит мекемесинен Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына билдирме келип түшкөндөн кийин 10 жумуш күн ичинде жүргүзөт.  

11. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүү эки нускада түзүлгөн адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигин текшерүү актысы менен таризделет. Мында, актынын биринчи нускасы Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына берилип, актынын биринчи нускасынын көчүрмөсү Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгынын көктөмөсүндө сакталып, ал эми анын экинчи нускасы адистештирилген финансы-кредит мекемесинде болот.  

12. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүү жүргүзүлбөгөн учурда, кайталап текшерүүнү жүргүзүү адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бардык белгиленген сын-пикирлерди 10 жумуш күн ичинде четтетүү жөнүндө катынын негизинде жүргүзүлөт.  

13. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин дареги алмашкан учурда, кайталап текшерүү адистештирилген финансы-кредит мекемесинин катынын негизинде 10 жумуш күн ичинде жүргүзүлөт. 

14. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө Улуттук банктын кызматкерлери адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине тиешелүү кошумча суроолорду берүү укугуна ээ.  

 

 

Адистештирилген финансы-кредит 

мекемесинин кассалык жайларынын 

техникалык жактан бекемдигине 

текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө”  

нускоого карата 1-тиркеме  

 

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын 

техникалык жактан бекемдигине текшерүү актысы 

 

________________________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын аталышы, реквизиттери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган номери, ИНН, код ОКПО) 

 

20___ -жылдын «_______»____________ ______________________________________  

үзүлгөн жер) 

 

Улуттук банктын кызматкерлери,  

 

_______________________________________________________________________________________________ 

(кызматкерлердин аты-жөнү

_______________________________________________________________________________________________ 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин/анын филиалынын/анын алмашуу пунктунун кассалык жайынын техникалык жактан бекемдигине текшерүү жүзөгө ашырылгандыгы жөнүндө ушул акт түзүлдү

Бул акт жок болгон учурда адистештирилген финансы-кредит мекемесин каттоого документтер топтому кароого алынбайт. 

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин/филиалынын/алмашуу пунктунун дареги: 

Телефон / негизги  / байланыш   код ( ) № 

телефону жок    

Төмөнкү позициялардын болушуна текшерүү жүргүзүлгөн: 

 

 

 

Эки жакка ачылуучу кулпу менен кеминде 2 мм калыңдыгы менен металл же металлпластикалык кирүүчү эшик. 

  Ооба 

Жок 

Терезелерде металл торчолору барбы  

  Ооба 

Жок 

Металл профилинин калыңдыгы кеминде 3 мм болгон металл же металлпластикалык тосмолор менен тосуу жана тор эшик менен жабылуучу кассалык терезе менен жабдылганбы?  

  Ооба 

Жок 

Сейф 

  Ооба 

Жок 

 

Корутунду:__________________________________________________________ 

Талаптарга жооп берет/талаптарга жооп бербейт  

Акт түзүлгөн 

 

 

 

 

 

 

(аты-жөнү

 

(кызматы) 

 

(кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

 

(аты-жөнү

 

(кызматы) 

 

(кол тамгасы) 

Тааныштым  

 

 

 

 

 

 

(аты-жөнү

 

(кызматы) 

 

(кол тамгасы) 

Актынын экинчи нускасын алдым  

 

 

 

 

 

 

(аты-жөнү

 

(кол тамгасы) 

 

 

Сунуштарыныздарды ушул электрондук адреске narhangelsky@nbkr.kg жөнөтсөңүздөр болот.