Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

I. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы №5/5«Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндөгү» Жобонун жаңы редакциясы тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндөгү» жобонун: 

10 бөлүмүндө

- 10 пунктун 1 пункчасытөмөнкү редакцияда берилсин: 

«кредиттик союздун ишкерлигин токтотуусу»; 

- 10.3.-1 жана 10.3.-2 пунктартөмөнкү мазмундагы толукталсын: 

«10.3.-1. Кредиттик союздун кредиторлордун алдындагы, анын ичинде финансы-кредиттик мекемелердин бардык милдеттенмелери аткарылбаса, өзүн жоюу тууралуу чечими кабыл алууга жол берилбейт. 

10.3-2. Кредиттик союз лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензиялары менен бирге) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүн жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып үч күндүн ичинде тапшырууга тийиш.». 

 

II. Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 11- сентябрындагы №37/2«Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агентстволорду түзүү жана иши жөнүндө» Жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агентстволорду түзүү жана иши жөнүндө» жобонун: 

8 бөлүмү 8.2.-1 пункт төмөнкүмазмундагы толукталсын: 

«8.2.-1. МКК жана МКА кредиторлордун алдындагы, анын ичинде финансы-кредиттик мекемелердин бардык милдеттенмелери аткарылбаса, өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алууга жол берилбейт.». 

 

III. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31- январындагы №5/1 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндөгү» Жобо тууралуу»токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө» жобонун: 

10 бөлүмү 10.2.-1.пункттөмөнкү мазмундагы толукталсын: 

«10.2-1. МФК кредиторлордун алдындагы, анын ичинде финансы-кредиттик мекемелердин бардык милдеттенмелери аткарылбаса, өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алууга жол берилбейт.».