Долбоор 

 

Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23- декабрындагы №50/7 «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2.2 пунктунда «утурумдук» деген сөзү алып салынсын; 

- 3.2.2- пунктунун 5-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- күрөөгө карата талаптар жана анда талап кылынган документтер (күрөөнүн түрү, кредиттин ордун күрөө менен жабуу коэффициенти, рыноктук наркына баа берүүлөр жана жайгашкан жери, күрөөнү тескөө укугу);»; 

- 3.2.3- пунктун 3-абзацынан кийин төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«- кредитти максаттуу түрдө колдонулганын анализдөө жана мониторинг жүргүзүү;» 

- 3.2.4- пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2.4. Кредит боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана орду жабылбаган карызды аныктоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аны кайтаруу боюнча иштөө тартиби.»; 

- 4.1- пунктундагы «же болбосо ошол укук чегерилген адамдар» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 5.1.2-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кредиттик союздун ички саясаттарында билдирмелерди кароо мөөнөтү аныкталууга тийиш.»; 

- 5.1.4-пунктунда: 

«түзүлүп» деген сөзү «түзүлөт» деген сөзгө алмаштырылсын; 

«, анда ошол кредитке, андан кийинки кредиттерге (эгерде, келечекте бериле турган болсо) тиешелүү болгон бардык документтер көктөлөт (карыз алуучунун кредиттик досьесине карата минималдуу талаптар ушул жобонун 1-тиркемесинде келтирилген) төмөнкү редакцияда берилсин: » деген сөздөр алып салынсын; 

«Эгер кредитти берүүгө отказ кылынса, кредиттик союз катышуучуну жазуу түрүндө отказдын себептерин негиздеп кабыл алынган чечим жөнүндө кабарландыруу зарыл.» деген сүйлөм менен толукталсын; 

- 5.1.5-пункт алынып салынсын; 

- 5.2 - пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.2.Кредиттик келишимге карата талаптар жана аны түзүү тартиби. 

5.2.1. Кредиттик союз менен катышуучунун ортосунда келишилген ага карата бардык тиркемелери менен кредиттик келишим жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде же расмий тилде (катышуучуга тил тандоо укугун сунуштоо менен) түзүлөт. Кредиттик келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан аз болбоого тийиш. Кредитик союз Кыргыз Репсубликасынын мыйзамдарына ылайык, күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл 

Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучунун кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Катышуучунун кредиттик келишимдин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти боюнча жана анын тиркемелериндеги шрифт бирдей болуп, өлчөмү 12ден ашпоосу талап кылынат. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти боюнча жана анын тиркемелериндеги шрифт бирдей болуп, өлчөмү 12ден ашпоосу талап кылынат .  

5.2.2. Кредит келишимине кол коюуда кредит берүүгө байланыштуу бардык шарттар жана анын кайтарылышына байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон проблемаларды алдын алуу максатында, кредиттин ордун жабуу шарттарын тактоо зарыл.  

5.2.3. Кредиттик союз кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын кат түрүндөгү макулдугусуз эгерде, бул, карыз алуучунун укуктарын азайтып жана милдеттерин көбөйтүүгө алып келсе, аны бир тараптуу негизде алмаштырууга укуктуу эмес. 

5.2.4. Кредиттик келишимде номиналдык жана эффективдүү пайыздык чендер жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш. 

5.2.5. Кредитти жана кошуп эсептелген пайыздарды төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана карыз алуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында, кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына карата номиналдык пайыздык чен боюнча чегерилүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылуусу жана ага эки тараптуу кол коюлуусу зарыл.  

5.2.6. Кредиттик келишимде, кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

- тараптардын аталышы;  

- келишим предмети; 

- кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү  

- кредит берүүнүн негизги шарттары, анын ичинде максатын, суммасын, пайыздык чендерин (номиналдык жана эффективдүү), төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоо түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен;  

- карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзү кабыл алган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурдагы; 

- кредиттик союздун укуктары жана милдеттери; 

- кредиттик бюрого карыз алуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары (эгерде, бул кредиттик союз анын катышуучусу болуп эсептелсе); кредиттик бюрого кардар жөнүндө маалымат берүү (эгерде бул кредиттик союз анын катышуучусу болуп эсептелсе); 

- катышуучунун кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алган же лизинг келишими боюнча тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөн учурга чейин кредит алуудан (лизинг боюнча кызмат көрсөтүүдөн) кайтарымсыз негизде баш тартуу укугу

- катышуучунун кредитти кайсы гана учурда болбосун, кандайдыр-бир айыптык санкцияларсыз, төлөөгө чейин отуз күндөн кем эмес мөөнөт ичинде кредиттик союзга бул жөнүндө билдирген шартта, кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу

- форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта, кредиттик союз менен карыз алуучунун ортосундагы өз ара иш алып баруу шарттары. Форс-мажордук жагдайлар жаратылыш кырсыктарын (суу каптоо, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), эпидемияларды, өзгөчө кырдаалдардын киргизилишин, массалык баш аламандыктарды, талап-тоноочулукту, аскердик аракеттер ж.б. сыяктуу окуяларды камтышы мүмкүн, бирок чектелип калбайт.  

5.2.7. Кредиттик союз катышуучу ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлгөн анын укуктары, чыгашаларынын (төлөмдөр) тизмеси менен тааныштырууга тийиш, ал, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана эки тараптуу кол коюлат

Кредиттик союз зарылчылыгына жараша, катышуучуга кредит, туумдар, айыптар ж.б. боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартиби жагында түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш. 

Кредиттик союз кредиттик келишимдин шарттарына кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана кредиттик союз тарабынан алынган/төлөнгөн жана анын бекитилген тарифтерине ылайык жарыялангандардан тышкары, кредиттик келишимди түзүү жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучулар менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү негиздеги башка кызматтарды кошууга укугу жок.  

5.2.8. Катышуучу менен кредиттик келишим түзүлгөндөн жана ал тарабынан акча каражаттары алынгандан кийин, карыз алуучуга кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:  

- тараптардын колу коюлган жана ага карата кошо тиркелген бардык документтер менен кредиттик келишим; 

- кредиттик союздун катышуучуларынын укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкцияларынын тизмеси;  

- кредиттик келишимге кошо тиркелген төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн төлөмдөр графиги. 

5.2.9. Карыз алуучунун кредиттик досьеси (досьеге карата минималдуу талаптар ушул жобонун 1-тиркемесинде берилген) катышуучудан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага бул кредитке тиешелүү бардык документтер көктөлөт. Ошол карыз алуучуга берилген башка кредиттик продуктуга тиешелүү документтер өзүнчө досьеге көктөлөт.  

5.2.10. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө кредиттик союз кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга каттоого кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды документтештирүүсү жана алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Айрыкча, көйгөйлүү кредиттер менен иштөөдө жогорудагыдай эсепке алууну жүргүзүү маанилүү.»; 

- 6.2- пунктка карата сын-пикир төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан берилген кредиттин мөөнөтүнө жараша аныкталат. Эгерде кредиттин мөөнөтү бир жылдан көбүрөөк болсо, күрөөгө коюлган мүлккө мониторинг жылына бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- 6.6-пункту алынып салынсын;  

- 1-тиркеменин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«I. Карыз алуучунун кредиттик досьесине карата минималдуу талаптар. 

1. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат: 

1) кредиттик союзда белгиленген форма боюнча кредит алуу үчүн сунушталган билдирме; 

2) кредиттик союзга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде буга чейин ушул кредиттик союздан жана башка финансы-кредиттик мекемелерден алынган/төлөнгөн/төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар (карыз алуучунун кат жүзүндөгү маалыматына ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесиндеги); 

3) кредиттик союздун кардарын идентификациялоого мүмкүн болгон, ким экендигин тастыктоочу документтин көчүрмөсү

4) катышуучунун кирешеси жөнүндө маалымат; 

5) күрөөгө коюлган мүлккө жүргүзүлгөн опись (болгон шартта); 

6) катышуучунун жолдошунун/жубайынын макулдугу. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз эле, жеке ишкердик жүргүзгөн катышуучу (жеке адам) үчүн, жогорудагы документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат:  

1) юридикалык жакты түзүүсүз эле, жеке ишкердикти жүргүзгөн жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон шартта); 

2) патенттин көчүрмөсү (болгон шартта). 

3. Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган акча каражат булагына баа берүү

4. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө, катышуучу менен кошумча келишилген макулдашуулар. 

5. Кредиттик союздун тиешелүү органынын кредит берүү, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо жөнүндө чечими (болгон шартта). 

6. Карыз алуучу менен болгон байланыштарды эсепке алуу. 

7. Карыз алуучу менен кат алышуу (бардык корреспонденцияны кошо тиркөө менен). 

8. Юридикалык документтер (карыз алуучунун иш-аракеттери жөнүндө документтердин көчүрмөсү, мисалы, коштомо кагаздар, эсеп фактуралары, өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдер ж.б.). 

9. Кредиттин максаттуу пайдаланылганын текшерүү жөнүндө отчет. 

10. Кардардын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын талаптарына ылайык типтүү формасында түзүлгөн анкета.»; 

- төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

“Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти  

тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

жобого карата 2-тиркеме 

Кредиттик союздун катышуучуларынын укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкцияларынын тизмеси 

Кредиттик союздун катышуучусунун укуктары 

Кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып, акча каражаттарын алганга же келишим боюнча лизингге тиешелүү мүлк үчүн төлөмдү жүргүзгөнгө чейин кредит алуудан кайтарымсыз негизде баш тартууга 

Катышуучунун милдеттүү укуктары, кредиттик келишимде ушул жобонун талаптарына ылайык, сөзсүз түрдө көрсөтүлөт 

  

  

Кредиттик келишимди ага тиркелген бардык документтери менен колуна алууга жана юридикалык консультация алуу үчүн кредиттик союздун чегинен тышкары кайрылууга укуктуу, мында, кредиттик келишим менен таанышуу үчүн катышуучуга берилген убакыт бир күндөн аз эмес, бирок, үч күндөн көп болбоого тийиш 

Кредит, туум, айыптык санкцияларга тиешелүү төлөмдөрдү эсептөө тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга  

Кредиттик келишим жана ушул тизме түзүлүүчү (таризделүүчү) тилди (мамлекеттик же расмий) тандоого 

Кредит боюнча карызын кайтарууга чейин отуз күндөн кем эмес убакытта кредиттик союзга алдын-ала маалымдоо менен мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай төлөөгө 

Кредиттик союздун кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредиттин суммасы  

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт  

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр  

Билдирмелерди карап чыккандыгы үчүн комиссиялык (кредитти тариздөө) төлөмдөр  

Комиссиялык төлөм чегерилген учурда, алар кредиттик союздун бекитилген тарифтерине ылайык, пайыздык же нарктык мааниде кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит берилгендиги жана администрленгендиги үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Ссудалык жана/же күндөлүк эсептер ачылгандыгы (эгерде, эсеп ачуу кредиттик келишимди түзүү менен шартталса) жана тейленгендиги (эгерде, кредит боюнча операциялар нак эмес формада жүргүзүлсө) үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөмдөр (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акчаларды салуусу жана алуусу) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө

Кредиттик союз мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардардын кабардар болушу үчүн аталган чыгашалардын наркын үчүнчү жактардын учурда колдонуудагы тарифтери боюнча кредиттик келишим түзүлгөн күндө, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлө тургандыгын, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүп кетиши ыктымалдуулугун көрсөтүүгө тийиш. 

Карыз алуучунун эсептеринен көчүрмөлөр берилгендиги үчүн төлөмдөр 

Кредиттик союздун колдонуудагы тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт 

Башка чыгашалар  

  

Кредиттик союз тарабынан салынуучу айыптык санкциялар жана туумдар 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүнөн кечиктирилгени үчүн 

Кредиттик союзда белгиленген айыптык санкциялардын өлчөмүнө ылайык, кредиттик келишимдин негизинде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. Мында, негизги сумма жана пайыздардын мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн үстөк айып (айыптар, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн номиналдык пайыздык ченден ашпоого тийиш, ал эми кредит ишке кирген мезгил үчүн чегерилген үстөк айыптын (айыптар, туумдар) максималдуу өлчөмү, берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

Акча каражаттары алынгандан кийин кредиттик келишимди бузуу шарттары 

Кредиттик келишимдин негизинде, кредиттик союзда алынган айыптык санкциялардын өлчөмүнө ылайык, пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. 

Башка чыгашалар  

 

________________ _________ _______ ________________ _________ _____ 

(Кредиттик союздун (кол тамгасы) (күнү) (Кредиттик союздун (кол тамгасы) (күнү

аты-жөнү) катышуучусунун аты-жөнү

кредит боюнча 

адисинин аты-жөнү