Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын «___»_________  

№___ токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18 мартындагы №5/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан уюмдардын жана уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктолоор киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобонун: 

- 1.2 пунктунун бешинчи абзацындагы “Тышкы көзөмөл башкармалыгы” сөздөрүнөн кийин “Инспектирлөө башкармалыгы” деген сөздөр менен толукталсын;  

- 5.1 пунктундагы “банктык көзөмөл” сөздөрүн “көзөмөл блогу” деген сөздөргө алмашылсын;  

- 8.7 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«8.7. Улуттук банк таасир этүү чарасын (чараларын) колдонууга тиешелүү каршылык билдирген катты алгандан кийинки 20 иш күнүнө чейин Улуттук банк Башкармасы төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат: 

1) Улуттук банк Башкармасынын мурда кабыл алынган чечимдерин жарым-жартылай же толугу менен алып салуу жөнүндө

2) Улуттук банк Башкармасынын мурда кабыл алган чечимдерин жарым-жартылай же толугу менен өзгөртүү жөнүндө

3) Улуттук банк Башкармасынын мурда кабыл алган чечимдерин күчүндө калтыруу жөнүндө.”.  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 15 апрелиндеги №31/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдарынын банктык мыйзамдыгында административдик мыйзам бузууларды кароо жөнундө” нускоону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана төлүктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдарынын банктык мыйзамдыгында административдик мыйзам бузууларды кароо жөнундө Нускоонун 1 Тиркемесиндеги: 

- Кыргыз Республикасынын “Администравтидик жоопкерчилиги жөнүндөгү” кодексиндеги 357-363 беренелериндеги “кызмат акынын минималдуу өлчөмү” деген сөздөрдү “расчеттук көрсөткүч” деген сөздөр менен алмашылсын; 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдарынын банктык мыйзамдыгында административдик мыйзам бузууларды кароо жөнундө Нускоонун 2 Тиркемесиндеги: 

- Административдик мыйзам бузуу жөнүндө протокол төмөнкү редакцияды берилсин: 

«ПРОТОКОЛ 

АДМИНИСТРАТИВДИК МЫЙЗАМ БУЗУУ ЖӨНҮНДӨ 

______________ 20 ____ж. « ____ » ___________ 

(жазылган жер) 

___________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы) 

 

атынан___________________________________ атынан__________________________ 

(Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү

Кызматтык күбөлүктүн №____ Кызматтык күбөлүктүн №____  

 

Банктык укуктук актыларындагы административдик мыйзам бузуу жөнүндө протоколун тузду  

 

(административдик жоопекерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү

 

кылгын иш аракеттери__________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

 

___________________________________________________________________________ 

 

Мыйзам бузуучу жөнүндө

Паспорттук маалыматтар:___________________________туулган күнү_______________ 

Туулган жери:______________________________________________________________________ 

Катталган жери:______________________________________________________________________ 

Чынында жашаган жери:______________________________________________________________________ 

Мыйзам бузуу болгон адрес______________________________________________________________________ 

Мыйзам бузуу болгон күн, убакыт:____________________________________________________________________ 

Кошумча:___________________________________________________________________ (тил кат, кол койбогондугу жөнүндө маалымат) 

___________________________________________________________________________ 

Контактык маалымат:__________________________________________________________________ 

Улуттук банктын атынан: 

_________________________ ______________________________ ________________ 

(аты-жөнү) (кызматы) (колу) 

_________________________ _______________________________ ________________ 

(аты-жөнү) (кызматы) (колу) 

 

Административдик жоопкерчиликке тартылып жаткан жак: 

_________________________ _______________________________ ________________ 

(аты-жөнү) (кызматы) (колу) 

Кошумча: 

1.админисративдик жоопкерчиликке тартылып жаткан жак анын иши каралып жаткан учурда катышууга, иштин материалдары менен таанышууга, болгон окуя боюнча маалымат берүүгө, далилдерди берүүгө, өтүнүчтөрдү берүүгө, юридикалык жардам алууга, өзүнүн эне тилинде же өзу жакшы билип түшүнгөн тилде түшүндүрмө берүүгө, же котормочунун кызматы менен колдонууга, иш боюнча токтомго даттанууга укуктары бар (КР “Административдик жоопкерчилиги жөнүндө кодексинин 570 беренеси). 

2. Протоколду түзүүдө мыйзам бузуучуга анын укуктарын жана милдеттенмелери түшүндүрүлгөн 570 беренеге ылайык: 

Статья 570. Права и обязанности правонарушителя 

Лицо, привлекаемое к административной ответственности, вправе знакомиться с материалами дела, давать объяснения, представлять доказательства, заявлять ходатайства, уведомлять родных и близких об административном задержании, пользоваться юридической помощью адвоката, выступать на родном или ином языке, которым он владеет, и пользоваться услугами переводчика, если не владеет языком, на котором ведется производство, обжаловать постановление по делу. 

Дело об административном правонарушении рассматривается в присутствии лица, привлекаемого к административной ответственности. В отсутствие этого лица дело может быть рассмотрено лишь в случаях, предусмотренных пунктом 3 статьи 559 КоАО, либо когда имеются данные о своевременном его извещении о месте и времени рассмотрения дела и если от него не поступило ходатайство об отложении рассмотрения дела. В случае его уклонения от явки по вызову суда или органа внутренних дел, это лицо может быть подвергнуто принудительному приводу, предусмотренному статьей 561 КоАО. 

 

Укуктарым жана милдеттенмелерим менен тааныштым: __________________________ (датасы, колу)” 

 

 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдарынын банктык мыйзамдыгында административдик мыйзам бузууларды кароо жөнундө Нускоонун 3 Тиркемесиндеги: 

-Штраф салуу жөнүндө токтом төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Токтом 

Штрафтык төлөм салуу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

Бишкек ш, Чуй проспектиси, 168 20__ ж. “_____”________.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук бан Төрагасынын орун басары_____________________, №___ банктык укуктук актыларындагы административдик мыйзамын бузуу жөнүндө иштин матриалдарын карап чыгып ____ ___________________________________________________________________________ 

(админисративдик жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү)  

 

Туулган жылы «____» ________________________, туулган жери_________________ 

 

___________________________________________________________________________ 

 

Иштеген жери_______________________________________________________________ 

 

Табылган факт______________________________________________________________ ___________________________________________________________________________ 

(ишти кароо учурунда билинген маалыматтар) 

_____________________________________(паспорттук маалыматтар, катталган жери, чынында жашаган жери) акча штрафын, Кыргыз Республикасынын “Админисративдик жоопкерчилиги жөнүндө” кодексине ылайык, _________сом өлчөмдө токтом кылат. 

(сумма цифра менен) 

 

(_________________________) 

(сумма жазуу түрүндө

 

Токтом кол кюлган учурдан күчүнө кирет.  

 

Төраганын орун басары ___________________________ 

 

Токтомдун копиясын алдым ________________________________________________  

(аты жөнү) ( колу ) (дата)” 

 

 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23 мартындагы №7/5 “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү” жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун:  

- 1.2 - пуктундагы «Кредиттик союздарга» деген сөздөрдөн кийин «анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздарга» сөзү менен толукталсын; 

- 1.4 пункту бешинчи абзац менен толукталсын: 

«- Шариат стандарттарына ылайык эмес операцияларды жүргүзүү (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарга);»;  

- 2.1- пуктунун «г)» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“г) кредиттик союздун бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу же убактылуу четтетүү жөнүндө талап коюу”; 

- 2.2- пуктундагы «2.1 - пунктундагы» деген сөздөрдөн кийин «б),» сөзү менен толукталсын; 

- 2.5-1 пункту менен толукталсын: 

“2.5-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Областык башкармалыктары жана Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, Улуттук банкынын Көзөмөл комитетине документтердин долбоорлорун даярдап аларды Улуттук банктын көзөмөл болгундагы түзүмдүк бөлүмдөргө Көзөмөл комитетинде кароого жөнөтүлөт: 

- Тышкы көзөмөл башкармалыгына тышкы көзөмөл жана мониторинг учурунда мыйзам бузууларды байкаган учурда, жана инспекторлук текшерүүлөрдүн натыйжасында берилген талап/буйруктарды аткаруусунун мониторинг учурунда;  

- Инспектирлөө башкармалыгына инспектирлөө текшерүү жүргүзүү учурунда мыйзам бузууларды аныктаган учурда;  

- Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына лицензиялоо мыйзамдулуугун бузууларды аныктаган учурларда.”; 

- 2.8 - пуктундагы «(мындан ары атайын өкүл)» деген сөздөрдөн кийин «жана Улуттук банктын Баткен областтык өкүлчүлүгүнүн директору» деген сөздөр алынып салынсын;  

- 3 бөлүмдүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3. Таасир этүү чараларын колдонуу”; 

- 3.3 - пункту алтынчы абзац менен толукталсын: 

«- Шариат стандарттарына ылайык эмес операцияларды жүргүзүү (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарга);»;  

- 3.4 - пунктунда: 

3.4 пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3.4 Кредиттик союздун бардык же айрым аткаруучу кызмат адамдарын алмаштыруу же убактылуу четтетүү талабын Улуттук банкынын Көзөмөл комитети кабыл алат. Кредиттик союздун аткаруучу кызмат адамдарын алмаштыруунун же убактылуу четтетүүнүн негизи болуп төмөнкүлөр саналат:”; 

ушул пунктун 4 абзацындагы “атайылап” деген сөз алынып салынсын; 

ушул пункт жаны 5 абзац менен толукталсын: 

«- кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланыштуу болкп кредиттик союздун кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголгондугу (экономика чөйрөсүндөгү жана кызматтык кылмыш жасагандыгын айыптоо боюнча);»; 

- 3.5 - пуктундагы «белгиленген экономикалык ченемдердин» деген сөздөрдөн кийин «, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда Шариат стандартарын» сөзү менен толукталсын; 

- 3.7 - пунктунда: 

ушул пунктун биринчи абзацындагы «үч айга чейин» деген сөздөр алынып салынсын;  

ушул пунктун төртүнчү абзацындагы «атайылап» деген сөз алынып салынсын; 

- 3.8 пунктундагы «кредит» деген сөздөн кийин «(ислам кредиттик союздары үчүн - бүтүмдөрдүн шарттары боюнча сунуштай турган акча каражаттары)» сөздөрү менен толукталсын.; 

- 3.10 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3.10. Кредиттик союз Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин лицензияны (кошумча лицензияны кошо алганда) кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч күн ичинде, лицензиянын түп нускасын Улуттук банкка тапшыруусу милдеттүү, ал эми бир айдын ичинде соттон тышкаркы тартипте жоюлуу жол-жобосун баштайт.». 

 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19 майындагы №16/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө” жобонун: 

- 1.2 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

“1.2. Каттоодон өткөндүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары текст боюнча "Улуттук банк") "Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык берген лицензиясынын жана/же күбөлүгүнүн (мындан ары текст боюнча "лицензия"жана МФУнун кызмат адамдарына карата) негизинде иш алып барган микрофинансылык уюмдарга (мындан ары текст боюнча - "МФУ") карата Улуттук банктын эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуусунун тартибин белгилөө ушул Жобонун максаты болуп саналат.”; 

- 2.1 - пунктундагы бешинчи абзацындагы «жана/же финансы лизинги» деген сөздөр алынып салынсын;  

ушул пункт жаны бешинчи абзац менен толукталсын:  

«- айрым банктык операцияларды жана келишимдерди токтото туруу же чектөө киргизүү, анын ичинде: 

· дивидендтерди, бонустарды, премияларды жана башка эмгек акы боюнча сыйлык жана төлөөлөрду;  

· капиталдын эсептери менен жана башка операциянын түрлөрү.»; 

- 2.2 пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: банктык операцияларды токтото туруу же чектөө 

«- айрым банктык операцияларды жана келишимдерди токтото туруу же чектөө киргизүү, анын ичинде: 

· дивидендтерди, бонустарды, премияларды жана башка эмгек акы боюнча сыйлык жана төлөөлөрду;  

· капиталдын эсептери менен жана башка операциянын түрлөрү.”; 

- 2.3 пунктунун онунчу абзацындагы «чыгымдардын өлчөмү» деген сөздөрдөн кийин «, анын ичинде потенциалдуу чыгымдар;» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.2 пунктундагы экинчи абзацындагы “айрым операцияларды” деген сөздөрдөн кйийн “, келишимдерди, кошулаарды жана төлөмдөрдү” деген сөздөр менен толкуталсын; 

- 3.2-1 пункту менен толукталсын: 

“3.2-1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Областык башкармалыктары жана Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, Улуттук банкынын Көзөмөл комитетине документтердин долбоорлорун даярдап аларды Улуттук банктын көзөмөл болгундагы түзүмдүк бөлүмдөргө Көзөмөл комитетинде кароого жөнөтүлөт: 

- Тышкы көзөмөл башкармалыгына тышкы көзөмөл жана мониторинг учурунда мыйзам бузууларды байкаган учурда, жана инспекторлук текшерүүлөрдүн натыйжасында берилген талап/буйруктарды аткаруусунун мониторинг учурунда;  

- Инспектирлөө башкармалыгына инспектирлөө текшерүү жүргүзүү учурунда мыйзам бузууларды аныктаган учурда;  

- Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына лицензиялоо мыйзамдулуугун бузууларды аныктаган учурларда.”; 

- 3.7 пунктунун төртүнчү абзацын төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Улуттук банктын ушул операцияларды өткөрүү учурунда аныкталган укук бузууларды ондоо максатында берилген сунуш-көрсөтмөлөрү, буйруулары жана/же башка талаптары сакталбаса;”; 

- 3.8 пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“МКА/МККлар тарабынан Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү, буйруулары жана/же башка талаптары системалуу түрдө (эки же андан көп жолу) сакталбаса;”; 

- 4.3 - пунктунда: 

ушул пунктун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- айрым банктык операцияларды жана келишимдерди, кошууларды жана төлөмдөрдү токтото туруу, чектөө же тыюу киргизүү;” 

ушул пункт төмөнкү абзац менен толукталсын: 

«- МФК убактылуу башкаруусун киргизүү.” 

- 4.4 пункту алынып салынсын; 

- 4.9 - пунктунда: 

«кат жүзүндөгү келишимге», «келишим» деген сөздөрдү «милдеттенме кат» деген сөздөргө туура жөндөнмөдө алмашылсын;  

ушул пунктун бешинчи абзацынын экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Милдеттенме кат МФК тарабынан даярдалып, макулдашууга Улуттук банкка жөнөтүлөт, жана бир тарабынан МФКнын Директорлор кеңеши жана экинчи тараптан Улуттук банктын Төрагасынын орунбасары көзөмөл блоктун куратору кол койот. Милдеттенме катта МФКнын ишиндеги кемчиликтерди чететтүү жана анын финансылык абалын чыңдоо боюнча МФКнын ниети камтылууга тийиш.” андан ары текст боюнча; 

- 4.11 - пунктунда: 

ушул пунктун биринчи абзацындагы «талап кылынган деңгээлге чейин» деген сөздөрдөн кийин «так айтылган мөөнөттө» деген сөздөр менен толукталсын; 

ушул пунктун биринчи абзацынын акыркы сүйлөмү алынып салынсын;  

- 4.16 пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“ - МФК тарабынан Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү, буйруулары жана/же башка эскертүү чаралары жана санкцияларынын талаптары аткарылбай калышына байланыштуу;” 

- 1 Тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча «МФК» деген аббревиатураны “МФУ” деген аббревиатурага алмашылсын. 

 

 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17 февралындагы №2/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө” жобосундагы: 

- 61 пунктундагы «105» санын «180» санына алмаштырылсын.  

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябры N38/3 "Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө"жобосунда: 

- 1.1 - пунктундагы: 

“коммерциялык банктарда жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларда (мындан ары - текст боюнча банктар) консервациянын киргизүү жана аны жүзөгө ашыруу негиздери, тартиби Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында аныкталган.” деген сөздөр “коммерциялык банктарда жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларда жана катышуучуларынан депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздар (мындан ары - текст боюнча банктар) консервациянын киргизүү жана аны жүзөгө ашыруу негиздери, тартиби Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында аныкталган.” деген сөздөргө алмашылсын; 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000 жылдын №42/1 “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобосундагы: 

- 7.6 пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.6. Нак чет өлкө валютасы менен өткөргөн алмашуу операциялар боюнча чын эмес маалыматты берген учурда, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларынын өткөрүү тартибин, жана башка банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролордун (пунктардын) ишин белгилеген айрым нормативдик актылардын талаптарын бузуулаары аныкталган учурда, Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:”.