Долбоор  

“Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо 

 

Ушул Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", “Кредиттик союздар жөнүндө, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан

Жобо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүүгө лицензиясы (күбөлүгү) бар микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга (мындан ары -ФКМ) таркатылат.  

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

 1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келген бүтүмдөр боюнча ФКМ менен кардардын ортосунда түзүлгөн типтүү келишимдерди стандартташтыруу, ушул Жобонун максаты болуп саналат.  

2. Жободо Кыргыз Республикасынын “Кредиттик союздар жөнүндө, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында берилген аныктамалар колдонулат

3. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш

а) Шариат стандарттарына ылайык келүү

б) келишим түзүү эркиндиги

г) келишимдердин тең укуктуулугу

д) келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш

- тараптардын аталышы

- келишим предмети

- келишимдин аракеттенүү мөөнөтү

- каржылоону, анын ичинде анын максаттуу багытын, суммасын, сыйакыларын, төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоосунун түрүн көрсөтүү менен сунуштоонун негизги шарттары

- карыз алуучунун, анын ичинде келишим боюнча жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылбашы же тиешелүү деңгээлде аткарылбашы учурундагы укуктары жана милдеттери

- МФУлардын укуктары жана милдеттери

- кардардын, кайтарып берүү жүргүзүлчү күнгө кеминде 30 күн калганда МФУга бул тууралуу маалымдоо шарты менен эч кандай айыптык санкцияларсыз, кайсы болбосун учурда карызды мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу

- эгерде, келечекте товар өндүрүү келишим предмети болуп саналса, анда ал келишим товардын мүнөздүү өзгөчөлүгүн так чагылдырууга жана ал даярдала турган мөөнөттү алдын ала кароого тийиш

- келишим шарттары үчүнчү жактын менчикке укугун бузбоого тийиш

- келишим шарттарынан улам келип чыккан аракеттер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Шариат стандарттарына каршы келбөөсү зарыл

- келишимде тараптардын пайыздык киреше алуулары каралбоого тийиш

- келишим предметинин түрүнө жана санына карата аныксыздык (так эместик), ошондой эле келишим мөөнөтүнө карата аныксыздык (так эместик) орун алса, анда келишим түзүлбөйт

- кумар оюндарына, чочко эти кошулган эт азыктарын чыгарууга жана сатууга, курал-жабдыкка жана ок-дарыга, ошондой эле МФУнун Шариат кеңеши жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган ишкердик иштин башка түрлөрүнө байланыштуу келишимдерди түзүүгө жол берилбейт;  

- келишимдерде Шариат стандарттары менен тыюу салынган, алып-сатарлык мүнөздөгү бүтүмдөргө келишүүгө жол бербөөлөр каралууга тийиш

 

Эгерде, келишим шарттарында пайда алуу каралган болсо, анда пайданы тараптар ортосунда бөлүштүрүү тартиби да келишимде каралууга тийиш.  

4. ФКМ өз ыктыярына жараша ислам ФКМ иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимге ушул Жобого жана Шариат стандарттарына каршы келбей турган кошумча шарттарды киргизе алат

5. ФКМ ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келген, айрым операциялар боюнча түзүлгөн типтүү келишимдердин түрлөрүн белгиленген тартипте бекитүүгө укуктуу

6. ФКМ тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдердин бардык түрлөрү, белгиленген тартипте ФКМдин Шариат кеңеши менен макулдашылууга тийиш

7. Кардар каржылоону мөөнөтүнөн мурда төлөгөн жана төлөгөнгө чейинки кеминде отуз күн ичинде бул тууралуу ФКМге маалымдаган шартта, ФКМдин кардардан айыптык санкция алууга укугу жок

 

  2-глава. ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ТЪЗЪЛГЁН ТИПТЪЪ КЕЛИШИМДЕРДИН ТЪРЛЁРҮ  

§ 1. Мудараба келишими 

 

8. Мудараба келишими төмөнкү түрлөрдө түзүлүшү мүмкүн

а) эгерде, инвестор активдердин же мудариб тарабынан инвестирлениши үчүн обьекттердин тизмегин белгилөө укугуна ээ болсо, чектелген/атайын мудараба боюнча келишимдер. Мында, инвестирленүүчү ар бир обьектке карата мудариб менен инвестордун ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт

б) эгерде, мудариб сунушталган каражаттарды өз ыктыяры менен пайдаланууга укуктуу болсо, чектелбеген/жалпы мудараба боюнча келишимдер

9.Мудариб жана инвестор мудараба келишиминде тараптар катары иш алып барышат. ФКМ инвестор катары сыяктуу эле, мудариб катары да иш алып бара алат. Депозиттерди тартуу менен иш алып барбаган МФУ акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана кабыл ала алат.  

10. Мудараба келишими үчүнчү жактарга насыяларды берүүнү кошо алганда, акча каражаттардын максатка ылайыксыз пайдаланылышына тыюу салууларды алдын-ала кароого тийиш

11. Мудараба келишиминде, тараптар алардын негизинде келишимдерге кол коюуга укуктуу болгон, документтердин тизмеги милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш

12. Мудараба келишиминде тараптардын укуктары жана милдеттери караштырылууга тийиш

а) Инвестордун укуктары жана милдеттери төмөнкүлөрдү карайт

- инвестордун келишим шарттарына ылайык иш алып барууга милдеттерин

- инвестордун акча каражаттарын келишимде белгиленген мөөнөттө мударибге берүү милдеттерин;  

- инвестордун аларга берилген акча каражттардын сарпталышына контролдук жүргүзүүгө укугун

- мониторинг жүргүзүү жана консультацияларды берүү менен гана чектелип, келишим шарттарын аткаруу боюнча мударибдин күндөлүк ишине инвестордун кийлигишүүгө тийиш эмеситиги милдетин

- инвестордун укуктук маселелерди кошо алганда, келишим шарттарын аткаруунун жүрүшүндө мударибге консультацияларды берүүгө укугун;  

- келишим шарттарынын мудариб тарабынан аткарылышын текшерүүгө инвестордун укугун, ушуга байланыштуу ал сурашы мүмкүн болгон кайсы болбосун отчетторду, мудариб инвесторго сунуштайт;  

- инвестордун пайданы келишимде белгиленген мөөнөттө алууга укугун

- мудараба келишиминин шарттары аткарылбаган же алгылыксыз аткарылган шартта, келишим боюнча, анын ичинде мудариб тарабынан сунушталган камсыздоонун эсебинен берилген сумманы мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү мударибден талап кылууга инвестордун укугун

 

б) Мударибдин укуктары жана милдеттери төмөнкүлөрдү карайт

- мударибдин келишим шарттарына ылайык иш милдеттери

- мударибдин келишимдин максатына - максималдуу пайда алууга жетишүү үчүн бардык зарыл аракеттерди көрүү милдети

- мударибдин Шариат стандарттарынын зарыл болгон талаптарын жана келишим шарттарын ошондой эле, акча каражаттарды сарптоонун финансылык тартибин сактоо максатында, ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоордун сапатына толук контролдукту жүргүзүү милдети

- мударибдин келишим шарттарын аткаруунун жүрүшүндө өз алдынча иштөө (колдо болгон эмгек ресурстары менен) милдети. Эгерде, келишим шарттарын аткаруу үчүн мударибдин ишинин/компетенциясынын чегинен тышкаркы иштерди аткаруу зарыл болсо, ал тиешелүү билим деңгээлине ээ же ушул келишим боюнча иштерди аткарууга лицензиясы же уруксат берүүчү документтери бар үчүнчү тарапты тартууга укуктуу

- мударибдин келишим шарттарына жана мыйзам актыларындагы талаптарга, ал эми мындай шарттардын жана талаптардын жоктугу учурунда мурдатан колдонулуп келе жаткан ишкердик аракеттерге же адетте коюлуучу башка талаптарга ылайык, келишим шарттарын аткарууда, ошондой эле максатка жетүү үчүн ак ниеттүү жана алгылыктуу болуп саналган ыкмада иштөө милдети

- мударибдин, инвестордон алган акча каражаттарды мудараба келишиминде каралган максаттарда гана пайдаланууга укугу;  

- мударибдин мудараба келишиминин аракеттенүүсү мезгили ичинде, келишим түзүшкөн тараптардын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон пайданы аныктоого мүмкүндүк берген, инвестордон алынган жана келишим шарттарын аткаруу процессинде алынган акча каражаттарын (кирешени) пайдалануунун эсебин жүргүзүү милдети. Мудариб мудараба келишиминин шарттарынын аткарылышына тиешелүү бардык сарптоолорду документардык түрдө эсепке алууга тийиш

- мударибдин келишим шарттарын аткарууда ишкердик иштерди инвестордун катышуусуз, өз алдынча жүргүзүүгө укугу, мында мудариб мудараба келишим шарттарын натыйжалуу аткаруу максатында, инвестордон консультация ала алат

- мударибдин мудараба келишимине ылайык сыйакыларды алууга укугу

13. Келишимдин аракеттенүү жана аткарылышы мөөнөттөрү тараптар тарабынан аныкталат

14. Келишимде инвестордун сунуштаган каражаттар үчүн мударибден камсыздоону (күрөөнү) алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле мудариб укукка жатпаган аракеттерге, этиятсыз мамиле жасоого же келишим шарттарын бузууга жол берип, анын натыйжасында чыгым келип чыкса, камсыздоо предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө инвестордун укугу караштырылууга тийиш.  

15. Мудараба келишиминде, келишим тараптарынын ар биринин пайдасы, инвестор сунуштаган каражаттарды пайдалануунун жүрүшүндө мудариб тарабынан алынган пайдадан үлүш катары (пайыздык катышта) аныкталаарына тиешелүү шарттар каралууга тийиш

16. Мудараба келишимине төмөнкү шарттар милдеттүү түрдө камтылууга тийиш

а) эгерде келишимди аткаруунун натыйжасында мудариб, пайда албастан, чыгымга да учураган болсо, инвестор сунушталган акча каражаттарынын суммасы өлчөмүндө чыгым тартат, ал эми мудариб бул учурда өз эмгеги үчүн сыйакы албай калат. Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн мындай эрежеси, чыгымдын келип чыгышына мударибдин күнөөсү болбогон учурда колдонулат

б) эгерде чыгым мударибдин күнөөсү боюнча, же укукка жатпаган аракеттеринен/аракеттенбей коюусунан улам чыгым келип чыкса, алардын орду мударибдин эсебинен жабылууга тийиш. Мында, инвестор мударибден келишим боюнча берилген акча каражаттарын камсыздоонун эсебинен алууга укуктуу, ал эми камсыздоо жетишсиз болгон шартта, мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен ала алат

в) келишимде келишим шарттары аткарылбаган, өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган, активди төлөөнүн артыкчылыктуу тартиби көрсөтүлүүгө тийиш.  

17. Мудараба келишиминде анын төмөнкү учурларда токтотулушу каралуусу зарыл

а) келишимдин аракеттенүү мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча

б) келишим тараптарынын макулдугу боюнча

в) же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде каралган башка учурларда

 

Эскертүү: Мудараба типтүү келишими, ушул Жобого карата 1-тиркемеде келтирилген

 

2-глава. Мурабаха келишими 

 

18. МФУ/КС жана ал үчүн белгилүү бир товардын МФУ тарабынан сатылып алынышы жөнүндө билдирме берген кардар, мурабаха келишиминин тараптарынан боло алышат

19. Мурабаха келишими боюнча ФКМ, өз атынан кардардын буйрутмасы боюнча келишим предметин сатып алуу менен аны кийинчерээк төлөп берүү шартында кардарга сатууга милдеттенет.  

20. Мурабаха келишими боюнча келишим предметин кардарга сатууда ФКМ, келишим предметине карата менчик укугуна ээ болууга тийиш

21. Келишим предметине карата менчикке укук, эгер келишим шарттарында башкасы белгиленбесе, келишим предметинин баасы толугу менен төлөнгөндөн кийин кардарга өтөт

22. ФКМ сатып алуу-сатуу келишимин өз алдынча сыяктуу эле, агент аркылуу да түзө алат. ФКМ анын атынан жана ФКМдин эсебинен аракеттенген кардарды агент катары дайындай алат

23. Кардар ФКМдин атынан агент катары иш алып барган учурда, төмөнкү шарттарды сактоосу зарыл

а) ФКМ сатуучуга төлөп берүүгө жана товардын баасын агент катары иш алып барган кардардын эсебине салбоого тийиш

б) ФКМ сатуучудан сатуу ишке ашырылгандыгы тууралуу документ түрүндөгү тастыктаманы алууга тийиш

24 Кардар, ФКМдин агенти катары иш алып барган болсо да, келишим предметин сатып алуу-сатууга байланышкан бардык документтер жана контракттар ФКМдин атынан түзүлүүгө тийиш

25. ФКМ, келишим предметин товар берүүчүнүн аймагынан же берүүнүн шарттарында көрсөтүлгөн кайсы болбосун башка жерден алуусу зарыл

26. ФКМ мурабаха келишимине төмөнкү шарттарды да камтый алат

а) товар кардардын менчигине өткөндөн кийин, келишим предметиндеги кандайдыр бир кемчиликтери үчүн ФКМдин жоопкерчилик тартпай тургандыгы жөнүндө

б) кардар мурабаха келишими күчүнө киргизилгенден кийин келишим предметин сатып алуудан баш тарткан учурда, ФКМ келишим предметин сатып алууга байланышкан, сатылган товардын наркындагы анын жабылбай калган чыгашаларынын ордун толтуруу боюнча милдеттенмени кардарга жүктөө менен мурабаха келишиминин предметин үчүнчү жакка сатуу укугуна ээ экендиги тууралуу

27. ФКМ төмөндөгүлөргө карата мурабаха бүтүмүн түзүүгө укугу жок

а) баалуу металлдар (алтын, күмүш ж.б.), чет өлкө валюталары боюнча

б) дебитордук карыз активдердин камсыздоосу болуп саналган, жүгүртүү капиталы менен

в) бүтүмдөрдү кайра каржылоодо

28. ФКМ, эгерде кардар төлөөлөрдү келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирген шартта, келишим предметин сата алат. Эгерде ФКМ, келишим предметин саткан болсо, анда буга чейин кардардан алынган төлөөлөрдүн орду толтурулуп берилет

29. Эгерде ФКМ, кардардан камсыздоону алган болсо, анда сотко кайрылуусуз эле карыздын ордун жабуу үчүн күрөөнү сатуу жөнүндө ФКМге уруксат (буйруу) берет

30. Мурабаха келишиминде төлөө баасы жана тартиби алдын-ала каралууга тийиш. Мурабаха келишиминде, ФКМ тарабынан келишим предметин сатуу баасы, тараптар тарабынан сатып алуу баасынын суммасы жана тараптарга макулдашылган баага кошумчаланган сумма катары аныктала тургандыгы шарты каралууга тийиш. Баага кошумчаланган сумма төмөнкү түрлөрдө белгилениши мүмкүн

- катталган бир жолку төлөнүп берилүүчү сумма

- келишим предметинин наркынан үлүш.  

Сатуу баасында үстөк баанын өлчөмүн милдеттүү түрдө бөлүп көрсөтүү, мурабаха келишиминин олуттуу шартынан болуп саналат

31. Мурабаха келишиминде келишим предметинин баасына төлөөлөр кыска мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк негизде утурумдук төлөөлөр менен жүргүзүлүшү мүмкүндүгү караштырылышы ыктымал. Ал эми, кардар кийин төлөп берүү шартында сатылган күрөө предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөттө ишке ашырбаса, кардар тараптар тарабынан белгиленген өлчөмдө, ар бир төлөнбөй калган күн үчүн неустойкаларды төлөйт, алар кайрымдуулук максаттарына багытталат. Кардар ФКМдин эмес, өз ыктыяры боюнча, кайрымдуулук уюумуна неустойканы бергендиги тууралуу тиешелүү документтерди берүүгө тийиш.  

32. Мурабаха келишиминде ушул келишим боюнча сатылып алынган келишим предметинин баасына кошулуучу чыгашаларга төмөнкүлөрдүн да камтылышы каралууга тийиш

- камсыздандыруу боюнча чыгашалар

- ФКМдин товар сатып алууга байланышкан кийинки сарптоолору, ошондой эле аларды ташып жеткирүүгө кеткен чыгашалар, импорттук алымдар ж.б. чыгашалар

33. Мурабаха келишиминде, ФКМ белгиленген келишимдин түзүлүшүнүн жана анын аткарылышынын камсыз кылынышынын далили катары мурабаха келишими боюнча тиешелүү төлөмдөрдүн эсебинен кардардан аванс ала ала тургандыгы каралууга тийиш

34. Мурабаха келишимин түзүүдө, анын негизинде бүтүмдөр жүзөгө ашырыла турган бардык шарттар каралууга тийиш, анын ичинде

а) үчүнчү тараптарга төлөөлөрдү кошо алганда, ФКМдин бардык чыгашаларын ал сатуу баасына кошо тургандыгы шарты. Мында, ФКМ кызматкерлеринин эмгек акы төлөө боюнча сарптоолор чыгашаларга чегерилүүгө тийиш эмес

б) сатып өткөрүү баасы

в) баага кошулган сумманын өлчөмү - ФКМ ушул бүтүмдөн алган сыйакы

Мында, сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма белгисиз жагдайлардан улам, мисалы, сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма келечекте белгилүү болуучу кандайдыр бир көрсөткүчтөргө жараша белгиленбейт. Мында, сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма буга чейин эле кардарга белгилүү болгон көрсөткүчтөргө жараша, келишим түзүү баскычында белгиленишине жол берилет. Баага кошумчаланган сумманын өлчөмү убакыт аралыгы факторуна көз каранды болушу мүмкүн эмес

35. Мурабаха келишиминде Кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдын-ала маалымдалган шартта, кезектеги төлөмдү негизсиз кечиктирген учурда ФКМдин кардардан мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укугу каралышы мүмкүн.  

36. Мурабаха келишиминде, келишим предмети үчүн төлөөнү кардар келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөбөстөн, узак убакытка кармап койгон учурда ФКМдин өз ыктыяры боюнча төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу укугу караштырылууга тийиш

а) албетте, ал орун алган болсо, келишим предметине жарым-жартылай төлөөнүн эсебине кардардан алынган акча каражаттарынын ордун ага толтуруп берүү менен товарларды үчүнчү жактарга сатуу

б) келишим предмети үчүн толук төлөнүп берилмейинче, кардардын товарга менчикке укугун тариздебөө

37. Комиссиондук сыйакылар жана мурабаха келишими боюнча каржылоо мүмкүнчүлүгү үчүн төлөмдөр ФКМ тарабынан кардардан кармалбайт.  

38. Мурабаха келишими боюнча документтерди даярдоого кеткен чыгашалар, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ФКМ менен кардардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Мында, тараптардын бардык чыгашалары алардын ортосунда тараптардын ар бири аткарган реалдуу иш көлөмүн эске алуу менен адилет бөлүштүрүлүүгө тийиш

39. ФКМ, эгерде ал кардардын өтүнүчү жана анын пайдасы үчүн түзүлсө жана кардар ага төлөөгө макулдугун берсе, техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо үчүн төлөмдү кармап кала алат

40. ФКМ, кардар тарабынан мурабаха келишими боюнча милдеттенмелердин тиешелүү негизде аткарылышын камсыз кылуу максатында, кардар менен акча каражаттарын күрөөгө алуу же камсыздоонун башка түрү жөнүндө келишим түзүүгө тийиш. Күрөө катары берилген акчалай сумма, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ФКМ тарабынан инвестицияланышы мүмкүн эмес

41. Кардардын өтүнүчү боюнча күрөө катары берилген акчалай сумма мурабаха келишимине ылайык товарлар үчүн төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн

42. ФКМ, кардар мурабаха келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин күрөөнү кайтарып берүүгө милдеттүү.  

43. ФКМ, товарды жеткирип берүү же сактоо учурунда алардын бузулушуна, жок болуп кетишине же жоголушуна байланыштуу бардык тобокелдиктерди өзүнө алат жана алар күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес

 

Эскертүү: Мурабаха типтүү келишими ушул жобого карата 2-тиркемеде келтирилген

 

III-бөлүк. Корутунду жоболор

 

3.1. ФКМ, ислам ФКМ иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн келишимге, ушул убактылуу жобого жана Шариат стандарттарына каршы келбеген кошумча шарттарды, өз каалоосу боюнча киргизе алат

 

 

 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимге карата талаптар жөнүндө» убактылуу жобого карата 

1-тиркеме  

 

 

Мудараба келишими (чектелген/атайын). 

_______ 

 

Бишкек ш

20 __-жылдын «____» ______________ 

 

Мындан ары «ФКМ» деп аталуучу,________________________________ылайык иш алып барган _______________________________________________атынан 

________________________________________________________бир тарап, мындан ары «Мудариб» деп аталуучу, ____________________________________ ылайык иш алып барган _____________________________________________________________атынан ______________________________экинчи тарап, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү

 

1. Келишим предмети

1.1. ФКМ ушул келишимге ылайык, мударибге акча каражаттарын сунуштайт, ал эми мудариб ал каражаттарды өз эмгек ресурстарын колдонуп, зарылчылык келип чыккан шартта, пайда алуу үчүн жана ушул келишимге ылайык акча каражаттарын Тараптар ортосунда бөлүштүрүү максатында, ______________________________ боюнча бизнес долбоорду ишке ашырууга уруксат берген тиешелүү документтери бар башка уюмдарды жалдоо менен пайдаланат

Мудариб ______________________________________________милдеттенет, ошондой эле анын компетенциясына тиешелүү бардык юридикалык жана айкын аракеттерди көрүп, ушул келишимге кол койгон күндөн тартып ___________________________кечиктирбестен __________________________________________ камсыз кылат.  

1.2. Мудараба ушул келишим боюнча чектелген/ атайын болуп саналат, ошол себептен Мудариб сунушталган акча каражаттарын ____________________________ гана багыттоого укуктуу

1.3 _______________________________(бизнес-долбоордун) наркы тараптар тарабынан _______________________________сом суммасында аныкталган

1.4. Мудараба ушул келишим боюнча ачык болуп саналат, ошол себептен ФКМ мударибден, эгерде ал тарабынан келишим шарттарын бузууга жол берилген болсо, сунушталган акча каражаттарын биринчи эле талап кылуу боюнча, мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу, мында ФКМ пайданын бөлүгүн талап кылууга укугу жок.  

2. Каржылоо тартиби 

2.1. ФКМ ушул келишимге ылайык мударибге ___________________________сом суммасындагы акча каражаттарын сунуштайт

2.2. Мудариб ФКМнын катышуусу менен төмөнкүлөрдү бекитет

- ушул келишимге карата 1-тиркеме болуп саналган __________________________, боюнча иштерди жүзөгө ашыруунун графигин

- ушул келишимге карата 2-тиркеме болуп саналган, иштердин Тараптар тарабынан каржылоо графигин

ФКМ, акча каражттарын ушул келишимге карата 2-тиркеме болуп саналган иштерди каржылоо графигине ылайык, ошол графикте каралган сумманын чегинде, транш түрүндө сунуштайт. ФКМ тарабынан каржыланган акча каражаттарын өздөштүрүүнүн жалпы суммасы, ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн суммадан ашпоого тийиш

2.3. ФКМ, ар бир кийинки траншты мудариб өткөн траншты пайдалангандыгы жөнүндөгү ФКМди канааттандыра турган отчетун берген шартта гана сунуштайт

2.4. ФКМ, ар бир траншты мударибдин билдирмеси боюнча, акча каражаттарды анын эсебине, же мудариб менен келишимдик мамиле түзүшкөн берүүчүлөрдүн жана иш тапшыруучулардын эсебине чегерүү аркылуу ага берет. Ар бир билдирмени мудариб акча каражаттарын бөлүштүрүү (выборка) күнүнө чейинки кеминде 3 (үч) күн мурда ФКМге берүүгө тийиш, ал эми билдирмеде көрсөтүлгөн сумма акча каражаттарын бөлүштүрүү графигинде аныкталган суммадан көп болбошу зарыл

2.5. __________________________________ (бизнес-долбоор) кымбаттаган шартта, ____________________________ (бизнес-долбоор) бүткөрүү үчүн зарыл болгон инвестициялардын графиги тараптар тарабынан кошумча келишим менен аныкталат

2.6. Мударибдин билдирмеси боюнча акча каражаттарды берүүчүнүн эсебине чегерүү же мударибге накталай берүү, ФКМ тарабынан милдеттенмелердин тиешелүү түрдө аткарылышы болуп саналат

2.7. __________________________________ (бизнес-долбоорду) ишке ашыруунун жүрүшүндө же ал аяктагандан кийин __________________________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) алган жактардан алынган акча каражаттардын 100% (жүз) пайызы, мудариб тарабынан ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн ошол долбоор боюнча, ФКМдан алынган акча каражаттардын ордун толтурууга багытталууга тийиш. Калган суммасы Келишимдин 3.1 жана 3.2-пункттарына ылайык бөлүштүрүлөт. Мудариб тарабынан ушул пункта көрсөтүлгөн сумманын ФКМге чегерилиши,_______________________________ (бизнес-долбоордун натыйжасы) ишке ашыруу жөнүндө келишим, мудариб тарабынан түзүлгөн күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт.  

2.8. Эгерде, келишимдин 2.7-пунктун аткарууда, 2.1-пункка ылайык суммадагы ФКМ алдындагы карыз мудариб тарабынан толук толук төлөнсө, 3.3-пунктту эске алуу менен келип түшкөн каражаттардын калган бөлүгү тараптар тарабынан _____% прапорциясында ФКМге, _____% мударибге бөлүштүрүлөт. Мудариб тарабынан ушул пункта көрсөтүлгөн суммалардын ФКМге чегерилиши, ал __________ (бизнес-долбоордун натыйжасы) жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт.  

3. Түшкөн пайдаларды жана кеткен чыгымдарды бөлүштүрүү тартиби

3.1. Келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдөгү акча каражаттарынын суммасы, 2.7- жана 2.8- пункттарга ылайык төлөөлөрдү, 3.3.-пунктуна ылайык ______________________________(бизнес-долбоордун) кымбатташын, _________________ (бизнес-долбоордун натыйжаларынын) сатып өткөрүүдөн түшкөндөрдү эске алуу менен мударибдин ФКМ алдындагы карызын төлөөгө багытталат

3.2. Ушул келишимдин 1.2-пунктта көрсөтүлгөн, _______________________ (бизнес-долбоордун натыйжаларын) сатып өткөрүүдөн түшкөн, аларды 3.1-пункка ылайык бөлүштүрүүдөн кийинки акча каражаттарынын суммасы төмөнкү прапорция боюнча бөлүштүрүлөт:  

а) ______% ФКМге

б) ______% мударибге

3.3. Эгерде ушул келишимдин 1.2.-пунктунда көрсөтүлгөн _____________________________ (бизнес-долбоордун) кымбаттоосу жүрсө, анда ал төмөнкү тартипте каржылоого алынат:  

а) _______________________ (бизнес-долбоорду) бүткөрүү үчүн зарыл болгон сумманын ______% ФКМ тарабынан инвестицияланат;  

б) _______________________ (бизнес-долбоорду) бүткөрүү үчүн зарыл болгон сумманын ______% мудариб тарабынан инвестицияланат;  

 

3.4 Эгерде ушул келишимдин 1.2.-пунктунда көрсөтүлгөн _____________________________ (бизнес-долбоордун) кымбаттоосу учурунда, тараптардын макулдашуусу боюнча 3.1-жана 3.2-пунктарга тиешелүү корректировкалоолору менен 2.1-пункта жыйынтыктоочу сумма кошумча аныкталат

3.5. 3-главага ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон суммаларды бөлүштүрүү мудариб, __________________ (бизнес-долбоордун натыйжаларын) же анын бөлүгүн __________ чегинде сатып өткөрүү жөнүндө келишим түзгөндөн кийинки 5 күн ичинде жүргүзүлөт.  

3.6. Эгерде, келишимди аткаруунун жүрүшүндөгү чыгымдар мударибдин күнөөсүнөн улам же укукка жатпаган аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан болсо, бул чыгымдар мударибдин эсебинен жабылат. Мында ФКМ, келишим боюнча мурда берилген сумманы камсыздоонун (күрөөнүн) эсебинен, ал эми ал жетишсиз болгон учурда мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу.  

Күнөөсүнүн жоктугу мудариб тарабынан тастыкталат

4. ФКМнын укуктары жана милдеттери 

4.1. ФКМнын милдеттери: 

(а) мударибге келишимде белгиленген тартипте (2.2., 2.3., 2.4. жана 2.5-пунктар) мурда макулдашылган сумманы берүү

(б) транш боюнча алынган акча каражаттардын чыгымдалышына контролдукту жүргүзүү

(в) мударибдин келишимди аткаруу боюнча күндөлүк ишине кийлигишпөө, жалпы көзөмөлдүк жана консультацияларды берүү менен гана чектелүү

(г) келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн_______________________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) сатып өткөрүү баасын мударибге макулдашуу. Мында Тараптар, келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн ______________________ (бизнес-долбоордун натыйжалары), ушул келишимдин колдонуудагы мөөнөтү ичинде тараптардын өз ара макулдашкан баасы боюнча, бирок, товардын ар бир бирдиги үчүн _________ сомдон кем эмес баада сатылууга тийиш экендигине макул болушкан.  

4.2. ФКМнын укуктары:  

(а) ФКМ укуктук маселелерди жана тиешелүү уюмдарды тартуу менен жүргүзүлүп жаткан курулушка экспертиза жүргүзүү маселелерин кошо алганда, ушул келишимдин ал тарабынан аткарылышынын жүрүшүндө мударибге консультацияларды берүүгө укуктуу

(б) ФКМ алынган сумманын мудариб тарабынан пайдаланылышына контролдук кылууга укуктуу

(в) ФКМ ушул келишимдин мудариб тарабынан аткарылышына текшерүү жүргүзүүгө укуктуу, ошого байланыштуу мудариб ал тарабынан талап кылынган кандай болбосун отчетторду ФКМге берип турат

(г) ФКМ келишимде аныкталган сумманы келишимде белгиленген мөөнөттө алууга укуктуу

(д) ФКМ, ушул келишимдин шарттары аткарылбаган учурда, Келишим боюнча 

берилген сумманы кайтарып берүүнү, анын ичинде күрөөнүн эсебинен кайтарып берүүнү мударибден талап кылууга укуктуу

5. Мударибдин укуктары жана милдеттери

5.1. Мударибдин милдеттери

(а) келишим талаптарына ылайык иш алып барууга

(б) келишимдин максаттарына максималдуу пайда алууга жетишүү үчүн бардык күч аракетин жумшоо

(в) стандарттардын, нормалардын жана эрежелердин ж.б., зарыл болгон талаптардын, ошондой эле акча каражаттарын сарптоонун финансылык тартибин сактоо максатында ________________________ (ишке ашырылган бизнес-долбоор) сапатына толук контролдук жүргүзүү;  

(г) келишим шарттарын аткаруу учурунда өз алдынча иштөө (колдо болгон эмгек ресурстары менен). Эгерде, келишим шарттарын аткаруу үчүн ишкердик чөйрөсүнө кирбеген кандайдыр бир башка аракеттерди көрүү зарылчылыгы келип чыкса, ал тиешелүү билим деңгээлине ээ же ушул келишим боюнча иштерди аткарууга лицензиясы же уруксат берүүчү документтери бар үчүнчү тарапты тартууга укуктуу

(д) келишим шарттарына жана мыйзам актыларындагы талаптарга, ал эми мындай шарттардын жана талаптардын жоктугу учурунда мурдатан колдонулуп келе жаткан ишкердик аракеттерге же адетте коюлуучу башка талаптарга ылайык, келишим шарттарын аткарууда, ошондой эле максатка жетүү үчүн ак ниеттүү жана алгылыктуу болуп саналган ыкмада иштөө

(е) ушул келишим шарттарына ылайык ФКМден алынган акча каражаттарын пайдалануу. Келишимди аткаруунун жүрүшүндө Мудариб сунушталган акча каражаттарын ушул келишимде каралбаган максаттарга пайдаланууга укугу жок

(ж) ушул келишимдин аракеттенүүсү мезгили ичинде, келишим түзүшкөн тараптардын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон пайданы аныктоого мүмкүндүк берген, ФКМден алынган жана келишим шарттарын аткаруу процессинде алынган акча каражаттарын (кирешени) пайдалануу эсебин жүргүзүү. Ал ушул келишиминин аткарылышына тиешелүү бардык сарптоолорду документалдык түрдө эсепке алууга, ар бир айдын бешине чейин мурдагы ай үчүн түшкөн кирешелер жана кеткен чыгашалар жөнүндө отчету берип турууга тийиш

(з) ушул келишимдин 2.3-жана 2.5-пунктарында каралган кийинки траншты алуунун алдында, өткөн траншты пайдалангандыгы жөнүндө ФКМди канааттандырган отчетторду берүү

(и) Келишимдин 1.2.-пунктунда көрсөтүлгөн ______________________________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) сатып өткөрүү баасын ФКМге макулдашуу

(к) ушул келишим толугу менен аткарылып бүткөнгө чейин аны токтотууга жол бербөө

(л) _______________(бизнес-долбоордун натыйжалары) ишке ашырылгандыгы жөнүндө ФКМге 3 жумуш күнү ичинде маалымдоо

5.2. Мударибдин укуктары

(а) келишимди аткаруунун жүрүшүндө өз алдынча, ФКМдин катышуусуз эле ишкердикти жүргүзүү, ошондой болсо да, мудариб келишимди натыйжалуу аткаруу максатында, ФКМден консультация алууга милдеттүү

(б) ушул келишим шарттарын аткаргандыгы үчүн 3.2-пунктуна ылайык сыйакы алуу

6. Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмалары 

6.1. Мудариб ушул келишим боюнча милдеттенмелердин тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу максатында, ФКМге ___________________________________ күрөөгө коет (мындан- ары текст боюнча «күрөөгө коюлган мүлк» же «күрөө предмети»). 

6.2. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай же тиешелүү деңгээлде аткарбаган мудариб, булл кесепеттер күтүүсүз жагдайлардан улам, б.а. чукул жана бөгөт коюуга мүмкүн болбогон учурлардан улам келип чыккандыгын далилдей албаса, жоопко тартылат.  

6.3. Эгерде, келишим шарттарын аткаруу учурунда чыгашалар мударибдин күнөөлүү же укукка жатпаган аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында келип чыкса, анда алар мударибдин эсебинен жабылат. Мында, ФКМ мударибден келишим боюнча мурда берилген сумманы камсыздоонун эсебинен, эгерде ал жетишсиз болсо, мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу

Мудариб күнөөсүнүн жоктугун далилдөөгө тийиш

7. Милдеттенмелердин жана жоопкерчиликтердин бузулушу

7.1. Мудариб тарабынан ушул келишим боюнча 5.1-пунктунда каралган пунктчалардын бузулушуна жол берилген шартта, мудариб келишим боюнча милдеттенмелерин бузган деп эсептелет

7.2. Ушул келишимдин 2.7-жана 3.5-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузууга жол берген шартта мудариб, ФКМ мударибдин дарегине жөнөткөн катта көрсөткөн кайрымдуулук фондусунун эсебине ар бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн күн үчүн карыздын суммасынан _____% өлчөмдө туум төлөйт.  

8. Келишим боюнча милдеттенмелердин токтотулушу 

8.1. Тараптардын биринин демилгеси боюнча келишимди токтотуунун тартиби

Келишим тараптарынын ар бири келишим айкын токтотулушуна чейинки 10 күн мурда, экинчи тарапка маалымдоо менен аны төмөнкү учурларды эске албаганда, бир тараптуу тартипте токтото алат

(а) эгерде мудариб келишимди аткарууга киришип, ишкердиктин жүрүшүндө каражаттарды пайдалана баштаса;  

(б) эгерде Тараптар келишим аракеттенүүчү мөөнөттү аныктаган болсо

8.2. Милдеттенмелерди токтотуу үчүн башка негиздер

(а) келишим шарттарынын тиешелүү түрдө аткарылбашы

(б) тараптардын макулдашуусу

(в) мудариб ага сунушталган сумманын өлчөмүндө чыгым тартса жана ФКМ ага мурда берилген сумманы толугу менен мударибдин камсыздоосунун эсебинен ордун толтурса, эгерде бардык чыгымдар мударибдин күнөөсү боюнча же анын укукка жатпаган аракеттери/аракеттенбей коюусунан улам келип чыкса

9. Келишим мөөнөтү жана аны токтотуу тартиби

9.1. Келишим ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн _________________(бизнес-долбоордун натыйжалары) жүзөгө ашырылгандан жана сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттар ФКМге чегерилгенден кийин, же кошумча келишим түрүндөгү кат жүзүндө таризделген тараптардын макулдашуусу боюнча өз ишин токтотот.  

Ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн________________________(бизнес-долбоор) сатып өткөрүү _____________________(бизнес-долбоор) аяктаган күндөн тартып ____ айдан ашпаган мезгил ичинде жүзөшө ашырылууга тийиш

9.2. ФКМдин ушул Келишим боюнча кайсы болбосун укугун жүзөгө ашырууга же коргоого жөндөмсүздүгү же алардын кечиктирилип жүзөгө ашырылышы, же болбосо мударибге каршы чыгышы мүмкүн болгон соттук коргоонун кайсы болбосун каражатын жүзөгө ашырууга же талап кылууга жөндөмсүздүгү же мындай каражаттарды жүзөгө ашыруунун жана талап кылуунун кечиктирилиши, ал укуктарга же соттук коргоого зыян келтирбейт жана алардан баш тартуу катары түшүнүүгө болбойт

10. Күтүлбөгөн жагдайлар (Форс-мажор

10.1. Эгерде Келишим боюнча кайсы бир милдеттенмелер аткарылбашы же өз убагында аткарылбашы учурунда Тараптардын бири да жоопкерчилик тартпайт жана көрсөтүлгөн милдеттенмелердин аткарылбашы же өз убагында аткарылбашы күтүлбөгөн жагдайларга (форс-мажор) шартталса жана ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик органдар тарабынан кат жүзүндө тастыкталса, тарткан чыгымдардын ордун толтурууну же болбосо албай калган кирешелер үчүн компенсацияларды талап кылууга укуктары жок

Мындай тастыктоону алуу мүмкүн эмес шартта, форс-мажордук жагдайлардын орун алышын далилдөө милдети, бузууга жол берген тарапка жүктөлөт

10.2. Форс-мажордук жагдайлар: жаратылыш кырсыктары (сел, жер титирөө, бороон, өрт жана башка жаратылыш жана техникалык кырсыктар), эпидемиялар, согуш аракеттери, диверсиялар.  

Мындай жагдайларда келишим боюнча кайсы бир милдеттенмени аткарбаган же өз убагында аткарбаган Тарап, экинчи Тарапка форс мажордук жагдайлардын башталгандыгы жана алардын кесепеттери жөнүндө токтоосуз билдирүүгө (башка Тарапка билдирүү же форс-мажордук жагдайларга тиешелүү маалыматтарды жөнөтүү менен) жана көрсөтүлгөн жагдайлардан улам келип чыккан кандай болбосун терс натыйжаларды кыйла чектөө максатында, мүмкүн болгон бардык чараларды кабыл алууга милдеттүү

10.3. Милдеттенмелерин аткарууга форс-мажордук жагдайлар тоскоол болгон Тарап, ал башталган күндөн тартып эсептелген 10 күндүк мөөнөттө бул тууралуу башка Тарапка билдирбесе, анда ошол Тарап, бул жагдайлардын өзү башка Тарапка кабарлоого мүмкүндүк бербеген учурларды эске албаганда, белгиленген жагдайларга форс-мажор катары таянуу укугунан ажырайт

10.4. Эгерде форс-мажордук жагдайлар, Тараптардын Келишим түзүүсүн шарттаган максаттарын олуттуу жана орду толбос зыянга учуратуучу мүнөзгө ээ болсо же кайсы бир Тараптын келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруусу катары менен алты айдан ашык мезгил ичинде өзгөчө кыйынчылыкка дуушар болсо, анда мындай жагдай башталгандан тартып бир ай ичинде же ошол жагдайлардан улам алар милдеттенмелерин алты ай бою аткара албаган шартта, Тараптар Келишимдин андан аркы тагдыры жөнүндө биргелешип чечим кабыл алуулары тийиш

11. Жөнгө салуучу мыйзам актылары жана талаш-тартыштарды жөнгө салуу

11.1. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жөнгө салынат жана түшүндүрүлөт

11.2. Ушул Келишим тараптарынын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер жана ушул келишимден келип чыккан, тараптардын макулдашуусу аркылуу жөнгө салынбаган бир тараптын башка бир тарапка койгон талабы, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык соттук тартипте чечилет

12. Билдирүү

12.1. Келишим үч нускада түзүлгөн жана кол коюлган, бирөө нотариалдык конторага жана тараптардын ар бирине бирден. Ушул Келишимдин эки тараптын теь колтамгасы коюлган тексттеринин бардык нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ

12.2. Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө кошумча келишим түрүндө түзүлөт жана аларга тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн колтамгасы коюлууга тийиш

12.3. Ар бир тарап ушул Келишим боюнча берүүсү талап кылынган кайсы болбосун билдирүү же суроо-талап, кезектеги тастыктоосу менен жазуу жүзүндө болууга тийиш. Кайсы болбосун билдирүү же суроо-талап аларды колдон-колго өткөрүүдө почта же башка байланыш каражаттары (телефакс, электрондук почта ж.б.) аркылуу 12.6-пункта көрсөтүлгөн дарекке же бул билдирүүнү же суроо-талапты жөнөткөн тарап белгилеген дарекке жөнөтүлсө, анда алар тиешелүү түрдө тапшырылган же аткарылган катары саналат

12.4. Муну менен Тараптар, ушул Келишимдин шарттары менен таанышкандыгын жана макул экендигин тастыкташат

12.5. Жогоруда келтирилген 12.4-статьяда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн тараптар төмөнкү даректерди сунушташкан 

 

 

ФКМ

 

Мудариб

Башкарманын Төрагасы 

( же ишеним көрсөтүлгөн

____________________________ 

____________________________ 

(колтамга, мөөр

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Паспорт: ________________ берилген___________________ ИИМ________ 

________ каттоо номери менен жеке ишкердин катталгандыгы тууралуу күбөлүк ОКПО ___________ 

___________________________________ 

Дареги боюнча жашайт 

 

____________________________ 

____________________________ 

(колтамга, мөөр

 

 

 

 

 

«Ислам каржылоо принциптерине  

ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерге  

карата талаптар жөнүндө»  

Убактылуу жобого карата 2-тиркеме 

 

Мурабаха келишими 

Бишкек ш.  

2009-жылдын «___»____________ 

 

_____________________________________________________________________________________________________________________________________ылайык иш алып барган ________________________________________________________атынан, мындан ары «ФКМ» деп аталуучу бир тарап жана мындан ары «Кардар» деп аталуучу, ____________________________________ ылайык иш алып барган _______________________________________________________________________атынан ______________________________экинчи тарап, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар 

 

Кардардын буйрутмасы боюнча ФКМ ал үчүн  

__________________________________________________________________ 

(товар сатуучу

төмөнкү товарларды (мындан ары текст боюнча-товар) алып берүү аркылуу

__________________________________________________________________ 

(товардын аталышы

__________________________________________________________________ 

(товардын саны

__________________________________________________________________ 

__________________________________________________________________ 

__________________________________________________________________ 

(товардын башка мүнөздөмөлөрү

ислам принциптери боюнча каржылоону алууга жана бул Товарларды ФКМ кардарга мурабаха келишими боюнча андан ары сатуусуна билдирме менен ФКМге кайрылган

жана Тараптар алдын ала өз ара кат алышышып, анда, бул Товарды ФКМ кардарга андан-ары мурабаха келишими боюнча сатуусу үчүн, кардар ФКМге Товарды сатып алууну сунуш кылып жана ФКМге товарды мурабаха келишими аркылуу сатып алууга сөз бергендиктен

ал эми ФКМ, бул сунушту кабыл алган жана ал Товарды кийинчерээк мурабаха келишими боюнча кардарга сатуу үчүн кардардын буйрутмасы боюнча Товарды сатып алууга милдеттенгендиктен, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү

1. ФКМ ушул келишим тартибине жана шарттарына ылайык Товарды сатат, ал эми кардар ушул Келишимдин 5-пунктунда көрсөтүлгөн Товардын сатууга карата баасы боюнча бөлүп-бөлүп төлөп берүү шартында сатып алат. Мында ФКМ, Товардын баасы толугу менен төлөнгөнгө чейин кардардын финансылык абалын текшерип туруу укугун өзүнө калтырат

2. Ажыратылган товар менчик катары ФКМге тиешелүү болот жана ал азыркы учурга чейин эч кимге сатылган эмес, белекке берилген эмес, күрөөгө коюлган эмес, ижарага берилген эмес, кайтарымсыз пайдаланууга берилген эмес, талаш-тартышта (сотто) турбайт жана үчүнчү жактын укугу чегерилген эмес

3. Ажыратылган товар ______________________учурдан тартып _____ күндүн ичинде, ФКМ тарабынан Кардарга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлүп берилет.  

Товарды кабыл алуу- өткөрүп берүү актысына Тараптардын колу коюлган учурдан тартып, Товардын капилет кыйроого учурашы же бузулушу, ошондой эле алардын сакталышы жана кармалышына байланышкан бардык тобокелдиктер, Кардардын жоопкерчилигине өтөт, бул учурдан тартып ФКМ Товардын абалына жана сакталышына жооп бербейт

4. Кардар, товарды кабыл алуу- өткөрүп берүү актысына кол коюу менен сатылып алынган товардын сапатына жана абалына өзүнүн макулдугун билдирет. Кардар товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол койбой койгон шартта, ФКМ ушул келишим шарттарын аткаруудан баш тартууга, аны бир тараптуу бузууга, андан кийин Товарды үчүнчү жакка сатууга жана күрөө жөнүндө келишимге ылайык белгилүү бир тартипте күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу

5. Тараптардын макулдашуусу менен Товарды сатуу баасы _____________ сом өлчөмүндө аныкталган, алардын ичинен

а) ___________________________________________  сом  ФКМ тарабынан ажыратылган Товардын сатылып алынышынын баасы

б) ___________________________________________  сом  Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын ФКМ тарабынан төлөнгөн суммасы

в) ___________________________________________  сом  ФКМ тарабынан Товардын сатылып алынышына жана ушул келишимдин түзүлгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан, ФКМдин чыгашаларынын суммасы

г) ___________________________________________  сом  баага кошулган сумма

6. Кардар тарабынан ФКМге Товардын баасын бөлүп-бөлүп төлөп берүү шарты менен ушул Келишимге Тараптардын колу коюлган учурдан тартып _____ ай ичинде, үзгүлтүксүз төлөө аркылуу төлөө графигине ылайык (1-тиркеме) жүргүзүлөт. Кардар төлөмдөрдү ушул келишим боюнча төлөө графигине ылайык (1-тиркеме), ФКМдин кассасына накталай же анынэсебине ай сайын чегерүү аркылуу киргизет. Мында, акыркы эсептешүү 200__ «___»________ кечиктирилбестен жүргүзүлөт.  

7. Тараптар акыркы эсептешүү жүргүзүлгөн учурдан тартып, бири-бирине доосун артышпайт. Мында Тараптарга, эгерде алардын ортосунда талаш-тартыш келип чыккан шартта, Товардын ушул келишимде көрсөтүлгөн баасы баштапкы баа болуп саналаары билдирилген

8. Кардардын ушул келишим боюнча милдеттенмелеринин тиешелүү түрдө аткарылышы, келишим Тараптарынын жана ________________________(мындан ары текст боюнча- «Күрөө жөнүндө келишим») ортосунда түзүлгөн __________________ ___ күрөө жөнүндө келишим менен камсыз болот.  

9. Кардар тарабынан ушул келишимде каралган милдеттенмелердин аткарылбашы же тиешелүү түрдө аткарылышы учурунда ФКМ, күрөө жөнүндө келишимге ылайык белгилүү бир тартипте күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу.  

10. Келишим, Тараптардын колу коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Товарга менчикке укук Тараптар тарабынан Товарды кабыл алуу- өткөрүп берүү актысына кол коюлган учурдан тартып, ФКМден Кардарга өтөт.  

11. Кардар бөлүп-бөлүп төлөп берүү шартында сатылган Товар үчүн кезектеги төлөмдү төлөө графигинде (1-тиркеме) белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн шартта, ал _________________ өлчөмдө ар бир мөөнөтүнөн өткөрүлгөн күн үчүн үстөк айып төлөйт, ал ФКМ тарабынан көрсөтүлгөн коомдук кайрымдуулук фондунун дарегине кайрымдуулук максаттары үчүн жөнөтүлөт

12. Келишимдин мазмуну Тараптарга түшүндүрүлгөн, келишимдин бардык шарттары менен Тараптар таанышышты жана макул болушту

13. Тараптар ушул келишим кол коюу үчүн даярдалган тилде сүйлөй алышаарын, жөндөмдүүлүктөрүн жоготуша электигин, ушул келишимдин маңызын түшүнүүгө жолтоо болуучу оорулардан алыс экендиктерин, ошондой эле өзүлөрүнө пайда алып келбеген бүтүмдөргө келишүүгө мажбурлаган жагдайлардын жок экендигин тастыкташат

14. Ушул келишимди түзүүгө байланышкан бардык чыгашаларды __________________________________________көтөрөт

15. Келишимде каралган бардык тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат (тиркелет). 

16. Келишим __________тилде, Тараптардын ар бирине бирден, 2 нускада түзүлгөн. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ

17. Кардар бөлүп-бөлүп төлөп берүү шартында сатылган келишим предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, ал _________________ өлчөмдө ар бир мөөнөтүнөн өткөрүлгөн күн үчүн үстөк айып төлөйт, ал кардардын ыктыяры боюнча кайрымдуулук фондунун дарегине ФКМдин кайрымдуулук максаттары үчүн жөнөтүлөт

 

Колтамгалар:  

1. ______________________________________________________ 

2. ______________________________________________________