Долбоор 

“Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине  карата негизги талаптар жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу. 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7-токтому менен кабыл алынган “Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине  карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө” жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 34- пунктагы “3- жана 4- топторду ” деген сөздөр жана сандар “3, 4- жана 5- топторду” деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктун актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана микрофинансы уюмдарын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Банк Башкармасынын мүчөлөрү: Абдыбалы тегин С. 

Алыбаева С.К. 

Джусупов Т.Дж. 

Жеенбаева Б.Ж. 

Садыркулова А.М. 

Чокоев З.Л. 

 

“Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү  

сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө  

коммерциялык банктардын ишине   

карата негизги талаптар жөнүндө” долбоорго тиркеме. 

 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

“Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине  карата негизги талаптар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” долборго.  

Колдонуудагы редакциясы 

Долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүү 

Сунушталган редакциясы 

Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине  карата негизги талаптар жөнүндө жобо Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7-токтому менен кабыл алынган.  

1. 34-пункт “Банк, чекене кызмат көрсөтүүчү агентти тандоодо жана потенциалдуу агенттин техникалык жактан жабдылышына баа берүүдө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Улуттук банктын 2010-жылдын 11-февралындагы №97/24-0 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында финансы-кредит мекемелеринин техникалык жактан жабдылышына карата бирдиктүү талаптар жана аларды коргоого алуу тартиби жүнүндө” нускоого ылайык 3- жана 4-топторго кирген финансы-кредит мекемелеринин имараттарына жана курулмаларына карата коюлган талаптардай эле, талаптарга таянуу менен иш алып барууга тийиш. Ушул нускоонун талаптары агент тарабынан аткарылышынын шарттары, банк менен агенттин ортосунда түзүлгөн келишимде бекитилиши зарыл.”. 

1. 34- пункта “3- жана 4- топторго” деген сөздөрдөн кийин “3, 4- жана 5- топторго”деген сүйлөм менен толукталсын. 

 

1. 34 Пункт “Банк, чекене кызмат көрсөтүүчү агентти тандоодо жана потенциалдуу агенттин техникалык жактан жабдылышына баа берүүдө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Улуттук банктын 2010-жылдын 11-февралындагы №97/24-0 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында финансы-кредит мекемелеринин техникалык жактан жабдылышына карата бирдиктүү талаптар жана аларды коргоого алуу тартиби жөнүндө” нускоого ылайык 3, 4- жана 5-топторго кирген финансы-кредит мекемелеринин имараттарына жана курулмаларына карата коюлган талаптардай эле, талаптарга таянуу менен иш алып барууга тийиш. Ушул нускоонун талаптары агент тарабынан аткарылышынын шарттары, банк менен агенттин ортосунда түзүлгөн келишимде бекитилиши зарыл.”. 

 

 

 

“Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине  карата негизги талаптар жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жобонун долбооруна карата 

маалымдама - негиздеме. 

“Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине  карата негизги талаптар жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жобонун долбоору (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Улуттук банктын 2013-жылдын 23- январында чыгарылган №47/7-О “Биргелешкен нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” буйругуна ылайык келтирүү зарылчылыгынан улам иштеп чыгарылган. Жобонун 34-пунктуна өзгөртүү киргизүү, банк жаңы 5- топ боюнча микрофинансалык компанияларды чекене кызмат көрсөтүүчү агент катары ишке тартууга укуктуу экендигин болжолдойт. Бул жаңы редакцияда төмөнкүчө берилген: “Сактоочу жана сейфтик бөлмөлөрдүн ордуна баалуулуктарды сактоочу сейфтерди колдонуучу МФУ” 

Толуктоолор микрофинансалык уюмдарга өлкөнүн айрым жана алыскы аймактарындагы калкка эффективдүү финансалык кызматтарды сунуш кылуу мүмкүнчүлүгүн берет.