ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын «___»________ _____  

токтому менен бекитилген 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

бир күндүк кредити жөнүндө» жобо 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Бул «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензия алышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына (мындан ары - «Банк/Банктар») Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары АТС) аркылуу бир күндүк кредит берүү шарттары жана тартиби аныкталган.  

2. Бир күндүк кредит Улуттук банк тарабынан Банкка «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 5 жана 28-статьяларына, бул Жобого, Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасына жана Банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн бир күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимге (мындан ары «Башкы келишим») ылайык, Улуттук банк тарабынан сунушталат. Башкы келишимдин типтүү формасы ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген

3. Бир күндүк кредит Банкка Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунушталат

4. Бир күндүк кредит улуттук валютада, пайызсыз негизде, күрөөлүк камсыздоо алдында күрөө түрүндө, чейректин акыркы иш күнүнөн тышкары, кайсыл болбосун иш күнү берилет

5. Банктын бир күндүк кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Күрөө предметинен болуп мамлекеттик баалуу кагаздар (мындан ары МБК) саналат. Камсыздоонун жетиштүү көлөмүнө, анын түрүнө карата талаптар Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Улуттук банкка күрөө катары өткөрүлүп берилген МБКлар үчүнчү жакка күрөөгө коюлууга же кайрадан күрөөгө коюлууга тийиш эмес.  

6. Төлөнбөгөн бир күндүк кредит кайра тариздетүү күнүнө карата «овернайт» кредитин пайдалангандык үчүн белгиленген пайыздык чендеги «овернайт» кредитине кайрадан тариздетүү менен АТСте кийинки иш күнүнө чейин автоматтуу түрдө мөөнөтү узартылат. Кредиттин мөөнөтүн узартуу бир гана жолу ишке ашырылат

7. Иштөө эрежелери жана бир күндүк кредит алууга Билдирме берүүнүн жана АТСте бир күндүк кредиттин ордун жабуунун убактылуу регламенти Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобо (мындан ары АТСтин иши жөнүндө жобо) аркылуу жөнгө салынат.  

8. АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген шарттар жана эрежелер ушул Жобого таркатылат.  

 

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР  

 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндө келтирилгендерден тышкары, “АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор пайдаланылат.  

 

9. Бир күндүк кредит - бул сом түрүндө кредит, ал Улуттук банк тарабынан Банкка күрөө түрүндө күрөөлүк камсыздоо алдында бир күндүк кредитти берүү күнү төлөө менен Кыргыз Республикасынын төлөм системасында төлөмдөрдүн өз убагында жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында сунушталат

10. “Овернайт” кредити - бул сом түрүндө кредит, ал Улуттук банк тарабынан Банкка күрөө түрүндө күрөөлүк камсыздоо алдында, белгиленген пайыздык чен боюнча операциялык күн ичинде кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен төлөө менен сунушталат.  

11. Бир күндүк кредитти авторизациялоо Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан бир күндүк кредит алууга Билдирмелерди тастыктоо жана андан ары аткаруу жол-жоболору

12. Депозитарий Кыргыз Республикасынын, мамлекеттик баалуу кагаздарды эсепке алууну, сактоону жана колдон-колго өтүшүн каттоону жана мамлекеттик баалуу кагазга менчикке укукту тастыктоону жүзөгө ашырган юридикалык жак.  

13. «Депо» эсебинин инвестициялык субэсеби Банкка караштуу МБКларды эсепке алуу жана сактоо максатында, анын Депозитарийде ачылган субэсеби.  

14. Ыйгарым укуктуу адам бир күндүк кредитти тартууга сунушталган билдирмелерди авторизациялоого ыйгарым укуктуу Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери

 

3. Бир күндүк кредитти сунуштоо шарттары жана тартиби 

15. Бир күндүк кредит, кредиттөөнүн төмөнкү жалпы принциптерин сактоо менен сунушталат: мөөнөтүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздалгандык

16. Бир күндүк кредит алуу үчүн Банк төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш

· Улуттук банктан банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын болушу

· Банкты башкаруу боюнча убактылуу жетекчилик же консервация режиминде болбошу

· Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу

· Улуттук банк менен кол коюлган бир күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимдин болушу

· Улуттук банк менен кол коюлган “овернайт” кредити жөнүндө Башкы келишимдин болушу

· Улуттук банктын алдында мурда алынган «овернайт» кредиттери жана алардын пайыздары боюнча төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелердин болбошу

· Улуттук банк алдында башка кредиттер жана алардын пайыздары боюнча мөөнөтү өтүп кеткен акчалай милдеттенмелердин болбошу

· Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген жетиштүү күрөөлүк камсыздоонун болушу

· банктар аралык коммуникациялык түйүнгө кошулуусу

· АТСке кошулуусу

17. Бир күндүк кредит Улуттук банк тарабынан АТС аркылуу берилет.  

18. АТС аркылуу бир күндүк кредитти алуу үчүн Банк, бир күндүк кредит алууга Билдирмени белгиленген форма боюнча толтуруп, АТСке сунуштоого тийиш.  

19. Банктын АТСте бир күндүк кредит алууга билдирмеси Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан авторизациялануусу зарыл.  

20. Банк, АТСте бир күндүк кредит алууга өз Билдирмесинин негизинде бир күндүк кредит боюнча Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин тааныйт.  

21. Банктын ушул Жобонун 15-пунктунун талаптарына ылайык келбеши, ага бир күндүк кредит суммасын берүүдөн баш тартуунун негизи болуп саналат. Бир күндүк кредит берүүдөн баш тартылган учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы анын себебин көрсөтүү менен авторизациялоодон өткөрбөйт.  

22. Бир күндүк кредит, Улуттук банк тарабынан сунушталган бир күндүк кредит суммасынын Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.  

23. Бир күндүк кредит алууга билдирме берүүнүн убактылуу регламенти АТСтин иши жөнүндө Жобо аркылуу жөнгө салынат.  

 

4. БИР КҮНДҮК КРЕДИТ КАМСЫЗДООСУ 

24. Улуттук банк Башкармасы тарабынан ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык белгиленген камсыздоо түрү боюнча талаптарга карата кошумча бир күндүк кредиттин камсыздоосу катары сунушталган МБКлар, төмөнкү талаптарга жооп берүүгө милдеттүү

· банкка менчик укугунда таандык болууга

· банктын Депозитарийиндеги “депо” эсебинин инвестициялык субэсебинде сакталууга жана эсепке алынууга

· башка милдеттенмелердин болбошу

25. Күрөөлүк камсыздоонун, Улуттук банктын камсыздоого карата талаптарына дал келбеши, талап кылынган бир күндүк кредитти Банкка берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат

26. Улуттук банк бир күндүк кредитти Банкка берген учурдан тартып, күрөөгө коюлган күрөө предмети Улуттук банктын карамагына өткөрүлгөн катары эсептелинет.  

 

5. БИР КҮНДҮК КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ ЖАНА ПРОЛОНГАЦИЯЛОО ТАРТИБИ 

27. Бир күндүк кредитин суммасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобого ылайык, АТС аркылуу Банк тарабынан бир күндүк кредит берилген күнү төлөнөт.  

28. Бир күндүк кредитт толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, аны жарым-жартылай төлөөгө жол берилбейт.  

29. Банк, бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарган шартта АТС, Банктын Депозитарийдеги “депо” эсебинин инвестициялык субэсебиндеги күрөө катары сунушталган МБКларды бошотууну жана которууну жүзөгө ашырат.  

30. Банк Улуттук банктын “АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген мөөнөттө АТСке бир күндүк кредитти кайтаруу боюнча өз милдеттенмесин аткарбаган шартта, бир күндүк кредит төлөнбөгөн катары эсептелинет. Төлөнбөгөн бир күндүк кредит ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык автоматтык түрдө АТСте мөөнөтү узартылат. Мында, Банктын бир күндүк кредитти төлөө боюнча милдеттенмеси токтотулат да, кредиттин күрөөлүк камсыздоосу “овернайт” кредитине өзгөртүлүп, мөөнөтү узартылган кредиттин камсыздоосу болуп калат.  

31. Төлөнбөгөн бир күндүк кредит “овернайт” кредитине өзгөртүлгөндөн кийин Улуттук банк менен Банк ортосунда келип чыккан укуктук мамилелер андан ары “Овернайт” кредити жөнүндө жобонун негизинде жөнгө салынат.  

 

6. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

32. Бул Жобого, “овернайт” кредитин берүү боюнча операцияларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк тарабынан киргизилиши мүмкүн.  

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

БИР КҮНДҮК КРЕДИТ ЖӨНҮНДӨ БАШКЫ КЕЛИШИМ 

 

___________________________ 

 

Бишкек шаары «_____»___________20____ж

 

Мындан ары «Улуттук банк» же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамдын (жана____________ буйругунун) негизинде иш алып баруучу ______________________ бир тараптан жана мындан ары «Банк» же «Күрөө берүүчү» деп аталуучу __________________________________, Уставдын негизинде иш алып барган _______________ жак экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, Улуттук банк Башкармасынын 20__ жылдын ______________ токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредит жөнүндө Жобосуна таянуу менен (мындан ары «Жобо»), төмөнкү бир күндүк кредит жөнүндө ушул Башкы келишимди түзүштү (мындан ары «Башкы келишим»): 

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Ушул Башкы келишимдин предметинен болуп, Улуттук банктын Банкка АТС аркылуу бир күндүк кредитти берүү шарттарын аныктоо жана анда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу саналат.  

 

2. БИР КҮНДҮК КРЕДИТТИ БЕРҮҮ, ТӨЛӨӨ ЖАНА МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ ШАРТТАРЫ 

2.1. Банк ушул Жобо жана Башкы келишимге ылайык, бир күндүк кредит алуу укугуна ээ.  

2.2. Бир күндүк кредитти алуу, төлөө жана мөөнөтүн узартуу тартиби Жобо аркылуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобо жана ушул Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат

2.3. АТСтен бир күндүк кредит алуу үчүн Банк, Улуттук банктын “АТСтин иши жөнүндө жобосунда белгиленген талаптарга жана Жобонун 15-пунктуна ылайык келүүгө милдеттүү.  

2.4. Бир күндүк кредит улуттук валютада, пайызсыз негизде, күрөө түрүндө күрөөлүк камсыздоо алдында, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, чейректин акыркы жумуш күнүнөн тышкары кайсыл болбосун жумуш күнү берилет

2.5. Улуттук банк, Банктын бир күндүк кредит алууга Билдирмеси АТСте авторизациялангандан кийин Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарды чегерүүнү өз учурунда жана толук көлөмдө жүзөгө ашырууга милдеттенет.  

2.6. Бир күндүк кредиттин төлөө Банк тарабынан АТCте аны берген күнү Улуттук банктын “АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылат

2.7. Банк бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелерин эз учурунда жана толугу менен аткарган шартта, АТС Банктын Депозитарийдеги “депо” эсебинин инвестициялык субэсебине күрөөгө сунушталган МБКларды бошотууну жана которууну жүзөгө ашырат

2.8. Эгерде Банк, Улуттук банктын “АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген мөөнөттөрдө бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса, Банк АТСке орду жабылбаган бир күндүк кредитти кийинки жумушу күнүнө чейин аны “овернайт” кредитине тариздетүү менен ал тариздетилген күнгө “овернайт” кредитин пайдалануу үчүн белгиленген пайыздык чен менен автоматтык түрдө мөөнөтүн узартууга укук чегерет.  

2.9. Орду жабылбаган бир күндүк кредит “овернайт” кредитине өзгөртүлгөндөн кийин Улуттук банк менен Банк ортосунда келип чыккан укуктук мамилелер андан ары “Овернайт” кредити жөнүндө жобонун жана “Овернайт” кредити жөнүндө Башкы келишимдин негизинде жөнгө салынат.  

 

3. КҮРӨӨЛҮК КАМСЫЗДОО 

3.1. Бир күндүк кредитти кайтарып берүү боюнча Банкттын милдеттенмеси күрөө менен камсыз кылынат. Күрөө, Жободо аныкталган талаптарга жооп бериши зарыл

3.2. Банктын бир күндүк кредит алууга билдирмесине ылайык, Улуттук банк ага бир күндүк кредитти берген учурдан тартып, күрөөгө коюлган күрөө предмети Банк тарабынан Улуттук банктын ээлигине берилди деп саналат

3.3. Күрөө кармоочу күрөө предметин камсыздандырбайт. Күрөө предметин анын наркынын өлчөмүндө камсыздандырууну күрөө берүүчү өз эсебинен жүзөгө ашыра алат

3.4. Төлөнбөгөн бир күндүк кредитти камсыздоочу болуп саналган күрөөгө коюлган күрөө предмети, анын мөөнөтүн узартууда жана «овернайт» кредитине кайра тариздөөдө, таризделген «овернайт» кредитинин камсыздоосу болуп калат

 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

4.1. Банк бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелерине бир күндүк кредитти алууга Билдирмеге, Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык толук жоопкерчилик тартат

4.2. Улуттук банк Банк тарабынан Жобонун жана ушул Башкы келишимдин талаптарын бузууга жол берилишинен улам ага келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт

4.3. Тараптар бир күндүк кредитти алуу, төлөө жана пролонгациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу алардын кызматкерлеринин иш аракеттеринин тууралыгы, өз убагында аткарылгандыгы жана купуялуулуктун сакталгандыгы үчүн Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык толугу менен жоопкерчилик тартышат

4.4. Банк, Улуттук банк анын милдетин аткарган тастыктоочу борбор тарабынан Банктын жоопкерчиликтүү адамына берилген жабык ачкыч жана кол тамгалар ачкычынын сертификаттары менен иштөө учурунда, коопсуздук жана купуялуулук шарттарынын сакталышы, ошондой эле аларды сактоо жана колдонуу эрежелеринин сакталышы үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат

 

5. ТЕХНИКАЛЫК ҮЗГҮЛТҮКТӨР 

5.1. АТСтеги үзгүлтүктөр, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат

 

6. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

6.1. Бул Башкы келишимдин талаптарын аткаруунун негизинде келип чыккан талаш маселелер жана кайчы пикирлер, өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынат

6.2. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечилет

 

7. БАШКА ШАРТТАР 

7.1. Бул Башкы келишимге Тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн

7.2. Бул Башкы келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу түрүндө түзүлүп, ага эки тарап кол койгон учурда анык болуп саналат

7.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган шартта алардын ушул Башкы келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери алардын укугу өткөндөргө өткөрүлүп берилет

7.4. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, мамлекеттик тилде эки нускада жана расмий тилде эки анык нускада түзүлгөн, Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка эки нускасы Банкка берилет

 

8. КЕЛИШИМДИН АРАКЕТТЕНҮҮ МӨӨНӨТҮ ЖАНА АНЫ ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

8.1. Бул Башкы келишим эки Тарап теь кол койгондон кийин күчүнө кирет жана бир календарлык жыл ичинде колдонууда болот

8.2. Эгерде Тараптардын бири ушул Башкы келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейин бир календарлык ай ичинде, кат жүзүндө аны токтотуу жөнүндө өз ниетин билдирбесе, Башкы келишим ар бир кийинки календарлык жылга узартылган деп эсептелет. Башкы келишимди токтотуу ага чейин алынган бир күндүк кредиттер жана ага байланыштуу күрөөлүк камсыздоолор боюнча банктын милдеттенмелерин токтотпойт

8.3. Тараптар бир календарлык ай мурда маалымдоо менен бул Башкы келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу

8.4. Улуттук банк төмөнкү учурларда алдын ала Банкка билдирүүсүз эле бир тараптуу негизде Башкы келишимди токтотуу укугуна ээ:  

· Банк тарабынан тиешелүү жобонун жана бул Башкы келишимдин шарттарын бузууга жол берилсе

· Ушул Башкы келишимдин 2.3-пунктунун шарттары Банк тарабынан сакталбаса

· Банкттын Улуттук банк тарабынан банк операцияларын жүргүзүү укугуна берилген лицензиясы кайтарылып алынган болсо;  

· Карыз алуучу-Банкттын банкроттугу жөнүндө жарыяланса

· Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Карыз алуучу-Банктын иши токтотулса

 

9. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

 

«Улуттук банк» «Банк» 

__________________ ___________________ 

(Почта индекси, дареги) (Почта индекси, дареги)  

 

___________________ ____________________ 

(кызматы) (кызматы)  

___________________ ____________________ 

(аты- жөнү) (аты- жөнү

МО МО