Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Улуттук  

Банк Башкармасынын 

20_____ _________________ 

токтому менен бекитилген  

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу эрежелери  

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын (мындан ары - МБК) экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын экинчилик рыногунда МБКлар менен бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары - АТС) аркылуу жүргүзүү тартибин аныктайт.  

1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан АТСтин иши аркылуу Кыргыз Республикасынын МБКларынын экинчилик рыногунун жигердүүлүгүн, эффективдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана ликвиддүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан.  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши тууралуу жободо белгиленген (мындан ары АТСтин иши тууралуу жобо) шарттар жана тартиптер ушул Эрежелерге таркатылат.  

1. Ушул Эрежелер экинчилик рынокто АТС аркылуу МБКлар менен бүтүмдөрдү келишүүдө Тоорук катышуучуларынын аракеттенүү тартибин жана принциптерин Тоорук катышуучуларын ак ниеттүү атаандаштык жана алардын тең укуктуулугун камсыз кылуу принциптерине жараша жөнгө салат.  

1. Кыргыз Республикасынын ушул Эрежелердин 15-пунктунун талаптарына жооп берген коммерциялык банктары АТСте өткөрүлгөн тооруктардын катышуучуларынан болуп саналышат. Улуттук Банк Башкармасынын чечими боюнча экинчилик рыноктогу АТС аркылуу тооруктарга башка финансылык институттарга да жол берилет

1. Тоорук катышуучусу АТС аркылуу МБКлар менен бүтүмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн өз атынан өзүнүн эсебинен жана кардарлардын тапшыруусу боюнча өз эсебинен жүргүзө алат

§ МБКлардын аутрайт шарттарында сатып алуу-сатуу

§ МБКларды репо шарттарында сатып алуу -сатуу

1. Тоорук катышуучуларына макулдашуу менен АТС аркылуу түзүлгөн бүтүм ал боюнча кат жүзүндөгү келишимге милдеттүү кол коюуну талап кылбайт, ал эми бүтүм боюнча милдеттенмелердин аткарылышы ушул Эрежелердин нормаларына ылайык жүргүзүлөт. Тоорук катышуучулары бүтүм боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн толук шарттарын жөнгө салган өзүнчө эки тараптуу келишимдерди түзө алат.  

1. АТС аркылуу бүтүмдөрдү келишүүдө тоорук катышуучусу ушул Эрежелердин нормаларына таянуусу зарыл.  

 

1. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР 

Ушул Эрежелердин төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн башка дагы максаттары үчүн АТСтин иши тууралуу жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор колдонулат:  

1. Бүтүм келишилген күн АТСте бүтүмдөргө келишилген, тоорук күнү

1. Эсептешүүлөр аткарылган күн акча каражаттарын тиешелүү түрдө эсептен алып салуу/чегерүү аркылуу МБКларды иш жүзүндө сатып алуу/сатуу жана аларга менчик укугу өткөн, тоорук күнү

1. МБКларды аутрайт шарттарында сатып алуу-сатуу бүтүмү (сатып алуу-сатуу бүтүмү) бул, МБКларды сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда макулдашууга келишүү, мында бир тарап сатууга, экинчиси белгиленген баада жана белгиленген шарттарда МБКларды сатып алууга макулдугун берет.  

1. МБКларды репо шарттарында сатып алуу-сатуу бүтүмү (репо бүтүмү) МБКларды келечекте белгиленген күнү (репо бүтүмү бүткөрүлгөн күн) жана мурдатан белгиленген баада кайрадан сатып алуу милдеттенмеси менен аларды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүү

1. Репо бүтүмдөрүнүн мөөнөтү репо келишимдери бүткөрүлгөн күндү кошо алганда, репо бүтүмдөрү аткарылган күндөн кийинки күндөн берки календардык күндөрдө эсептелген убакыт аралыгы

1. ТООРУКТАРГА КАТЫШУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ 

14. Тоорук катышуучуларынын МБКларды депозитардык эсепке алуу боюнча өз ара мамилелери тиешелүү эки тараптуу келишим менен жөнгө салынат

15. АТСте МБКлардын тооруктарына катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн коммерциялык банк Улуттук банкка тиешелүү кат жөнөтүп жана төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш

§ Банктык операцияларды улуттук валютада чектөөлөрсүз жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясынын болушу

§ Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу

§ Депозитарийде «депо» эсебинин болушу

§ Улуттук банкка Тоорук катышуучуларынын милдеттенмесин ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеге ылайык сунуштоо

§ Улуттук банкка АТСте бүтүмдөргө келишүүгө ыйгарым укук чегерилген Дилерлерге ишеним катты ушул Эрежелерге карата 2-тиркемеге ылайык сунуштоо

§ АТСке кошуу үчүн зарыл болгон, техникалык талаптарга ылайык келүү

§ Кыргыз Республикасынын “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө мыйзамында каралган процесстерге жана жол-жоболорго (консервация, санация, реабилитация, өз ыктыяры менен же мажбурлап жоюу, реструктуризация жана реорганизация) тиешесинин жок болушу.  

Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө токтому боюнча МБК операцияларына Кыргыз Республикасынын “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө мыйзамында каралган процесстерге жана жол-жоболорго тиешеси бар Катышуучулар катышуусу мүмкүн.  

16. Тоорук катышуучусунун милдеттенмеси жана Дилерлерге карата ишеним кат Тоорук катышуучусунун аткаруу органынын кол коюуга ыйгшарым укук чегерилген жетекчиси кол кое алат.  

17. Дилерлерге ишеним кат Тоорук катышуучусу тарабынан ар бир жаңы календардык жылдын башталышына карата берилет жана ошол жылдык акырына чейин күчүндө болот. Дилерлердин курамы өзгөргөн шартта, Тоорук катышуучусу дилерге жаңы ишеним кат берүүгө тийиш.  

1. БҮТҮМДӨРГӨ КЕЛИШҮҮНҮН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ 

18. МБКларды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү жана репо бүтүмдөрү боюнча тоорук сессияларынын регламенти, АТСтин иши тууралуу жобого ылайык белгиленет.  

19. МБКларды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү жана репо бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби, АТСтин иши тууралуу жобого ылайык белгиленет

20. АТСте бүтүмдөргө келишүү үчүн жеткиликтүү болгон МБК, Улуттук банк тарабынан аныкталат

21. Тоорук катышуучусу төмөнкү тоорук механизмдерин колдонуу менен АТСте бүтүмдөргө келишие алат:  

Ш Сүйлөшүү модулу

Ш Жашыруун тоорук модулу

22. Сүйлөшүү модулу бул тоорук механизми сатуучу менен сатып алуучунун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн негизинде бүтүмдөргө келишүүнү камсыз кылат:  

§ «Сүйлөшүүлөр» билдирмесинин түрү - бүтүмдөрдүн шарттарын талкуулоону болжолдойт жана бүтүмдөрдүн эки Тоорук катышуучу тарабынан тең бекитилишин талап кылат. Билдирмени алгачкылардан болуп демилгелеген Катышуучу аны жыйынтыктап бекитет жана бүтүм келишилген болуп саналат

§ «Бүтүм» билдирмесинин түрү - билдирмени демлгелөөчүнүн көрсөтүлгөн шарттарда бүтүмгө келишүү ниетин чагылдырат жана анын шарттарын андан ары талкуулоону болжолдойт. Билдирмени демилгелөөчү тарабынан бүтүмдүн бекитилиши талап кылынбайт. Бул билдирмени канааттандырууга ниеттенген Тоорук катышуучусу менен «бүтүмгө келишүү» командасын тандоо менен бүтүмдү ишке ашырат

23. Жашыруун тоорук модулу бул соода механизми бүтүмдөрдүн жашыруун тоорук режиминде келишилишин камсыз кылат жана АТС “арзан сатып алуу, кымбат сатуу” принциби боюнча келип түшкөн билдирмелер автоматтык түрдө корутунду чыгарат. Билдирмелер дайыма жашыруун болот жана аны берген Тоорук катышуучусу тууралуу маалыматтарды камтыбайт. Эки Тоорук катышуучулары тарабынан тең бүтүмдүн бекитилиши талап кылынбайт.  

24. МБКлардын бүтүм келишилген күнгө карата баасы АТС аркылуу автоматтык түрдө ушул Эрежелерге карата 3-тиркемеге ылайык формула боюнча кайра эсептелинет.  

25. Сүйлөшүү модулунда Тоорук катышуучулары бүтүм боюнча аткаруу күнүн тандап ала алышат. АТС аткаруу күнүн өтүп жаткан тоорук күнүнөн көбүрөөк же барабар тандоого мүмкүнчүлүк берет.  

26. Жашыруун тоорук модулунда Тоорук, бардык эсептешүүлөр өтүп жаткан тоорук күнүндө жүргүзүлөт.  

27. Тоорук катышуучусу АТСке берилген билдирмени ал боюнча бүтүм келишиле элек учурда гана өзгөртө жана/же жокко чыгара алат.  

5. МБКЛАРДЫ САТЫП АЛУУ-САТУУ БҮТҮМДӨРҮНӨ КЕЛИШҮҮ ТАРТИБИ 

28. АТСте МБКларды сатып алуу-сатуу келишимдерине келишүү үчүн Тоорук катышуучусу билдирмени Сүйлөшүү модулу жана Жашыруун тоорук модулу аркылуу бере алат

29. АТСте МБКларды сатып алуу-сатуу келишимдерине келишүү үчүн Тоорук катышуучусуна төмөнкү маалыматтар зарыл болот

§ МБК эмиссиясынын номери

§ МБК субэсебинин түрү

§ билдирменин багыты (сатууга же сатып алууга); 

§ кирешелүүлүгү (үтүрдөн кийинки эки белгиден кийин так көрсөтүлөт жана МБКнын баасын көрсөтүүдө автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ МБКнын баасы (үтүрдөн кийинки эки белгиден кийин так көрсөтүлөт жана МБКнын баасын көрсөтүүдө автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ номиналдык наркы (автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ айкын наркы (автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ эсептешүүлөр аткарылган күн

6. РЕПО БҮТҮМДӨРҮНӨ КЕЛИШҮҮ ТАРТИБИ 

30. АТСте репо бүтүмдөрүнө келишүү үчүн Тоорук катышуучусу билдирмени Сүйлөшүү модулу аркылуу гана бере алат

31. Репо бүтүмүнүн предмети болуп саналаган, МБКга менчик укугу өткөрүлүп берилет

§ репо бүтүмүнүн баштапкы бөлүгү аткарылган шартта баштапкы сатуучудан баштапкы сатып алуучуга

§ репо бүтүмүнүн жыйынтыктоочу бөлүгү аткарылган шартта баштапкы сатуучудан баштапкы сатып алуучуга

32.Репо шарттарында сатылып алынган МБК, репо шарттарында Тооруктун башка катышуучусуна сатылышы мүмкүн. Мында, жаңы репо бүтүмүн аяктаган күн мурдагы келишилген репо бүтүмдөрү аяктаган күндөн эрте болбоого тийиш. Бул учурда, МБКны сатуучу сатып алуучуга бул МБКлар боюнча орун алган милдеттенмелер тууралуу кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.  

33. Репо бүтүмдөрүнүн предмети болуп саналган, МБК боюнча репо бүтүмдөрүнүн мөөнөтү ичинде купондук төлөмдөр жүзөгө ашырылган болсо, анда аталган купондук төлөмдөр алар жүзөгө ашырылган күнгө карата МБКга ээлик кылуучуга жүргүзүлөт.  

34. АТСте репо бүтүмдөрүнө келишүү үчүн Тоорук катышуучусуна төмөнкүлөр зарыл болот

§ МБК эмиссиясынын номери

§ МБК субэсебинин түрү

§ билдирменин багыты (сатууга же сатып алууга); 

§ репо бүтүмдөрүнүн пайыздык чени (үтүрдөн кийинки эки белгиден кийин так көрсөтүлөт); 

§ репо бүтүмүнүн мөөнөтү (календардык күндөрдө көрсөтүлөт); 

§ МБКнын саны

§ МБК баасы (үтүрдөн кийинки эки белгиден кийин так көрсөтүлөт жана автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ номиналдык наркы (автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ айкын наркы (автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ эсептешүүлөр аткарылган күн

§ эсептешүүлөр бүткөрүлгөн күн (автоматтык түрдө кайра саналат). 

35. Репо бүтүмү бүткөрүлгөн күн, репо бүтүмү аткарылган күндөн азыраак же барабар боло албайт

36. АТС келишилген репо бүтүмдөрүнүн мөөнөтүнө жараша, автоматтык түрдө пайыздарды эсептөөнү жүргүзөт

37. Репо бүтүмдөрү аяктаган күнү АТС, МБКны жана улуттук валютадагы акча каражаттарын төлөмгө каршы берүүлөрдүн негизинде автоматтык түрдө кайтарым которууну жүргүзөт.  

38. Тоорук катышуучусу АТС репо бүтүмдөрүн автоматтык түрдө аяктоону ишке ашырган мезгил келип жеткенге чейин буга чейин келишилген репо бүтүмдөрүнүн төмөнкү шарттарын өзгөртө алат жана Тоорук катышуучуларынын эки тарабы тең бүтүмдү өзгөртүү шарттарын бекитүүнү талап кылат

§ мөөнөтүнөн мурда бүткөрүүнү

§ мөөнөтүн узартууну

39. Репо бүтүмдөрү мөөнөтүнөн мурда аяктаган учурда, АТС мөөнөтүнөн мурда аяктагандыгын эске алуу менен, автоматтык түрдө пайыздарды кайра саноону жүргүзөт.  

40. Репо бүтүмдөрүнүн мөөнөтү узартылган шартта, АТС мөөнөтү узартылгандыгын эске алуу менен, автоматтык түрдө пайыздарды кайра саноону жүргүзөт

41. Тоорук катышуучусу репо бүтүмү боюнча МБКларды, алардын ошол репо бүтүмүндөгү бүтүндөй саны боюнча гана алмаштыра алат. МБКларды алмаштыруу операциясы Тоорук катышуучуларынын эки тарабынын тең тастыктоосун талап кылат. Мында, репо бүтүмдөрүнүн жыйынтыктоочу бөлүгүндөгү акча каражаттарынын суммасы өзгөрүлбөйт.  

42. Аткаруу күнү/бүткөрүлгөн күн жумуш күнү эмес болуп жарыяланган учурларда, репо бүтүмдөрүн аткаруу кийинки күнү жүзөгө ашырылат. Мында, репо бүтүмдөрүнүн жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасын кайра эсептөө жүргүзүлбөйт.  

 

7. БҮТҮМГӨ КЕЛИШҮҮНҮН ПРИНЦИПТЕРИ 

43. Тоорук катышуучусу сунушталган билдирмелердин негизинде гана бүтүмдү түзөт

44. Тоорук катышуучусуна төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тыюу салынат

§ бааны манипуляциялоо максатында, сүйлөшүп алууга

§ рынокто алардын аракеттерин өзгөртүү максатында, башка Тоорук катышуучуларына тике же кыйыр түрдө кысым көрсөтүүгө

§ рыноктогу жагдайга кысым көрсөтүү максатында, башка Тоорук катышуучуларынын ортосунда жалган маалыматтарды таркатууга

§ Тоорук катышуучулардын дарегине нормага жатпаган, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонууга, бүтүм боюнча комментарийлерди берүүгө.  

 

45. Тоорук катышуучусу дилерлердин/ошол Тоорук катышуучусунун дилерлерди текшерүүчүсүнүн ортосунда түзүлгөн бүтүмдөрдүн тууралыгына жана купуялуулугуна толук кандуу жооп берет.  

46. Тоорук катышуучу тарабынан ушул Эрежелердин 44-пункту бузулган шартта, АТС администратору ага эскертүүчү билдирүүсүн жөнөтөт.  

47. Тоорук катышуучусунун ушул Эрежелердин 44-пунктунун талаптарын бир нече ирет бузууга жол берүүсү, тоорукка катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга негиз болуп саналат.  

48. Эгерде, Тоорук катышуучусу сунушталган билдирме боюнча бүтүмдү атайын эле түзбөй коюу менен АТСте бүтүмдөрдү түзүү процессине жолтоо болсо, анда кайсы болбосун башка Тоорук катышуучусу ал тууралуу билдирүү менен АТСте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү системасы аркылуу АТСтин администраторуна кайрылууга укугу бар. АТС администратору сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү системасы аркылуу тоорукту өткөрүүгө жолтоо кылып жаткан Катышуучуга бүтүмгө келишүү же билдирмесин алып салуу зарыл экендиги тууралуу эскертүүчү билдирүү жөнөтөт. Бул Тоорук катышуучусунун эскертүүчү билдирүүнүн талаптарын аткарбай коюусу, АТСтеги тоорукка анын катышуусун токтотуп коюу үчүн негиз болуп саналат

8. УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

49. Тоорук катышуучусунун жана Улуттук банктын укуктары жана милдеттери ушул Эрежелерге жана АТСтин иши тууралуу жобого ылайык аныкталат

50. Тоорук катышуучусу бүтүмгө келишүүнүн ушул Эрежелерде берилген шарттарына макул жана келишилген бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартпоого милдеттенет

51. Тоорук катышуучусу, тиешелүү валюталоо күнүндө АТСтин төлөмгө каршы автоматтык берүүлөрдү жүзөгө ашыруусу үчүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде улуттук валютада тиешелүү суммада акча каражаттарынын жана “депо” эсебинде тиешелүү сандагы тиешелүү МБКлардын болушун камсыз кылуу боюнча зарыл аракеттерди өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттенет

52. Тоорук катышуучусу бир Катышуучу тарабынан милдеттенмелердин аткарылбай калгандыгы тууралуу билдирүү менен АТСтин Администраторуна кайрылууга укугу бар. Милдеттенмелердин аткарылбагандыгы тууралуу факт тастыкталган шартта, АТСтин Администратору өз милдеттерин аткарбаган Тоорук катышуучусуна АТСтеги тооруктарга катышуусун милдеттенмелерин толук аткарып бүтмөйүнчө токтотуп коюуга укуктуу.  

53. Төмөнкүлөр Тоорук катышуучусунун бүтүм боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган катары саналат

§ эсептешүүлөр жүргүзүлгөн тиешелүү күнгө карата Тоорук катышуучусунун “депо” эсебинде тиешелүү сандагы тиешелүү МБКлардын жоктугу

§ эсептешүүлөр жүргүзүлгөн тиешелүү күнгө карата Тоорук катышуучусунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде улуттук валютада тиешелүү суммада акча каражаттарынын жеткиликтүү суммасынын жок болушу

 

9. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР  

54. Кыргыз Республикасынын МБКларынын экинчилик рыногунда АТС аркылуу бүтүмдөргө келишүү тартиби ушул Эрежелерге жана АТСтин иши тууралуу Жобого ылайык жөнгө салынат

55. Ушул Эрежелерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын МБКларынын экинчилик рыногунда АТС аркылуу бүтүмдөргө келишүү процессин өркүндөтүү максатында, Улуттук банк тарабынан киргизилет

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик 

баалуу кагаздарын экинчилик 

рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын Автоматташтырылган тоорук 

системасы аркылуу сатуу эрежелерине карата 1-тиркеме 

 

(коммерциялык банктын фирмалык бланкасында басылып чыгарылат

 

 

 

Тоорук катышуучусунун милдетенмеси 

20__жылдын «___» ______________   

Ушул аркылуу (тоорук катышуучусунун толук аталышы) ______________ негизинде иш алып барган жак (кызматы, аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын МБКларынын экинчилик рыногуна Улуттук банктын автоматтыштырылган тоорук системасы аркылуу катышууга ниетин тастыктайт жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын «___»________ ______токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу эрежелеринин” жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын «___»________ ______токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши тууралуу” жобонун талаптарын толук сактоого жана аткарууга милдеттенет.  

  

  

  

М.О  

Аты-жөнү, кызматы Колтамгасы  

  

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик 

баалуу кагаздарын экинчилик 

рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын Автоматташтырылган тоорук 

системасы аркылуу сатуу эрежелерине карата 2-тиркеме 

  

Дилерлерге берилген ишеним кат 

  20__жылдын «___» ______________   

  

Бул ишеним кат аркылуу (тоорук катышуучусунун толук аталышы) ___________негизинде иш алып барган жак (кызматы, аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын МБКларынын экинчилик рыногунда бүтүмдөрдү Улуттук банктын автоматтыштырылган тоорук системасы аркылуу жүргүзүүгө төмөнкү адамдарга ыйгарым укук чегерет.  

  

№  

Аты-жөнү  

АТСтеги ролу (дилер/дилерди текшерүүчүсү

Кызматы  

Колтамгасынын үлгүсү 

Жумуш боюнча электрондук почтанын дареги 

Жумуш телефонунун номери 

1.  

2.  

3.  

…  

  

 

  

 

  

 

  

Бул ишеним кат кайра ишеним көрсөтүү укугусуз берилди жана 200_ жылдын 31-декабрына чейин же дилерлердин курамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, аракети токтотулган учурга чейин күчүндө болот.  

  

М.О  

Аты-жөнү, кызматы Колтамгасы 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик 

баалуу кагаздарын экинчилик 

рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын Автоматташтырылган тоорук 

системасы аркылуу сатуу эрежелерине карата 3-тиркеме 

  

 

 

АТСтин дисконттук МБКнын баасын автоматтык түрдөө эсептөө формуласы

    

                          P  =  

Р   - МБКнын баасы 

N - МБКнын номиналдык наркы 

r   - МБК кирешелүүлүгү 

t   - бүтүм келишилген күнгө карата МБКны төлөөгө чейин калган мөөнөт 

Base эсептөө үчүн база. АТСте автоматтык түрдө - 360 күн 

 

 

АТСтин купондук МБКнын баасын автоматтык түрдө эсептөө формуласы

Р   -  МБКнын баасы 

N - МБКнын номиналдык наркы 

- МБКнын жылдык купондук чени 

r  - кирешелүүлүк 

жыл ичинде купондук төлөөлөрдүн саны 

Tv бүтүм келишилген күн 

n төлөөгө чейинки мезгилдердин (төлөөлөрдүн) саны 

Cn кийинки купонду төлөө күнү 

Base эсептөө үчүн база. АТСте автоматтык түрдө - 360 күн