Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августуна №33/5 токтому менен бекитилген 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын 

төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу 

эрежелери жөнүндө жобо 

  

Жободо Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгү белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери аныкталат.

  

I бөлүк. Жалпы жоболор 

  

1. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты статусуна ээ (анын ичинде жүгүртүүдөн алынуучулар), жасалма белгилерин камтыбаган, зыян келтирилбеген, бирок төмөнкүдөй жагдайларга дуушар болгон банкноттор жана монеталар Кыргыз Республикасынын төлөө күчүндөгү банкноттору жана монеталары болуп саналат: 

а. кир чалган, эскирген, айрылган, сүрүлүп калган, көзөнөкчө болуп бир аз тешилген, чекелерине жазылып, так түшкөн, штамптардын оттисктери коюлган, бурчу, чети тытылган, бирок банкноттун аянтынын 50 пайызынан көбү сакталып калган банкноттор

б. айрым бир зыянга учураганы менен алдынкы, арткы бетиндеги (аверс/реверс) сүрөттөлүштөрү жана баштапкы калыбы жана салмагынын кеминде 80 пайыздан сакталып калган монеталар

2. Төлөө күчүндөгү банкноттор/ монеталар эсептешүүлөрдө жана төлөөлөрдө бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан эч кандай чектөөлөрсүз кабыл алынууга тийиш. 

3. Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктарда алмаштырууга болот: 

3.1 Жасалма экендигин көрсөткөн белгилерди камтыбаган, төмөнкүдөй жагдайларга дуушар болгон банкнотторду алмаштырууга болот: 

а. фрагменттерин негизинен жоготкон (анын ичинде күйүп калган, мүнөздөмөлөрүн жоготууга алып келген таасирлерге туш болгон, эскилиги жеткен) бирок аянтынын кеминде 80 пайызы сакталып калган банкноттор; 

б. бир банкнотко тиешелүү болгон бир же бир нече фрагменттерди чаптоо аркылуу (фрагменттердин санын эсепке албаганда) банкноттун баштапкы аянтынын кеминде 80 пайызын түзгөндөй болуп кураштырылган банкноттор; 

в. түсү өзгөргөн, бирок жарыкка салып кароодо сүрөттөлүштөрү так көрүнгөн банкноттор; 

г. даярдоочунун бракка жол берүүсү

3.2 Жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, бирок төмөнкүдөй жагдайларга дуушар болгон монеталар: 

а. баштапкы формасынын өзгөрүшү (ийилип, мырыйган, өгөлгөн) бирок аверсинде жана реверсинде сүрөттөлүшү сакталган;  

б. жогорку температуранын жана башка алардын өзгөрүшүнө түрткү берген кесепеттүү жагдайлардын таасири (эритилген, оюлуп калган, түсүн өзгөрткөн); 

в. даярдоочунун бракка жол берүүсү

4. Коммерциялык банктар ушул жобонун 3-пунктунда келтирилген банкнотторду/монеталарды алмаштырууну, эгерде аныктыгы эч кандай шектенүүнү туудурбаса, аларды түздөн-түз кабыл алгандан кийин, жарактуу1 банкноттун жана монетанын эквиваленттүү суммасын жеке адамдарга же юридикалык жактарга берүү же банк эсебине чегерүү жолу менен жүзөгө ашырышат. Эгерде банкнот/монета шектенүүнү жаратса, анда мындай банкнот/монета алар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына экспертизага жөнөтүлүп жана Улуттук банк аларды алмаштырган учурда гана алмаштырылат. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мекемелеринде (мындан ары Улуттук банк) төмөнкүлөр алмаштырылып берилүүгө тийиш: 

5.1 Жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, бирок төмөнкүдөй жагдайларга туш болгон банкнотторду 100 пайыз суммасында алмаштырууга болот: 

а. олуттуу фрагментин жоготкон (анын ичинде күйүп калган, мүнөздөмөлөрүн жоготууга алып келген таасирлерге туш болгон, эскилиги жеткен) бирок аянтынын кеминде кеминде 51 пайызы сакталып калган банкноттор; 

б. бир банкнотко тиешелүү болгон бир же бир нече фрагменттерди чаптоо аркылуу (фрагменттердин санын эсепке албаганда) банкноттун баштапкы аянтынын кеминде 51 пайызын түзгөндөй болуп кураштырылган банкноттор; 

в. түсү өзгөргөн, бирок жарыкка салып кароодо сүрөттөлүштөрү так көрүнгөн банкноттор; 

г. укук коргоо органдары тарабынан ар түрдүү атайын операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланылган банкнотторду ультракызгылтым нурга салып кароодо штамптын тагы же атайы коюлган белгилер; 

д. даярдоочунун бракка жол берүүсү

5.2 Жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, баштапкы аянтынын 50 пайызын сактап калган (анын ичинде күйүп калган, мүнөздөмөлөрүн жоготууга алып келген таасирлерге туш болгон, эскилиги жеткен) банкноттордун номиналынан 50 пайыз суммасында. Аянтынын 50 пайызга жетпегени сакталып калган банкноттор кабыл алынбайт жана алмаштырылбайт.  

5.3 Жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, салмагынын 80 пайызы сакталган шартта аверсинде жана реверсинде сүрөттөлүшү калган жана төмөнкүдөй жагдайларга туш болгон монеталардын номиналынын 100 пайыз суммасында

а. баштапкы формасы өзгөрүп калган (ийрейген, мыйрылган, өгөөлөнгөн) бирок аверсинде жана реверсинде сүрөттөлүшү сакталган; 

б. жогорку температуранын жана башка алардын өзгөрүшүнө түрткү берген кесепеттүү жагдайлардын таасири (эритилген, оюлуп калган, түсүн өзгөрткөн); 

в. даярдоочунун бракка жол берүүсү

Зыянга учураган, аянтынын 80 пайызынан азы сакталып калган монеталар кабыл алынбайт жана алмаштырылбайт. 

6. Улуттук банк ушул жобонун 5-пунктунда келтирилген банкнотторду жана монеталарды алмаштырууну, эгерде алардын аныктыгы эч кандай шектенүүнү туудурбаса, аларды экспертизага кабыл алгандан кийин, жарактуу банкноттун жана монетанын эквиваленттүү суммасын жеке адамдарга же юридикалык жактарга берүү же коммерциялык банктардын биринде ачылган алардын банк эсебине чегерүү жолу менен жүзөгө ашырат. 

  

II бөлүк. Банкнотторду жана монеталарды экспертизага кабыл алуунун тартиби 

  

7. Банкноттор жана монеталар алмаштырууга жана экспертизага анын аныктыгын жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө жана экспертизанын жыйынтыгы жөнүндө анда белгилөөгө боло тургандай түрдө берилүүгө тийиш. 

8. Банкноттун күйүп калгандан кийинки үбөлөнгөн чети, ошондой эле химикаттар менен иштетилген банкноттор экспертизаны жана алмашууну жүзөгө ашырууда купюралардын бөлүгүн жоготуп албоо үчүн скотч же желим менен чапталууга тийиш. 

9. Жуулган жана нымдалып калган банкноттор, ошондой эле үзүндү фрагменттерден турган банкноттор жука кагаздын бетине бириктирилип чапталган түрүндө берилет. Эгерде банкнот ар кандай банкноттордун бөлүгүнөн түзүлсө, анда ал бир нече өзүнчө банкнот катары каралат. 

10. Жугуштуу оорулар тараган жерден түшкөн банкноттор экспертизага кабыл алынбайт жана Кыргызстандагы каратумоого (чумага) каршы станциянын адистери дезинфекциялык тазалоодон өткөрүүгө тийиш. тазаланып жана ал боюнча тиешелүү корутунду алынгандан кийин, дезинфекцияланган банкноттор экспертизага кабыл алынышы мүмкүн. 

11. Банктын кассири зыянга учураган банкноту/монетаны өиүнүч каттын негизинде алмашууга кабыл алат (1-тиркеме). Өтүнүч менен кайрылган адамга экспертизага кабыл алынган банкноттун/монетанын суммасын жана санын көрсөтүү менен квитанция берилет (2-тиркеме). Эгерде банкнот/монета экспертизадан өткөртүүнү талап кылбаса, банктын кассири эскилиги жеткен2 банкнотту/монетаны жарактуусуна алмаштырып берет, мында эч кандай документтер толтурулбайт. 

12. Аянтынын 80 пайызынан көбүрөөгү сакталып калган банкноттор коммерциялык банктарга алмашууга өткөрүлөт. Ал эми аянтынын 50 пайызынан 80 пайызына чейин сакталган банкноттор Улуттук банкка экспертизага берилет. Аянтынын 50 пайызынан азы сакталып калган банкноттор кабыл алынбайт жана алмаштырылбайт. 

13. Банкноттун/монетанын төлөө күчүнө экспертиза Улуттук банк тарабынан беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Протокол түзүлүп, ага экспертиза жүргүзгөн адам кол коюет (3-тиркеме). Банкнотту экспертизадан өткөрүү Протокол башкы документ болуп саналат жана анын негизинде банкнотторду алмашуу же андан баш тартуу тууралуу акыркы корутунду чыгарылат. 

14. Банкноттун/монетанын төлөө күчү аныкталгандан кийин өтүнүч менен кайрылган адамга экспертизанын жыйынтыгы менен таанышуу үчүн банкнот жана монета көрсөтүлөт. Экспертизанын жыйынтыгы менен таанышкандан кийин, өтүнүч менен кайрылган адам экспертизага кабыл алынгандыгы жөнүндө квитанцияны кайтарып берүүгө жана арызга кол коюуга тийиш. Бетине «АЛМАШТЫРЫЛСЫН» же «АЛМАШТЫРУУДАН БАШ ТАРТЫЛГАН» деген штамп коюлган банкноттор жана зыянга учураган монеталар кардарга кайтарылып берилбейт. 

15. Экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин, аламаштырылып берилүүгө тийиш болгон банкноттун/монетанын суммасы банкнотту жөнөткөн банктын эсебине чегерилет. Акчанын чегерилиши жөнүндө маалымат банкноту түздөн-түз жөнөткөн банкка же анын филиалына маалымдалат (4-тиркеме). 

16. Ушул жобонун 2 жана 3-пункттарында келтирилген зыянга учураган банкнотту/монетаны жарактуу банкнотко алмаштыруу, ошондой эле бир нарктагы банкнотту/монетаны экинчисине алмаштыруу, Улуттук банкта, коммерциялык банктарда жана финансы-кредит мекемелеринде, суммаларда чектөөлөрсүз жана көрсөткөн кызмат үчүн акы өндүрүп алуусуз жүргүзүлөт. 

17. Жасалма белгилери камтылбаган, ушул жобнун 2 жана 3-пункттарында белгиленген зыянга учуроого дуушар болгон, жүгүртүүдөн алуучу, бирок алмаштырылып берилүүгө тийиш болгон банкноттор жана монеталар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, ушул жобонун 2 жана 3-пункттарында каралган тартипте алмаштырылып берилет. 

18. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты статусуна ээ болбогон, же жасалма акча белгилерин камтыган же ушул жобонун 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлбөгөн зыяндарга учураган банкноттор жана монеталар (анын ичинде ортосунан бөлүп айрылып, башка банкнот менен толукталып чапталган, бетинде «ҮЛГҮ» деген сөз жазылган банкноттор), ошондой эле аянтынын 50 пайызга жетпегени сакталып калган банкноттор жана баштапкы салмагынын 80 пайызынан азы сакталган монеталар төлөөгө жөндөмсүз болуп саналат жана алмаштырылып берилбейт. 

19. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан нак акча кабыл алууда шектенүүнү жараткан3 (жасалма4) банкнот/монета табылган учурда, мындай банкнот/монета алынып салынууга тийиш. шектүү банкнотаны/монетаны алып коюуда арыз тжазылып (5-тиркеме), кардарга квитанция берилет (6-тиркеме). 

Шектүү банкнот/монета экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш, эгерде экспертизанын жыйынтыгы алардын аныктыгын тастыктаса, анда кардарга мурда алынып коюулган банкноттун/монетанын суммасы кайтарылып берилет. Мында кардар ага берилген квитанцияны кайтарууга тийиш. Жасалма банкнот/монета аныкталган учурда кассирдин андан ары аракет көрүүсү Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2011-жылдын 10-августунда №44/3 токтому менен бекитилген «Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө» нускоодо аныкталган. 

 

_______________________________ 

Ушул жободо колдонулган терминдер:  

1. Жарактуу банкноттор жана монеталар - банкнотко баа берүү боюнча бекитилген критерийлердин чегинен чыкпаган, бир аз эле зыянга учураган анык банкноттор жана монеталар. 

2. Эскилиги жеткен банкноттор - банкнотко баа берүү боюнча бекитилген критерийлердин чегинен чыккан, зыянга учурашынан улам накталай акча жүгүртүлүшү үчүн жараксыз болгон анык банкноттор. 

3. Шектенүүнү жараткан банкноттор жана монеталар - бир катар техникалык мүнөздөмөлөрү, алар Улуттук банк тарабынан эмитирленгендигинен шектенүүнү жараткан банкноттор жана монеталар. 

4. Жасалма банкноттор жана монеталар - банкноттордун жана монеталардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келбеген жана экспертизанын жыйынтыгы боюнча жасалма катары таанылган банкоттор жана монеталар. 



 Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө жобого тиркемелери