Улуттук банк Башкармасынын  

2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/15 токтомуна ылайык 

КҮЧҮНӨ КИРДИ 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2010-жылдын 30-январындагы 

№ 1/1 токтому менен 

бекитилген 

 

 

Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдары жөнүндө 

жобо 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9,  

2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), № 2017-П-07/25-15-(НПА)  

токтомдорунун редакциясында) 

1. Жалпы жоболор 

2. Милдеттүү камдарды эсептөө тартиби 

3. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн микрофинансылык компаниялардан алынуучу айыптык төлөм өлчөмүн эсептөө жана өндүрүү тартиби 

1-тиркеме. Бир мезгил үчүн милдеттүү камдарды эсептөө 

2-тиркеме. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө мисалы 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жободо аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга (мындан ары МФК) карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруусуна, милдеттүү камдык талаптарды сактоо тартибине, аларды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө жана өндүрүп алууга карата талаптар белгиленген. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомдорунун редакциясында) 

2. Милдеттүү камдар  бул, Улуттук банк тарабынан белгиленген шарттарда микрофинансылык компания Улуттук банкка депондоштурууга милдеттүү болгон акча каражаттарынын суммасы. 

Милдеттүү камдык талаптар  Улуттук банкта милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча микрофинансылык компанияларга карата талаптар. 

Эсептик база  бул, МФКнын депозиттик эсептеринде эсепке алынган сом түрүндөгү жана валюталык милдеттенмелери. Эсептик базада камтылуучу милдеттенмелердин тизмеги жана валюталык түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында) 

3. Милдеттүү кам өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан эсептик базадан пайыздарда белгиленет. Эсептик базанын курамына кирген милдеттенмелердин ар кандай категориялары үчүн ар түрдүү пайыздык маани белгилениши мүмкүн. Милдеттүү кам өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан акча-кредит саясатынын максаттарында өзгөртүлүшү мүмкүн. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында) 

4. Милдеттүү камдарды депондоштуруу МФКнын Улуттук банктагы депозиттик эсебине улуттук валютада акча каражаттарды жайгаштыруу түрүндө жүзөгө ашырылат. Улуттук банкта депозиттик эсептеги каражаттар милдеттүү камдык талаптарды аткаруу максатында гана колдонулууга тийиш, депозиттик эсеп боюнча эсептешүү-кассалык операцияларды жүзөгө ашырууга жол берилбейт. 

5. Ушул жобонун 15-пунктунда каралган учурларды эске албаганда, МФК мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырууга лицензия колдонулган мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды аткарууга милдеттүү

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында) 

2. Милдеттүү камдарды эсептөө тартиби 

6. Милдеттүү камдар өтүп жаткан базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү, төрт жума аралыгында бир жолу эсептелинет жана өткөн базалык мезгил үчүн орточо күндүк эсептик базанын, ошондой эле Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдетүү кам өлчөмүнүн негизинде аныкталат. Милдеттүү камдын белгиленген мааниси базалык мезгилдин төрт жумасы аралыгында колдонулат. Эсептик базада камтылган валюталык милдеттенмелердин сом түрүндөгү эквиваленти Улуттук банк тарабынан белгиленген чет өлкө валютасынын сомго карата расмий курсу боюнча эсептелинет. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында) 

6-1. Милдеттүү кам төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында OРt өтүп жаткан базалык мезгилдеги милдеттүү кам;  

ОБт-1 МФКнын өткөн базалык мезгилдин ар бир күнү үчүн эсептик базада камтылган милдеттенмелери;  

Р Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү кам өлчөмү;  

Дt-1 милдеттүү камды эсептөөдө эске алынган өткөн базалык мезгилде камтылган календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн.» 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында) 

7. Ушул жобонун 6-1-пунктуна ылайык ишке ашырылган, МФКнын жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн эсептөөлөр, 1-тиркемеге ылайык формада жаңы базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү саат 12.00гө чейин Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Мындан тышкары, МФК Улуттук банктын талаптарына ылайык «Милдеттүү камдарды эсептөөнү» электрондук түрдө берип турууга тийиш. Эгерде «Милдеттүү камдарды эсептөө» өз убагында берилбесе, ошондой эле анык эмес маалымат берилген болсо, анда МФК Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында) 

8. Милдеттүү камдык талаптардын аткарылышына контролдук төрт жуманы камтыган базалык мезгилдин акырында жүргүзүлөт. Эгерде бүтүндөй базалык мезгил ичинде МФКнын Улуттук банктагы депозиттик эсебиндеги каражаттардын суммасы менен милдеттүү кам өлчөмүнүн ортосундагы айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат. Бул талап аткарылбаса, МФК милдеттүү камдык талаптарды бузууга жол берген катары эсептелинип, талаптарды сактабагандыгы үчүн ушул жобонун 3-бөлүгүндө аныкталган шарттарга ылайык андан айыптык төлөм өндүрүлөт. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында). 

9. Милдеттүү камдар боюнча талаптар аткарылган шартта Улуттук банк МФКга депондоштургандыгы үчүн төлөм чегериши мүмкүн. Улуттук банкта милдеттүү камдарды депондоштургандыгы үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. 

10. (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготкон). 

3. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн микрофинансылык компаниялардан алынуучу айыптык төлөм өлчөмүн эсептөө жана өндүрүү тартиби 

өлүктүн аталышы Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында) 

11. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген айыптык төлөм өлчөмүнүн жана МФКнын Улуттук банктагы депозиттик эсебиндеги каражаттардын базалык мезгил ичинде милдеттүү камдардан орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында) 

11-1. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында Шн милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм;  

Ос Улуттук банктагы депозиттик эсептин милдеттүү камдан күн ичинде орточо четтөөсү;  

Рш милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген айып төлөм өлчөмү;  

Д базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн.  

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасын эсептөө мисалы 2-тиркемеде келтирилген. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында) 

12. Эгерде МФК менен түзүлгөн келишимде башкасы каралбаса, милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм Улуттук банк тарабынан тиешелүү билдирүү жөнөтүлгөндөн кийинки экинчи иш күнү акцептсиз тартипте өндүрүлөт. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомдорунун редакциясында) 

13. МФК тарабынан милдеттүү камдык талаптардын сакталбашы МФКда максаттуу текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болушу мүмкүн. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомдорунун редакциясында) 

14. Милдеттүү камдык талаптарды бир нече жолу (бир жолудан ашык) же үч ай ичинде бир нече ирет бузгандык Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга негиз болушу мүмкүн. 

15. Эгерде, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому менен башкасы каралбаса, анда банкроттук процесс башталган учурдан тартып камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм чегерилбейт. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомдорунун редакциясында) 

  

 

 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында) 

 

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомунун редакциясында)