Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 14-июнундагы  

№ 2017-П-09\24-6-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

«АКЫРКЫ ИНСТАНЦИЯ КРЕДИТИ ЖӨНҮНДӨ» 

ЖОБО  

1-глава. Жалпы жоболор 

1. «Акыркы инстанция кредити жөнүндө» ушул жободо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) банк тутумунун бүтүндүгүн сактоо, ликвиддүүлүктү колдоо, ошондой эле жеке адамдардын аманаттарын коргоо максатында, Улуттук банктан лицензия алган Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына акыркы инстанция кредитин берүүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталган. 

2. Акыркы инстанция кредити (мындан ары кредит) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын 17, 18 жана 53-беренелерине жана ушул жобого ылайык сунушталат.  

3. Кредит Банкка ал ликвиддүүлүктүн минималдуу деңгээлин колдоо үчүн бардык жетиштүү каражаттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн коромжуга учуратып алган, өзгөчө учурларда берилет.   

4. Бул кредитти берүү менен Улуттук банк акыркы инстанциядагы кредитор катары өз функциясын жүзөгө ашырат. Кредит банкка системалуу тобокелдиктин орун алышына жол бербөө, банк тутумундагы туруктуулукту сактоо жана жеке адамдардын улуттук валютадагы аманаттарын коргоо максатында берилет.  

5. Кредит финансылык жактан чыңдоо иш-чаралары жүзөгө ашырылуучу проблемалуу банктарга берилет. Мында, ушул жобону жүзөгө ашыруу максатында, проблемалуу банк дегенден улам, аларга карата төмөнкүлөр белгиленген банкты түшүнүүгө болот:  

- банктык мыйзамдарга ылайык администрациянын банк ишин камсыз кылууга жөндөмсүздүгүнө, банктын алгылыксыз банктык тажрыйбанын жүргүзүлүшүнө катышуусуна байланыштуу, бузууларга жол берилгендиги фактылары аныкталган болсо;  

- банк биринчи деңгээлдеги капитал шайкештиги экономикалык ченемин бузууга жол берсе;  

-  банктын кардарлар алдындагы милдеттенмелерин аткарууга жөндөмсүздүгүнө алып келген чыгашалуу иши.  

6. Кредит берүү, анын ичинде берүү шарттары, мөөнөтү жана көлөмү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.  

7. Улуттук банк Башкармасы кредит берүү жөнүндө маселени кароо алдында банк аткарууга тийиш болгон айрым бир талаптарды белгилөөгө укуктуу.  

8. Кредит мөөнөтүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздоо сыяктуу жалпы принциптерин сактоо менен улуттук валютада берилет. 

9. Кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенме күрөө менен камсыздалат. Күрөөгө, анын жетиштүүлүк көлөмүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана күрөөлүк камсыздоонун башка параметрлерине карата талаптар Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.  

10. Кредит боюнча пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.  

11. Улуттук банк анын тиешелүү лицензиясынын негизинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банкка келишимдин негизинде каражат берүүгө укуктуу. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзгөн банктын Улуттук банк менен өз ара иш алып баруусу ушу жобо жана ислам банк иши жана каржылоо принциптеринде иш жүргүзүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен каражат сунуштоо боюнча өзүнчө келишим аркылуу жөнгө салынат.  

2-глава. Кредит берүү шарттары 

12. Банкты финансылык чыңдоо жана кредит каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча иш чаралардын аткарылышына контролдук кылуу үчүн Улуттук банктын Убактылуу администрация режиминин киргизилиши кредит алуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат. Мында, банк Улуттук банктын макулдугусуз жаңы милдеттенмелерди (банктар аралык кредиттерди, депозиттерди жана башкаларды) кабыл ала албайт.  

13. Улуттук банк Башкармасы кредит толугу менен төлөнгөнгө чейинки мезгилде банк үчүн башка талаптарды белгилөөгө укуктуу. 

14. Кредитти колдонуу мезгили ичинде Банктын Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынына, мисалы, мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчилик рыногуна кирүү сыяктуу ыйгарым укугу токтотулушу мүмкүн, ошондой эле банк сарптоо операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн клиринг системасынан чыгарылат жана алар боюнча гросстук эсептешүү системасына Улуттук банкта тейленгендиги үчүн төлөмдөрдү кармоосуз которулат.  

15. Банк кредитти кызмат адамдарынын, Банк менен байланыштуу же аффилирленген жактарына депозиттерди (аманаттарын) төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк банк менен байланыштуу же аффилирленген жактар менен операцияларына боюнча кошумча чектөөлөрдү белгилей алат.  

16. Банк алган кредитти Банктын аткаруучу адамдарына жана кызматкерлерине сый акылардын/бонустардын бардык түрүн кошо алганда, администрациялык чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Мындан тышкары, Улуттук банк Банктын администрациялык чыгашаларын кыскартуусу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.  

17. Улуттук банк Башкармасы тиешелүү Банкка кредит берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган учурда Улуттук банк банкты кат жүзүндө маалымдайт. 

 

3-глава. Кредиттин камсыздоосу 

18. Банктын кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Кредит камсыздоосу катары сунушталган күрөө предмети башка күрөөгө же үчүнчү жакка кайра күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.  

19. Төмөнкүлөрдү кредиттин камсыздоо күрөөсү катары сунуштоого болот:   

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары; 

2) Улуттук банктагы же Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон башка финансы-кредит мекемесиндеги депозиттер; 

3) стандарттык жана өлчөнгөн куймалардагы алтын жана башка аффинаждалган баалуу металлдар; 

4) чет өлкө валюталары; 

5) банктын кредит портфели боюнча талап коюу укугу; 

6) Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген учурларда Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон активдердин жана мүлктөрдүн башка түрлөрү

20. Күрөө предмети күрөө коюучуга менчик укугунда таандык болууга тийиш жана ага башка милдеттенмелер жүктөлбөөгө тийиш. 

21. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги банк муктаж болгон кредит суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

22. Күрөөгө коюлган мүлктүн рыноктук наркы аны пайдалануу сунуш кылынган мезгил үчүн кошуп эсептелинген пайыздардын суммасын кошо алганда, суралган кредиттин суммасынан төмөн болбоого тийиш.  

23. Камсыздандыруу (күрөө) катары берилген мүлктөрдөн өндүрүүнү жүргүзүү жана сатып өткөрүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана күрөө жөнүндө келишимде , ошондой эле кошумча келишимде аныкталат.  

 

4-глава. Кредит берүү жана аны төлөө тартиби 

24. Кредит алуу үчүн банк Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:  

- кредитти пайдалануу максаты көрсөтүлгөн, кредит берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

- банктын Директорлор кеңешинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын кредит алуу жана талап кылынган кредиттин камсыздоосу катары активдерди жана/же мүлктү сунуштоо жөнүндө чечими;  

- күрөө коюучунун күрөө предметине менчик укугун жана/же талап коюу укугун тастыктаган документтердин талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; 

-  менчик укугун тастыктаган, күрөө предметинин мүнөздөмөсү жана ага көз карандысыз баа берүүчү тарабынан берилген баа камтылган документтерди; 

- банк өз акционерлерин Улуттук банкка кредит алуу үчүн кайрылуу ниети жөнүндө кабарлагандыгын тастыктаган документтерди (билдирүү кол койдуруу менен тиешелүү адамдын өз колуна берилет же анын акыркы белгилүү дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт); 

- Улуттук банк кредит берүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди да талап кылууга укуктуу.  

- банктын директорлор Кеңешинин төрагасынын жана ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колтамгасы менен тастыкталган, банкты финансылык жактан чыңдоо планы; 

25. Кредит берүү үчүн Улуттук банк менен банк ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимди жана Кредиттик келишим, ошондой эле Күрөө жөнүндө келишимди түзүшөт, булардын форматы жана талаптарф күрөөнүн түрүнө жараша Улуттук банк тарабынан аныкталат. Кредит ресурстарын чегерүү үчүн банкка Улуттук банкта атайын эсеп ачылат.  

26. Кредит банкты финансылык чыңдоо планынын аткарылышына жана банк тарабынан ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык мурда алынган транштардын максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө толугураак жазылган отчеттун берилишине жараша транш боюнча (кезеги менен) берилет.  

27. Транштар Башкарманын чечими менен аныкталган кредитти жабуу күнүнөн ашпаган мөөнөткө берилет. Кредитти жабуу күнү жана/же транштарды жыйынтыктап төлөө күнү Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча узартылышы мүмкүн.  

28. Транштын негизги суммасын жана ага чегерилген пайыздарды төлөө Кредиттик линияны ачуу боюнча келишимде аныкталган шарттарда ишке ашырылат.  

29. Банк кредитти максатсыз пайдаланган же өзүнүн милдеттерин аткарбаган жана/же талапка ылайыксыз аткарган учурда, Улуттук банк  кредиттин кезектеги траншын берүүнү токтотууга жана кайтарып берүү жөнүндө мөөнөтүнөн мурда талап кылууга же күрөөгө коюлган  мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу.  

 

 

5-глава. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө 

30. Кредиттин ар бир траншынын суммасына пайыздар, сунушталган траншты айкын пайдаланган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздардын формуласынын негизинде, жыл ичиндеги 360 календардык күн эсеби боюнча, төмөнкү формулада эсептелинет: 

P = (C x I x T)/360/100, мында: 

Р транш боюнча пайыздар суммасы; 

С транштын суммасы (сом); 

I пайыздык чен (жылдык %); 

Т траншты пайдалануу мөөнөтүүндөр менен). 

Банк сунушталган траншты пайдаланган мезгил ичиндеги айкын календардык күндөрдү эсептөөдө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр да эске алынат.  

31. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

 

6-глава. Өзгөчө шарттар 

32. Улуттук банк кайсы болбосун учурда, өз ыңгайына жараша банк ишине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.  

33. Кредит колдонулуп жаткан мезгил ичинде банк Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимде жана Күрөө келишимдеринде, ошондой эле Улуттук банктын чечимдеринде аныкталган бардык талаптарды так сактоого милдеттүү

34. Кредит колдонулуп жаткан мезгил ичинде банк Улуттук банктын чечимдеринде, Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимде жана/же Күрөө келишимдеринде аныкталган талаптарды сактабаса, Улуттук банк кредиттик линиянын аракетин токтотууга жана сунушталган транштардын, ал боюнча чегерилген пайыздардын мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн талап кылууга укуктуу. Банк милдеттенмелердин ордун мөөнөтүнөн мурда жабуу талабын аткарбаган учурда, Улуттук банк күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоого же банктын Улуттук банктагы кайсы болбосун, анын ичинде чет өлке валютасындагы эсебинен анын карызынын ордун жабуу үчүн талап кылынган сумманы акцептсиз тартипте эсептеп алып кое алат.  

35. Улуттук банктын талап кылуусу боюнча банк, кредитти пайдалангандыгы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунуштайт.   

 

 

7-глава. Жоопкерчилик жана укукка жатпаган аракеттер 

36. Улуттук банк, кредит берүү шарттарынын банк тарабынан аткарылбашынын же толук эмес аткарылышынын кесепетинен келип чыккан кандай болбосун чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

37. Улуттук банк тарабынан кредиттин берилиши банктын милдеттенмелерин өзүнө алуу катары каралууга тийиш эмес.  

38. Кредит алуунун жана аны пайдалануунун кайсы болбосун баскычында Улуттук банк мыйзамдарда жана өз ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын банкка карата колдонууга укуктуу.  

39. Кредиттин максаттуу пайдаланылышы жана анын бардык шарттарынын так сакталышы үчүн жоопкерчилик банкка жүктөлөт.  

40. Банктын кызмат адамдары, акционерлери, банк менен байланыштуу же аффилирленген жактар укукка жатпаган төмөнкүдөй аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат: 

- банкка тиешелүү болгон бухгалтердик жана башка документтердеги жазууларды жашыруу, жок кылуу же жалган жазууларды киргизүү

- банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлеринине айрым кредиторлордун жана дебиторлордун пайдасына чечим кабыл үчүн таасир этүү

  - банктын кызмат адамдары менен кызматташуудан баш тартуу же банктын мүлкүн кайтарууга тоскоолдук кылуу; 

- банктын кызмат адамдарына милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу жана анын мыйзам чегинде талаптарын аткарбоо; 

- сот тарабынан банкроттукка учуроону кошо алганда, мажбурлап жоюуга алып келгендиги таанылган иш-аракеттер. 

 

 

 

 

“Акыркы инстанция кредити 

жөнүндө” жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

Кредиттик линия ачуу жөнүндө 

келишим 

 

Бишкек шаары № _____ 20___-жылдын «___” _______ 

 

 

 

Мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ___________________ негизинде иш алып барган _______________ бир тараптан, жана мындан ары “Банк” деп аталуучу __________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган _______________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимди (мындан ары “Келишим”) түзүштү:  

 

1. АТООЛОР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР  

 

1.1. Ушул келишимдин максаттарында төмөнкүдөй атоолор пайдаланылган: 

Кредиттөө лимити ушул келишимге ылайык белгиленген жалпы сумманын чектүү өлчөмү, анын чегинде банк негизги талаптарды сактаган шартта, ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде кредит/транш алууга укуктуу.  

Негизги талаптар Улуттук банк Башкармасынын 20____-жылдын “__”_____ №___ токтому менен бекитилген “Акыркы инстанция кредити жөнүндө” жободо белгиленген талаптар.  

Кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгили ушул келишимге кол койгон учурдан тартып _________жылга чейинки мезгил аралыгы, бул мезгил аралыгында банк ушул Келишим боюнча ачык кредиттик линиянын алкагында кредит/транш алууга укуктуу.  

Кредит/транш Улуттук банк тарабынан ушул келишимде каралган шарттарда, кредиттөө лимитинен ашпаган жалпы суммада банкка берилген акча каражаттары. Кредит/Транш банктын билдирмесине ылайык сунушталат. Кредиттер/транштар банктын билдирмесине ылайык берилет. Кредиттерди/транштарды сунуштоо шарттары аны сунуштоо жөнүндө конкреттүү кредиттик келишимдерде аныкталат.  

Кредиттөө лимитинин калдыгы Улуттук банк банкка акыркы жолу кредит/транш бергенден кийин калган жана кредиттөө лимити менен ушул келишим шарттарына ылайык берилген, бирок орду жабылбаган (б.а. колдонуудагы) жалпы суммасынын ортосундагы айырмага барабар болгон, кредиттөө лимитти боюнча акча каражаттарынын суммасы. Кредиттөө лимитинин калдыгы банкка кредит/транш түрүндө анын өлчөмүнүн чегинде жана кредиттөө лимитин пайдалануу мезгили ичинде, ошондой эле күрөөлүк камсыздоо жетиштүү болгон шартта берилиши мүмкүн.  

Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим тараптар тарабынан ушул Келишимдин алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде Улуттук банк банкка кредит/транш сунуштайт жана ал ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим, ушул келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада түзүлөт. 

Кредит/транш берүү күнү - кредиттин/транштын суммасы банктын Улуттук банктагы атайын эсебине чегерилген күн.  

Кредит/транш төлөө күнү негизги карыз суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана башка төлөөлөрдү кошо алганда, бирок ___-жылдын “___”______ кечиктирилбестен, ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча банктан Улуттук банктын эсебине Улуттук банктын талаптарын канааттандырган суммадагы акча каражаттары келип түшкөн күн.  

 

2. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ  

2.1. Улуттук банк банкка мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк, камсыздоо шарттарында жана ушул Келишимде аныкталган башка шарттарда ________________ (суммасы жазуу жүзүндө) суммада Кредиттөө лимити менен кредиттик линия сунуштайт (ачат), ал эми банк ушул Келишимде жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде каралган өлчөмдө, мөөнөттөрдө жана шарттарда ачык кредиттик линиянын алкагында алынган кредитти/траншты Улуттук банкка кайтарып берүүгө жана аларды пайдалануу үчүн пайыздарды төлөп берүүгө милдеттенет.  

2.2. Кредиттөө лимити менен кредиттик линия ____________-жылдан тартып ___________-жылга чейин сунушталат (ачылат), анын акырында Банк ушул Келишимге ылайык сунушталган кредит/транш боюнча карызды, анын ичинде негизги карыздын суммасын, чегерилген пайыздарды жана башка төлөөлөрдү толугу менен төлөп берүүгө тийиш.  

2.3. Белгиленген кредиттөө лимитинин алкагында, ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде, бирок кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгилинен кечиктирбестен банк кредит/транш берүү жөнүндө тиешелүү билдирме сунуштаган учурда негизги талаптар ды сактаган шартта, кредиттөө лимитинин калдыгы чегинде кезектеги кредит/транш алууга укуктуу. Негизги талаптардын сакталышы, кредит/транш берүү жөнүндө билдирме сунуштоо учурунда банк тарабынан Улуттук банкка сунушталган тиешелүү маалымат жана документтер менен тастыкталат.  

2.4. Банктын алынган кредит/транш боюнча ушул Келишимди бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичиндеги карыз калдыгы ушул Келишимдин 2.1-пунктунда белгиленген кредиттөө лимитинен ашпоого тийиш.  

2.5. Банкка Улуттук банк тарабынан ушул келишимдин алкагында берилүүчү кредиттик каражаттар максаттуу багытка ээ жана аларды банк ликвиддүүлүктү колдоо үчүн гана пайдаланууга тийиш. Мында сунушталган кредиттик каражаттар биринчи кезекте жеке адамдардын депозиттерин (аманаттарын) кайтаруу жөнүндө талаптарды канааттандырууга багытталат.  

2.6. Банк Улуттук банк тарабынан сунушталган кредиттик каражаттарды кредиттөө үчүн, баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк банктын байланыштуу же аффилирленген жактар менен операцияларына чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.  

 

3. КРЕДИТ/ТРАНШ БЕРҮҮ ТАРТИБИ 

3.1. Кредиттик линиянын алкагында кредит/транш алуу үчүн банк кредит/транш суммасын, мөөнөтүн жана аны камсыздоо катары сунушталып жаткан активдер тизмегин көрсөтүү менен Улуттук банкка кредит/транш берүү жөнүндө билдирме сунуштоого тийиш. 

Банктын кредит/транш берүү жөнүндө билдирмесине банктын негизги талаптарга жооп берээри тууралуу документтер жана маалыматтар кошо тиркелүүгөтийиш. 

3.2. Кредит/транш ушул Келишим түзүлгөн учурдан тартып ______ айдан ашпаган мөөнөт ичинде ордун жабуу шартында алынышы мүмкүн.  

3.3. Улуттук банк банкка кредит/транш берүү жөнүндө тиешелүү кредиттик келишимди тариздөө аркылуу берет, анда анын өлчөмү (суммасы), мөөнөтү, пайыздык чени, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөнүн конкреттүү шарттары көрсөтүлөт. Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде ушул Келишимге карата шилтеме камтылууга тийиш.  

3.4. Банк Улуттук банктын кредит/транш алуу боюнча зарыл документтерди сунуштоого тиешелүү бардык талаптарын так сактоого тийиш. Улуттук банк банктан кредит/транш берүү жөнүндө билдирмеге тиешелүү кошумча документтерди жана маалыматты талап кылууга укуктуу.  

3.5. Негизги талаптарга ылайык кредит/транш берүүгө тиешелүү бардык зарыл материалдар жана документтер иликтенгенден кийин гана Улуттук банк кредит/транш берет.  

Улуттук банк банк тарабынан сунушталган документтердин толуктугун, негиздүүлүгүн жана талапка ылайык келишин карап чыккандан кийин, ушул Келишим шарттарын так сактоо менен өз ички жол-жоболоруна ылайык, кредит/транш берүү же аны четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат. 

3.6. Кредит/транш банк тарабынан күрөө жөнүндө келишимдин каттоодон өткөндүгү жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын тастыктамасы Улуттук банкка берилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде кредит/транш берүү жөнүндө кол коюлган кредиттик келишимге ылайык сунушталат. Өзгөчө учурларда кредит/транш банкка күрөө келишимдерин ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүү жол-жобосу аяктаганга чейин да сунушталышы мүмкүн.  

 

 

4. КРЕДИТТИ/ТРАНШТЫ ЖАНА БАШКА СУММАЛАРДЫ ПАЙДАЛАНГАНДЫГЫ ҮЧҮН ПАЙЫЗДАРДЫ ЭСЕПТӨӨ, ЧЕГЕРҮҮ ЖАНА ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ 

4.1. Улуттук банк тарабынан сунушталган кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн банк Улуттук банкка пайыздарды төлөп берүүгө милдеттенет. Пайыздар, банктын кредиттин/транштын негизги суммасы боюнча карыз калдыгына чегерилет.  

Улуттук банктын кредит боюнча пайыздык чени так аныкталган катары саналат жана жылдык ______ пайыз өлчөмүндө белгиленет.  

4.2. Кредитти/Траншты пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө ар айлык негизде жүргүзүлөт.  

4.3. Пайыздар, жыл ичиндеги 360 күндүн жана ай ичиндеги айкын күндөрдүн негизинде кредит/транш сунушталган күндөн тартып (ошол күндү эске алуусуз) кредитти төлөнгөн күнгө чейин (ошол күндү кошо алганда) кредит/транш боюнча айкын карыз калдыгына чегерилет. 

4.4. Кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасын жана чегерилген пайыздарды төлөө, ушул келишимди колдонуу мөөнөтү бүткөн жумуш күнүнөн кечиктирбестен ишке ашырылат.  

4.5. Айрым бир кредит/транш боюнча негизги карызды жана чегерилген пайыздарды төлөө тартиби кредит/транш берүү жөнүндө өзүнчө кредиттик келишимдерде аныкталат.  

 

5. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

5.1. Улуттук банктын укуктары жана милдеттери: 

5.1.1. Улуттук банк ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, кредит/транш берүү боюнча бардык зарыл аракеттерди өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттенет; 

5.1.2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган, банк тарабынан ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык милдеттенмелердин аткарылышы үчүн зарыл болгон кандай болбосун чараларды көрүүгө укуктуу.  

5.1.3. Ушул келишимди колдонуу мезгили ичинде Улуттук банк банктын финансылык абалын, ачык кредиттик линия боюнча камсыздоонун абалын, кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылышын текшерүү жагында иш-чараларды жүзөгө ашырууга укуктуу.  

5.1.4. Улуттук банк мониторинг жүргүзүү жана контролдоо максатында, банктан кандай болбосун зарыл маалыматты, анын ичинде кредиттик линия боюнча камсыздоонун абалы, кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылышы боюнча, анын ичинде суммаларды чегерүү боюнча төлөм документтеринин банк тарабынан тастыкталган көчүрмөлөрүн жана башка маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу.  

5.1.5. Улуттук банк, банк тарабынан ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууда жол берилген бузуулардын же болбосо ушул келишимдин жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин камсыздоосу катары банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишим шарттарын жана жоболорун бузууга жол берүүнүн натыйжасында Улуттук банк тарткан чыгымдарды жана чыгашаларды кошо алганда, кредиттин/транштын негизги суммасы, ал боюнча чегерилген пайыздар, туумдар жана айыптык төлөмдөр түрүндөгү үстөк айыптар боюнча бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз суммасын акцептсиз (талашсыз) тартипте банктын жактыруусун жана макулдугун алуусуз кайсы болбосун валютада (банкка берилген кредиттин/транштын валютасынан көз карандысыз) алып коюуга укуктуу.  

5.1.6. Эгерде банк Улуттук банктын кошумча камсыздону сунуштоо же болбосо ушул келишимдин жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин камсыздоосу катары банк тарабынан сунушталган күрөө предметин алмаштыруу боюнча талабын аткарбаса, Улуттук банк кредит/транш боюнча негизги усмманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды, үстөк айыптарды жана айыптык санкцияларды же болбосо камсыздоого жетишсиз эквиваленттеги тиешелүү сумманы кошо алганда, банктын ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча карызынын толук суммасын же бир бөлүгүн банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебинен акцептсиз (талашсыз) тартипте алып коюуга укуктуу.  

5.1.7. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алынып салынган/алынып коюлган учурда, банкка берилген кредиттин/транштын валютасына ковертирлөө (которуу) Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык ишке ашырылат.  

5.1.8. Улуттук банк, ушул келишимде, кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде жана Улуттук банк менен Банк ортосунда ушул келишимдин негизинде түзүлгөн күрөө келишиминде каралган жагдайларда Банк тарабынан Улуттук банкка сунушталган күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу.  

5.1.9. Улуттук банк бир тараптуу негизде кредит/транш берүүдөн баш тартууга жана/же аны берүүнү токтотуп турууга жана/же ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын талап кылууга, анын ичинде кредит/транш боюнча негизги карызды, аны пайдаланган айкын мезгил үчүн пайыздарды жана ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банкка төлөнүүгө тийиш болгон башка суммаларды төлөөнү, кайсыл болбосун төмөнкү учурларда талап кылууга укуктуу: 

1) банк кредитти/траншты максатсыз пайдаланган учурда; 

2) Банк ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банк тарабынан банктан талап кылынган документтер жана маалымат сунушталбаса же өз убагында сунушталбаса; 

3) Банк ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса; 

4) Банк кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык карыздын ордун жабуу графигин бузууга жол берген шартта; 

5) Банк, ушул келишимге ылайык Улуттук банк тарабынан ачылган кредиттик линиянын камсыздоосу катары банк тарабынан сунушталган, банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн Күрөөлүк мүлк жөнүндө келишимдин жоболору бузууга жол берилсе; 

6) эгерде Улуттук банкта расмий маалыматтарга же ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтарына негизденген, Улуттук банктын пикири боюнча банктын финансылык абалынын олуттуу начарлагандыгы тууралуу жана/же Банк ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык өз милдеттенмелерин аткарбашына же талаптагыдай аткарбашына алып келиши мүмкүн болгон башка жагдайлар орун алгандыгы тууралуу маалымат болсо; 

7) эгерде Банктын ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банкка сунушталган маалыматы такталбаган, толук эмес/бурмаланган дана/же жалган катары таанылса.  

5.1.10. 5.1.9-пунктта көрсөтүлгөн талаптар жөнүндө Улуттук банк банкка кат жүзүндө билдирет.  

Эгерде Улуттук банк 5.1.9-пунктта көрсөтүлгөн себептер боюнча кредит/транш берүүнү токтоткон болсо, ал ушул Келишимге ылайык ачылган кредиттик линия боюнча кредиттөө лимитинин калдыгын бир тараптуу жабууга жана банктан кредит/транш боюнча негизги сумманы, айкын пайдалангандыгы үчүн пайыздарды мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылышы мүмкүн, бул тууралуу Улуттук банк банкка кат жүзүндө маалымдайт. Банк Улуттук банктын кат жүзүндөгү билдирмесинде белгиленген талаптарды, эгерде анда мөөнөтү көрсөтүлбөсө, тиешелүү билдирме алган учурдан кийинки 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен аткарууга тийиш.  

Улуттук банк кредиттик линия боюнча кредиттөө лимитинин калдыгын тараптуу негизде жапкан шартта, мындай өзгөрүү Улуттук банктын банкка кат жүзүндө тиешелүү билдирүү жөнөткөн күндөн тартып күчүнө кирет. 

5.2. Банктын укуктары жана милдеттери: 

5.2.1. Банк ордун жабуу пландаштырылганга чейинки үч жумуш күнү мурда Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала билдирүү менен негизги карызды жана/же ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча пайыздарды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу.  

5.2.2. Банк Улуттук банктан ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык алган акча каражаттарын ушул келишимдин 2.5-пунктунда жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин тиешелүү пункттарында белгиленген максаттарда гана пайдаланууга милдеттүү.  

5.2.3. Банк Улуттук банктын ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык талаптарын, анын ичинде Улуттук банк тарабынан ушул келишимге жана ккредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык талап кылынган маалыматты жана документтерди мөөнөтүндө, талаптагыдай жана толук көлөмдө сунуштоо талабын аткарууга милдеттүү.  

5.2.4. Ушул келишимди колдонуудагы мөөнөтү ичинде банк ушул келишимге ылайык, Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткарүү үчүн сунушталган мүлктү жана/же талап кылуу укугун кайра күрөөгө коюуга жана башка бирөөгө өткөрүп берүүгө укугу жок.  

5.2.5. Банк ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык, алынган кредит/транш боюнча негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды төлөө графигинин негизинде өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттенет.  

5.2.6. Банк, ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банк алдында өз милдетенмелерин аткаруу үчүн банк тарабынан сунушталган күрөөлүк мүлктүн сакталышын жана бүтүндүгүн камсыздоо боюнча бардык зарыл чараларды өз убагында жана толук көлөмдө көрүүгө милдеттенет. 

5.2.7. Банк ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга, анын ичинде сунушталган кредит/транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана башка суммаларды төлөөгө кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар, анын ичинде төмөнкү жагдайлар тууралуу дароо Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

- банкка карата ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимити суммасына барабар же 10 (он) пайызынан ашкан суммада үчүнчү жактардын кине коюулары жана/же доо арызы жөнүндө; банк ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимитинин суммасына барабар же 10 (он) пайызынан ашкан суммадагы акча каражаттарын төлөө үчүн жоопкер же кошо жоопкер катары катышкан соттук териштирүүлөр жөнүндө; ыйгарым укуктуу органдар тарабынан банкка карата колдонулган мажбурлоо чаралары жана санкциялар жөнүндө жана банктын ушул келишим боюнча Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар тууралуу; 

- банктын мүлкүнө, анын ичинде күрөө жөнүндө келишимге ылайык банк тарабынан Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн сунушталган мүлккө арест коюлса. 

5.2.8. Банк кредит/транш боюнча негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды ушул келишимде жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттө толук өлчөмдө, анын ичинде эгерде ушул келишимдин 5.1-пунктунун 9-пунктчасында белгиленген жагдайлар келип чыккан шартта Улуттук банк банкка кат жүзүндө тиешелүү билдирме жөнөткөн учурда - келишимдин 5.1-пунктунун 10-пунктчасына ылайык мөөнөтүнөн мурда ордун жабууга. 

 

6. КРЕДИТТИК ЛИНИЯ БОЮНЧА ӨЗ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИНИН АТКАРЫЛЫШЫН КАМСЫЗДОО 

 

6.1. Банк тарабынан ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык алган тредит/транш борюнча негизги карызды, чегерилген пайыздарды, башка жыйымдарды/төлөмдөрдү, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды жана башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча милдетенмелерин аткаруунун камсыздоосу катары банкка күрөө жөнүндө келишимдин негизинде таандык болгон _______________ саналат. Банк тарабынан ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин камсыздоого Улуттук банкка өткөрүлүп жаткан мүлктүн конкреттүү тизмеси банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө келишиминде көрсөтүлөт.  

6.2. Банктын күрөө предмети болуп саналган мүлкү тараптардын макулдашуусу менен банктын башка мүлкүнө алмаштырылышы мүмкүн.  

6.3. Күрөө жөнүндө келишимдерде негизги милдет катары ушул келишимге шилтеме камтылууга тийиш.  

6.4. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдар талаптарына ылайык катоодон өтүүгө тийиш болгон күрөөлүк мүлк банк тарабынан ыйгарым укуктуу органда күрөө келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде катталууга тийиш. 

6.5. Эгерде банк ушул келишимде жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде белгиленген өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, ошондой эле башка жагдайларда банк милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган күндөн кийинки күндөн тартып анын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча карыздын ордун жабууга зарыл болгон суммадагы акча каражаттарын, анын ичинде негизги сумманы, чегерилген пайыздарды, айыптык санкцияларды (үстөк айып) жана башка төлөмдөрдү акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюуга Улуттук банкка укук чегерет. 

Банк тарабынан Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен ушул келишим боюнча карызынын ордун жабууга зарыл болгон суммадагы акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюуга сунуштаган укук, ал Улуттук банктан алган кредиттер/транштар боюнча кошумча камсыздоосу болуп саналат.  

Улуттук банк бул укукту ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз талаптарын толук көлөмдө, күрөөнүн бар же жок экендигине карабастан колдонууга укуктуу.  

6.6. Улуттук банк өз талаптарын күрөө келишиминде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык, банк тарабынан сунушталган күрөөнүн эсебинен соттон тышкары өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу жана соттон тышкары сатып өткөрүү аркылуу толук көлөмдө канаттандырууга укуктуу.  

Банк тарабынан күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган сумма өз талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон шартта, Улуттук банк жетпеген сумманы банктын кайсы болбосун башка мүлкүнөн алууга укуктуу. 

6.7. Банк/күрөө коюучу Улуттук банкка күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү, ошондой эле банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен каражаттарды акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алып салуу боюнча чараларды көрүүдө кандайдыр бир негизде жана кандайдыр бир формада каршылык көрсөтүүгө укугу жок. Эгерде банк/күрөө коюучу Улуттук банкка күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү, ошондой эле банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен каражаттарды акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алып салуу боюнча чараларды көрүүдө кандайдыр бир негизде каршылык көрсөтсө, Улуттук банк өз талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте толук көлөмдө канаттандырууга укуктуу. Бул учурда Улуттук банктын бардык тиешелүү чыгашалары, анын ичинде соттук чыгашалар банк/күрөө коюучуга жүктөлөт.  

 

7. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

7.1. Улуттук банк ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык, кредит берүү боюнча өз милдеттенмелерине жоопкерчиликтүү болот.  

7.2. Улуттук банк берилүүчү кредиттин/транштын суммасын ушул келишимдин 3.6-пунктунда каралган мөөнөттө банктын Улуттук банктагы атайы эсебине өз убагында чегербесе, банкка берилүүчү кредиттин/транштын суммасынын 0,1% өлчөмүндө бир жолку айып төлөйт.  

7.3. Ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык алынган кредиттик каражаттар банк тарабынан максатсыз пайдаланылган шартта, банк Улуттук банкка кредит/транш берүү жөнүндө келишимдерге ылайык алынган кредиттин/транштын суммасынын 0,1% өлчөмүндө бир жолку айып түрүндөгү үстөк айып төлөйт. Мында, банк Улуттук банктын бул тууралуу тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирмесин алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде үстөк айыбын төлөө менен кредит/транштын бардык суммасын кайтарып берүүгө милдеттүү.  

7.4. Банк кредит/транштын негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана ушул келишимден жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерден улам келип чыккан төлөмдөрдү өз убактысынан өткөрүп же толук төлөбөгөн учурда, банк, карыздын мөөнөтүнөн өткөрүп жиберилген күндөн тарып анын ордун толук жабууга чейинки ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн 0,1% өлчөмүндө туум түрүндө үстөк айып төлөйт. 

7.5. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз боюнча пайыздар күндөрдүн айкын санынын негизинде чегерилет. 

7.6. Эгерде банк кредиттин максаттуу пайдаланылышы боюнча отчетторду жана ушул келишим жана банк менен Улуттук банк ортосунда келишилген күрөө жөнүндө келишимде каралган күрөө менен камсыздоо боюнча маалыматты, ошондой эле ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келиишмге ылайык Улуттук банк тарабынан талап кылынуучу башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген мөөнөттү же берүү формасын бузуу менен же болбосо толук эмес, бурмалап, туура эмес берген болсо, анда ал Улуттук банкка ушул келишимдин 2.1.-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимитинин суммасынан 0,01 пайыз өлчөмүндө отчетторду/маалыматты талаптагыдай сунуштабаган ар бир учуру үчүн Улуттук банкка айып төлөйт.  

7.7 Айыптарды жана туумдарды төлөө банкты ушул келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.  

7.8. Банктын ушул келишим боюнча Улуттук банктан алган акча каражаттарын кайтарган мөөнөтүн кошо алганда, анын ичинде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда, ушул келишимдин мөөнөттөрүн пролонгациялоо Улуттук банк Башкармасынын чечиминин негизинде гана ишке ашырылат.  

 

8. ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР, КЕПИЛДИКТЕР 

8.1. Банк, ушул келишимге кол коюу менен төмөндөгүлөрдү тастыктайт жана кепилдик берет: 

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча юридикалык жак болуп саналуу менен, ал өзүнүн атынан ушул келишимди жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимди түзүүгө укуктуу; 

б) ушул келишимдин жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин мазмуну жана алардын шарттарынын талаптагыдай аткарылышы, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана кайсы болбосун ченемдик укуктук актыларын, соттун банкка жана банктын уставына тиешеси бар чечимдерин бузууга себеп болбойт; 

в) Банк Улуттук банк Башкармасынын ______ “___” ____№_____токтому менен бекитилген “Акыркы инстанция кредити жөнүндө” жобонун талаптары менен толук таанышып чыкты. 

8.2. Тараптардын, жердин силкинишин жана башка табият кубулуштарын, мамлекеттик органдардын аракеттерин жана чечимдерин, эл аралык келишимдердин күчүнө киришин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын кабыл алынышын, согуштук аракеттер жана ушул келишим тараптарынын контролдоосуна мүмкүн болбогон жана жогоруда аталган келишимдер боюнча өз милдеттерин аткаруусуна бөгөт коюучу массалык баш аламандыктарды кошо алганда, алдын ала болжолдоого жана алгылыктуу аракеттер менен ага бөгөт коюуга мүмкүн болбогон күтүүсүз жагдайлар (форс-мажор) орун алган шартта, бул милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келишимдин 7.8-пунктунда каралган шарттар сакталган учурда, бирок ушул келишимдин жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин же көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлар башталгандан кийин аткарылууга тийиш болгон алардын бөлүгүн аткаруу мөөнөтүнө таасирин тийгизген чекте гана, форс-мажордук жагдайлар орун алып турган мезгилге жараша жылдырылат.  

8.3. Ушул келишимдин эки тарабы тең ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук жаратуучу форс-мажордук жагдайлардын башталгандыгы жана аяктагандыгы жөнүндө 2 жумуш күнү ичинде бири-бирине оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүүлөрү тийиш. 

8.4. Эгерде тараптардын бири ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калса жана бул форс-мажордук жагдайлардын натыйжасы болуп саналса, бирок форс-мажордук жагдайга кириптер болгон тарап мындай кесепеттерди четтетүү үчүн өз убагында бардык керектүү чараларды көрсө, анда бул жогоруда аталган келишимдердин талаптарын бузгандык катары каралбайт.  

 

9. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ ТАРТИБИ  

9.1. Ушул келишимди аткаруу процессинде тараптар ортосунда келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында тараптардын өз ара сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынат. 

9.2. Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөргө жетишүү мүмкүн болбогон шартта, алардын ортосунда келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 

 

10. КОРУТУНДУ ШАРТТАР 

10.1. Улуттук банк менен банк ортосундагы бардык мамилелер купуялуулук мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул келишимде түздөн-түз каралган, же башка тараптын макулдугу бар учурларды эске албаганда, ушул келишимдин колдонуудагы мезгили ичинде бири-биринен алган маалыматтарын үчүнчү жактарга ачыкка чыгарууга укугу жок. 

10.2. Купуя маалымат жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, ошондой эле билдирүүлөрдө жана отчеттордо, жарнамалык билдирүүлөрдө жана башка материалдарда камтылган маалыматтарды камтыбайт. 

10.3. Банк Улуттук банкка ушул келишим жана кредитти/траншты берүү боюнча Улуттук банк алдында өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурларда ушул келишим боюнча үчүнчү жактарга маалыматты ачууга укук берет. 

10.4. Ушул статьяларда каралган купуялуулук жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугун жана милдеттерди кошо алганда, укуктары ыйгарып өткөрүп берилген укуктарга таркатылбайт. 

10.5. Келишимге ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп санала турган кошумча келишимдерди же болбосо кат алмашуу аркылуу тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

10.6. Ушул келишимде каралган учурларды эске албаганда, ага бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө же бузбоого тийиш. 

10.7. Ушул келишимдин бардык шарттары жана жоболору тараптар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. 

10.8. Тараптар банктык реквизиттерин өзгөрткөнгө чейинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө билдирүүгө милдеттенишет. Банктык реквизиттеринин өзгөргөндүгү жөнүндө өз убагында билдирбегендигинен улам, ушул келишимдин талаптагыдай аткарылбай калышы тобокелдиги үчүн, банктык реквизиттеринин өзгөргөндүгү жөнүндө башка тарапка билдирбеген же өз убагында билдирбеген тарап жоопкерчилик тартат. 

10.9. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган шартта, Тараптардын ушул келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери алардын укугу өтүүчүлөргө өтөт. 

10.10. Келишимдин негизинде түзүлгөн кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага ушул келишимдин бардык жобосу таркатылат.  

10.11. Келишим эки тарап тең кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана банк ушул келишим жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча, Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин аларда каралган мөөнөттө толук аткарганга чейин колдонулат. 

10.12. Келишим тараптардын ар бири үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) түп нускада, бир нускасы күрөөнү каттаган ыйгарым укуктуу органдар үчүн түзүлгөн.  

 

11. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

Бишкек шаары 

Чүй проспекти, 168. 

 

 

 

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААК/ЖАК 

Бишкек шаары, ____________көчөсү

Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби №_______  

Улуттук банктагы БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

ГНИ коду: _____ 

 

Кызмат орду_________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

20__жылдын «____» _______ 

№______ кредиттик линия ачуу  

жөнүндө келишимге карата  

1-тиркеме 

 

 

№______ Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимге карата 

№ ______ кредиттик келишим 

 

Бишкек шаары 20__жылдын «____»_______ 

 

Мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ________________ негизинде иш алып барган _______________ бир тараптан, жана мындан ары “Банк” деп аталуучу __________________ атынан ________________ негизинде иш алып барган _______________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимди (мындан ары “Кредиттик келишим”) түзүштү:  

 

1. Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим предмети  

 

1.1. Улуттук банк, 20____-жылдын “___”________Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимдин (мындан ары - Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишим) жана ушул кредиттик келишимдин негизинде Банкка аталган келишимдерде каралган шарттарда ___________ (суммасы жазуу жүзүндө) сом суммасында кредит/транш сунуштайт. 

 

2. Кредит/Транш сунуштоо шарттары 

2.1. Кредит/транш ____ ай мөөнөтүнө, ___________ тартып __________ чейин сунушталат.  

2.2. Кредит/транш боюнча акча каражаттары банктын Улуттук банктагы корреспонденттик же атайын ачылган эсебине чегерилген күн кредит/транш сунуштоо күнү болуп саналат. 

2.3. Банк ушул кредиттик келишимге ылайык Улуттук банктан талап кылган кредит/транш боюнча күрөө жөнүндө келишимдер каттоодон өткөндүгү жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын тастыктамасын Улуттук банкка сунуштаган учурдан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Улуттук банк кредит/транш боюнча акча каражаттарын чегерет.  

2.4. Ушул Кредиттик келишимдин алкагында Улуттук банк тарабынан банкка сунушталып жаткан кредиттик каражаттар максаттуу багытка ээ жана Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимдин 2.5-пунктунда каралган максаттарда жана ушул эле келишимдин 2.6-пунктунда каралган шарттарда пайдаланылууга тийиш. 

Банк тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген шарттар сакталбаган учурда, ага карата Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимде каралган чаралар колдонулат.  

 

3. Кредитти/траншты пайдалануу шарттары 

3.1. Банк кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн ушул Кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүндөй мөөнөт ичинде Улуттук банкка жылдык ______ пайыз өлчөмүндө белгиленген пайыздык чен төлөйт.  

3.2. Кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн чегерилген пайыздар ар ай сайын төлөнөт. 

3.3. Кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар банк тарабынан ушул Келишимдин 2.1-пунктунда белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин төлөнөт. 

3.4. Кредит/транш боюнча бүтүндөй негизги сумманы жана пайыздарды төлөө, банк тарабынан ушул кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык (ушул кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) жүргүзүлөт.  

3.5. Кредиттин/транштын негизги суммасы жана чегерилген пайыздар боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөр _______жылы жүзөгө жүргүзүлөт.  

3.6. Кредиттин/транштын негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды жана/же башка төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ж.б.) төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, ал майрам, иштебеген же дем алыш күндөрүнөн кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

3.7. Кредит/транш боюнча пайыздар жана башка төлөмдөр жыл ичиндеги 360 күндүн негизинде жана ай ичиндеги айкын күндөргө чегерилет.  

Банк, Кредит/транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана башка төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ж.б.) Улуттук банктагы тиешелүү эсепке которот (негизги карыз боюнча сумма №_____________, пайыздык төлөмдөр боюнча сумма №__________________). 

 

4. Күрөөлүк камсыздоо 

 

4.1. Банктын ушул кредиттик келишим боюнча алган кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды, башка жыйымдарды/төлөөлөрдү, айыптык төлөм түрүндөгү үстөк айыпты, туумдарды жана ушул кердиттик келишим жана кредиттик линия ачуу жөнүндө келишим боюнча башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун күрөөлүк камсыздоосу катары _________________ саналат. Банктын ушул кредиттик келишимде жана Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимде каралган милдеттенмелеринин камсыздоосу катары Улуттук банкка өткөрүлүп берилген мүлктүн так тизмеги банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлөт.  

 

5. Башка шарттар 

5.1. Ушул кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, Тараптардын укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимге ылайык жөнгө салынат.  

5.2. Кредиттик келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жазуу жүзүндөгү кошумча келишимди түзүү аркылуу киргизилет. 

5.3. Кредиттик келишим, ошондой эле ага карата 1-тиркеме Улуттук банк менен банк ортосунда түзүлгөн Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) түп нускада 2 (эки) нускасы тараптардын ар бири үчүн бирден, 1 (бир) нускасы күрөөнү каттоону жүзөгө ашырган тиешелүү ыйгарым укуктуу органга сунушталат.  

 

6. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ  

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 168. 

 

 

 

Кызмат орду__________________ 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары, ______________көчөсү 

Улуттук банктагы коррэсептин №_______  

БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык кызматынын коду: _____ 

Кызмат орду_________________ 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

20__жылдын «____» _______ 

№______ кредиттик келишимге карата 

1-тиркеме 

 

 

Кредит төлөө графиги 

 

Кредиттин суммасы: _______________сом 

Пайыздык чен (жылдык):_____% 

Пайыздарды төлөө: ар ай сайын 

Эсептик жыл: 360 күн 

Кредиттин мөөнөтү:_____күн 

Кредит берүү күнү: 20__-жылдын «__»______ 

Кредиттин ордун жабуу күнү: 20__-жылдын «__»______ 

 

 

Айлар  

Төлөө күнү 

Пайыздарды төлөө

Негизги сумманы төлөө 

Бардыгы болуп төлөөгө 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында  

 

 

 

 

* пайыздарды эсептөөдө кредит пайдаланылган айкын күндөрдүн саны алынат.  

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(кол амгасы)______________М.О. 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК  

 

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(кол амгасы)______________М.О. 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

20____-жылдын “__”_____ №___ 

токтому менен бекитилген 

“Акыркы инстанция кредити 

жөнүндө” жобого карата 

2-тиркеме 

 

20__-ж. ____ акыркы инстанция кредити боюнча 20-ж. _____ № ___ транштын максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

Операция ишке ашырылган күн 

Операциянын максаты 

Эсептин №  

Берилген сумма (сом) 

 

 

 

 

Жыйынтыгында:  

 

 

 

 

 

Банктын башкы бухгалтери ________________ 

(кол амгасы) 

________ сом өлчөмүндөгү транштын максаттуу аткарылгандыктарын тастыктайм. 

 

___________________________________________ ________________ 

Кызмат орду (кол амгасы)