Кыргыз Республикасынын  

Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын «28» мартындагы № 10\15  

токтому менен бекитилген  

 

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын  

«25» майындагы № 20\3   

токтому менен бекитилген редакциясында   

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо” эрежелери 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо Эрежелери (мындан ары Эреже) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна (мындан ары - сом) карата расмий курсун аныктоо жана аларды жарыялоо тартибин белгилейт. 

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 17-статьясына жана Кыргыз Республикасынын «Чет өлкө валюталарындагы операциялар жөнүндө» мыйзамынын 7-статьясына ылайык чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсун аныктайт. 

3. Улуттук банк тарабынан аныкталган чет өлкө валюталарынын расмий курсу Кыргыз Республикасынын улуттук валюта бирдигинде берилген чет өлкө валюталарынын акча бирдигинин баасын чагылдырат. 

4. Улуттук банк чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсун эсепке алууда жана эсептешүүдө колдонуу, Улуттук банктын жоопкерчилигисиз эле белгиленген курс боюнча чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу максатында аныктайт жана жарыялайт. 

5. Улуттук банк чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсун аныктайт: 

· ар күндүк негизде АКШ долларынын, евронун, орус рублинин жана казак теңгесинин курстарын (ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде келтирилген);  

· ар жумалык негизде башка чет өлкө валюталарынын курстары (ушул Эрежелерге карата 2-тиркемеде келтирилген). 

6. Чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курстары эсептешүү күнүнөн кийинки календардык күнү колдонууга киргизилет жана чет өлкө валюталарынын кийинки расмий курстары күчүнө киргенге чейин колдонууда болот. 

7. Чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курстарынын сандык мааниси Улуттук банк тарабынан үтүрдөн кийинки төрт белгиге чейин так аныкталат. 

8. Чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курстары жөнүндө маалымат алар аныкталган күнү, Улуттук банктын веб-сайтына жайгаштырылат.  

9. Техникалык жактан бузулуулар же башка жагдайлар келип чыккан шартта жана «Рейтер» маалымат агенттигинен чет өлкө валюталарынын расмий курстары/котировкалары боюнча маалымат алуу мүмкүн эмес болсо, чет өлкө валюталарынын курстары «Блумберг» маалымат агенттигинен алынышы мүмкүн. Жогоруда аталган булактардан маалымат алуу мүмкүн болбогон шартта, чет өлкө валюталарынын расмий курстары/котировкалары мааниси, тиешелүү валюталардын акыркы колдонуудагы расмий курстардын/ котировкалардын мааниси катары аныкталат. 

10. Форс-мажордук жагдайлар себебинен чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоого болбогон шартта чет өлкө валюталарынын расмий курстарынын мааниси, тиешелүү валюталардын акыркы колдонуудагы расмий курстардын мааниси катары аныкталат жана кийинки расмий курстар күчүнө киргенге чейин колдонулат.  

 

2. Аныктамалар жана АТООЛОР 

11. Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары АТС) - Кыргыз Республикасынын финансы рыногундагы операцияларды жүргүзүүнү автоматташтыруу үчүн багытталган Улуттук банктын программалык-аппараттык комплекси. 

12. Кросс-курс бир валютанын башка бир валютага карата АКШ долларындагы алардын курсу аркылуу эсептелинген курс.  

13. “Рейтер”/”Блумберг” маалымат агенттиктери дүйнөлүк валюта рыногундагы чет өлкө валюталардын реалдуу мезгил ыргагында котировкалары боюнча маалыматты алууга мүмкүндүк берүүчү эл аралык маалымат-тоорук системалары.  

14. АКШ долларынын эсептешүү мезгили өткөн тоорук күндүн саат 15:00дөн тартып (мында жана мындан ары Бишкек убактысы көрсөтүлгөн) кийинки тоорук күнүнүн саат 15:00на чейинки АКШ долларынын орточо алынган курсун аныктоо үчүн колдонулган эсептешүү мезгилинин узактыгы.  

15. Техникалык жактан бузулуу - АТСтин иш ыргагынын техникалык себептери боюнча үзгүлтүккө учурашынын улам, белгиленген убакыттын ичинде чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарды эсептөөгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу.  

16. Тоорук күнү Кыргыз Республикасында расмий жарыяланган жумуш күнү жана анда АТС аркылуу операциялар өткөрүлгөн күн. Эрежедегидей эле, дүйшөмбүдөн жумага чейинки күндөр тоорук күндөр болуп саналат. 

17. Форс-мажордук жагдай чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курсун эсептөөгө мүмкүнчүлүктү жок кылган көз карандысыз жана күтүүсүз жагдай (табигый жана техногендик кырсыктар, бөөдө кырсыктар, согуштук жаңжалдар, көтөрүлүштөр ж.б.).  

 

3. Ар күндүк негизде аныкталуучу чет өлкө валюталарынын расмий курсун эсептөө тартиби  

18. АКШ долларынын, евронун, орус рублинин жана казак теңгесинин сомго карата расмий курсу ар бир тоорук күнү саат 15:00дон 15:30ка чейин аныкталат. 

19. АКШ долларынын сомго карата расмий курсу АКШ долларын сатып алуу сатуу бүтүмдөрүнүн орточо салмактанып алынган курсу катары эсептелинет, ал эсептешүү мезгил ичинде АТС аркылуу валюта рыногунда төмөнкү формула боюнча түзүлөт: 

, мында 

К АКШ долларынын расмий курсу; 

K1,2, ..., n 1ден n-ге чейинки бүтүмдөрдүн курсу; 

Q1,2 ,..., n 1ден n-ге чейинки бүтүмдөрдүн көлөмү

 

20. Эгерде, эсептешүү мезгили ичинде бир да бүтүм түзүлбөсө, АКШ долларынын расмий курсунун мааниси акыркы колдонуудагы расмий курстун мааниси катары аныкталат. 

21. Евронун сомго карата расмий курсу саат 15:00гө карата абал боюнча «Рейтер» маалымат агенттигинде белгиленген, евронун АКШ долларына карата эл аралык валюта рынокторундагы күндөлүк котировкаларынын жана ушул күнү аныкталган АКШ долларынын сомго карата эсептешүү мезгили ичинде эсептелген расмий курсунун негизинде, кросс-курс боюнча эсептелет.  

22. Орус рублинин жана казак теңгесинин сомго карата расмий курстары Москвадагы банктар аралык валюта биржасындагы, Казахстан фондулук биржасындагы орточо салмактанып алынган маанилерди Улуттук банк тарабынан АКШ долларынын сомго карата расмий курсун аныктаган учурда кросс-курс боюнча эсептелинет.  

 

4. Ар жумалык негизде аныкталуучу чет өлкө валюталарынын расмий курсун эсептөө тартиби 

23. АКШ долларынын, евро, орус рублинин жана казак теңгесинин курстарын кошо албаганда, чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсу ар жума сайын, эрежедегидей жума күнү, саат 15:00дон 15:30ка чейин аныкталат. 

24. Активдүү валюта рыногуна ээ эмес КМШ өлкөлөрүнүн валюталарын жана Атайын карыз алышуу укугун (мындан ары - АКУ) эске албаганда, сомго карата чет өлкө валюталарынын расмий курстары ушул күнү аныкталган сомго карата АКШ долларынын расмий курсунун негизинде кросс-курс жана курстарды аныктоо күнүндө саат 15:00 абалы боюнча «Рейтер» маалымат агенттигинде катталган эл аралык валюта рынокторунда бул валюталардын АКШ долларына карата котировкалары боюнча эсептелинет. 

25. Активдүү валюта рыногуна ээ болбогон, КМШ өлкөлөрүнүн валюталарынын сомго карата расмий курсу, ошол күнү АКШ долларынын сомго карата расмий курсунун негизинде аныкталган кросс-курс жана Борбордук банктарда белгиленген жана тиешелүү мамлекеттердин борбордук банктарынын веб-сайттарында жайгаштырылган АКШ долларына карата КМШ өлкөлөрүнүн валюталарынын расмий курстарынын акыркы маанилери боюнча эсептелинет. 

26. АКУнун сомго карата расмий курсу, ошол күнү АКШ долларынын сомго карата расмий курсунун негизинде аныкталган кросс-курс боюнча жана Эл аралык Валюта Фондусу тарабынан белгиленген АКУ курсунун АКШ долларына карата акыркы мааниси боюнча эсептелинет. 

 

5. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

27. Бул Эрежеге чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курстарын аныктоо жана эсептөө процессин өркүндөтүү максатында, Улуттук банк тарабынан өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Улуттук Банк кыргыз сомуна карата аныкталуучу чет өлкө валюталарынын тизмесине өзгөрүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат.  

 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 

чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курсун 

аныктоо” Эрежелерине карата  

1-тиркеме  

2013-жылдын «28» мартындагы № 10\15 

 

 

 

Кыргыз сомуна карата расмий курстары Улуттук банк тарабынан ар күндүк негизде аныкталган чет өлкө валюталарынын тизмеси  

 

 

1. 

АКШ доллары 

2. 

Евро  

3. 

Орус рубли  

4. 

Казак теңгеси  

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 

чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курсун 

аныктоо” Эрежелерине карата 

2-тиркеме  

2013-жылдын «28» мартындагы № 10\15 

 

 

 

Кыргыз сомуна карата расмий курстары Улуттук банк тарабынан ар жумалык негизде аныкталган чет өлкө валюталарынын тизмеси  

 

1. 

Австралия доллары 

2. 

Азербайжан манаты 

3. 

Англия фунт стерлинги  

4. 

Армян драмы 

5. 

Афган афганы 

6. 

Белорус рубли 

7. 

Болгар леви 

8. 

Бразилия реалы 

9. 

Венгер форинти 

10. 

Корея республикасынын вонасы/Түштүк Корея вонасы 

11. 

Грузин лариси 

12. 

Дания кронасы 

13. 

БАЭ дирхамы 

14. 

Индия рупиясы 

15. 

Иран риалы 

16. 

Канада доллары 

17. 

Кытай Жэньминьби юаны  

18. 

Кувейт динары 

19. 

Латвия латы 

20. 

Литва лити 

21. 

Малайзия риңгити 

22. 

Молдавия лейи 

23. 

Монголия тугрики 

24. 

Жаңы түрк лирасы 

25. 

Жаңызеландия доллары 

26. 

Тайван жаңы доллары 

27. 

Түркмөн жаңы манаты 

28. 

Норвегия кронасы 

29. 

Пакистан рупиясы 

30. 

Поляк злотыйы 

31. 

АКУ 

 

32. 

Сингапур доллары 

33. 

Тажик сомониси 

34. 

Өзбек сому 

35. 

Украин гривнасы 

36. 

Чех кронасы 

37. 

Швед кронасы 

38. 

Швейцария франкы 

39. 

Япон йенасы