2018-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын, «Айыл Банк» ААКтын, «РСК Банк» ААКтын жана «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесинин өкүлдөрү катышкан ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча отуруму болуп өттү

Отурумда нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу маселелери каралды.