Коммерциялык банктар арасында стратегиялык менеджмент боюнча  

Улуттук банктын Кубогун тапшыруу аземи 

 

2015-жылдан тартып жыл сайын коммерциялык банктардын командаларынын ортосунда уюштурулуп келген «Стратегиялык менеджмент» бизнес-оюнунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын стратегиялык менеджмент Кубогун тапшыруу аземи 2018-жылдын 16-ноябрында болуп өттү. Улуттук банк менен Германиянын Эл аралык кызматташтуу боюнча сактык кассалар фонду бул Кубокту уюштуруучулардан болушкан.  

Өтүп жаткан жылдын 12-ноябрынан тартып 16-ноябрына чейин өтүүчү бизнес-оюнга мурдагы жылдарда өткөн оюндарда байгелүү орундарга ээ болгон төмөнкү коммерциялык банктардын орто жана жогорку жетекчилер курамы катышты: «Бакай Банк» ААК,  БТА Банкы» ЖАК, «Демир Кыргыз Интернешнл Банк» ЖАК,  «РСК Банк» ААК.  

Эң мыкты натыйжаны «Демир Кыргыз Интернешнл Банк» ЖАК командасы көрсөтүү менен жеңүүчү катары бул жылкы кубоктун ээси болду. Жеңүүчү командага кубокту Улуттук банктын 1-Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги Чалбаев Сейтек Азатович салтанаттуу түрдө тапшырды.  

 

Маалымат үчүн: «Стратегиялык менеджмент» бизнес-оюну банк жана финансы секторунун адистери үчүн иштиктүү лицензияланган оюн. Ал бир нече баскычтардан турат: ролго кирүү, жагдай менен таанышуу, финансылык жана финансылык эмес маалыматка талдап-иликтөө жүргүзүү, жалпы стратегияны даярдоо, бизнес-пландарды түзүү жана чечим кабыл алуу. Командалар кабыл алган чечим атайын программалык камсыздоонун жардамы менен иштелип чыгат. Бизнес-оюндун жүрүшүндө катышуучулар кардарлардын керектөөлөрүн жана каалоолорун эске алуу менен чектелген убакыт ичинде жана атаандашуу шарттарында чечим кабыл алуу боюнча зарыл көндүмдөргө ээ болушат.