Улуттук банк өлкө аймагынын жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген журналисттери үчүн семинар өткөрдү 

 

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн “Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары” темасына арналган кезектеги окутуу семинары 2018-жылдын 14-сентябрында болуп өттү. Аталган иш-чарага Талас жана Нарын областтарынан 20 ашык масс-медиа өкүлдөрү катышты.   

Уюштурулган иш-чаранын алкагында Улуттук банктын адистери өлкөнүн башкы банкынын аткарган ролу жана функциялары, жүргүзгөн акча-кредит саясаты, баа туруктуулугуна жетүү, банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына  жүргүзүлүүчү көзөмөл функциялары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, банк системасынын ишине тиешелүү актуалдуу маселелер тууралуу айтылып, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын аткарган ролу тууралуу да белгиленди. 

Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын начальниктери банк системасынын түзүлүшү, финансы-кредит уюмдарынын Улуттук банк тарабынан лицензия алышы тууралуу маалыматтарды атайын документалдуу тасмалар жана атайын колдонмо материалдар менен презентация түрүндө маалымат беришти.  

Семинардын жүрүшүндө журналисттерди улуттук валютанын курсун туруктуу сактоо, алмашуу курстары, заманбап төлөм системаларынын өзгөчөлүктөрү, кредит алуу жагында көйгөйлөр, ошондой эле депозит тууралуу суроолор кызыктырып, берилген суроолоруна адистерден даректүү жоопторду алышты.  

Өтүп жаткан жылдын июнь жана июль айларында ушундай эле окутуу семинарлары Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү арасында өткөрүлгөн.