Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» долбоорун коомдук талкууга сунуштоодо. 

Долбоор, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Шыкмаматов тарабынан демилгелген Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамына (мындан ары Мыйзам), анын ичинде Кыргыз Республикасынын “Күрөө жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык келтирүүнүн алкагында иштелип чыккан. Бул Мыйзам күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу тартиби боюнча маселелерди камтыйт. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алууда талаптарды так белгилөө аталган Мыйзамдын негизги максаты болуп саналат. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Сектор ушул долбоор боюнча өз сунуш-пикирлерин 2018-жылдын 9-сентябрынан кечиктирбестен amuratov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. Сунуштар жок болгон учурда ал тууралуу расмий кат менен билдирүүнү өтүнөбүз.