Улуттук банктын кызматкерлери мектеп-интернатынын окуучулары үчүн ачык сабак өткөрүштү 

2018-жылдын 20-июнунда Улуттук банктын кызматкерлери Бишкек шаарындагы №71 мектеп-интернатынын окуучулары үчүн улуттук валютасомдун 25 жылдыгына арналган, финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча ачык сабак өткөрүштү. Анын жүрүшүндө балдар алгачкы акчанын пайда болуу тарыхы, улуттук валютанын түптөлүшү, банкноттордун коргоо белгилери тууралуу маалымат алышты.  

Мындан тышкары, балдарга Улуттук банк тарабынан атайын чыгарылган “Акча алиппеси” китепчелери тартууланып, Кыргызстандагы БУУ Балдар фондунун колдоосунда жаралган “Керемет көч” анимациялык фильминин жаңы сериясы көрсөтүлдү. Китептеги жана мультфильмдеги каармандар балдарга акчанын баалуулугу, улуттук валюта, үй-бүлөлүк бюджет тууралуу жөнөкөй жана жеткиликтүү формада айтып беришти.