Улуттук төлөм системаларынын өнүгүшүн координациялоо боюнча  

Жумушчу топтун бешинчи отуруму 

2018-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алкагында Улуттук төлөм системаларынын өнүгүшүн координациялоо боюнча жумушчу топтун бешинчи отуруму болуп өттү.  

Отурумга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын борбордук (улуттук) банкынан Жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.  

Отурумдун жүрүшүндө кийинки багытттар боюнча суроолор талкууланган:  

- улуттук төлөм карттарын интеграциялоо; 

- финансылык маалымат форматтары боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү (ISO 20022 стандарты); 

- финансылык маалыматтарды өткөрүү

- финансылык технологияларды өнүктүрүү

- киберкоопсуздук боюнча кызматташуу.