Мамлекеттик тил - банк саясатында 

 

Кечее, 2018-жылдын 19-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Л.Дж.Орозбаева, Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрү Т.Дж.Джусупов, А.К.Сыдыковдун, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда “Мамлекеттик тил - банк саясатында” темасында тегерек стол маеги өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Аким уулу Медербек баштап келген делегация, “Айыл Банк” ААКсынын, “БТА Банк” ЖАКтын, МФК “Салым финанс”, “Элет Капитал” ЖЧКларынын өкүлдөрү катышып, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам талабынын Улуттук банкта аткарылышы, орун алып жаткан көйгөйлүү маселелер, айрыкча терминдерди бирдейлештирүү, ченемдик укуктук актыларды которуу сапатын жогорулатуу маселесине көңүл бурулуп, банк жана микрокаржылоо системасында бул багытта ишти күчөтүү жагында кең-кесири сөз болуп, ой-пикирлер ортого салынды.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Аким уулу Медербек мырза, комиссиянын өкүлдөрү быйылкы жылы бир катар мекеме-уюмдун, анын ичинде Улуттук банктын жана айрым коммерциялык банктын жана микрокаржылоо уюмдарынын ишине текшерүү жүргүзүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жагында орун алып жаткан кемчиликтер, сунуш-пикирлер айтылган корутунду жөнөтүлгөндүгүн белгилеп өттү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айрыкча Улуттук банкта мамлекеттик тилдин кеңири, толук кандуу колдоого алынышын камсыз кылууга өбөлгө түзүлгөндүгүн, банк ишине тиешелүү терминдер такталгандыгын, кызматкерлерге тил үйрөнүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөндүгүн, отурумдарды, кеңешмелерди мамлекеттик тилде өткөрүү иши жөнгө салынгандыгын, иш кагаздары дээрлик мамлекеттик тилге өткөрүлүп, ченемдик укуктук актылар, банктын бардык басылмалары, расмий интернет-сайты үч тилде сунушталып жаткандыгын баса белгилеп, Улуттук банктан лицензияланган коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында да ушул багытта ишти күчөтүү зарылчылыгына көрсөтмө берди. 

Иш-чаранын жыйынтыгында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Лада Орозбаева мына ушундай жолугушууларды Улуттук банкта гана эмес, коммерциялык банктарда да уюштуруп, көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жалпы мамлекеттик тил саясатынын талабын аткарууга өбөлгө түзөөрүн баса белгилеп, келген конокторго терең ыраазычылыгын билдирүү менен бирге эле, уюткулуу улут тилин өнүктүрүү Улуттук банктын орчундуу саясаты катары аныкталгандыгын жана бул багытта кызматташып иш алып барууга банк кызматкерлери даяр экендигин билдирди.