Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө документтин долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарууда.  

Жобонун долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн негизги себептеринен болуп электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүү тартибин тактоо жана электрондук акчаны чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо ишинде тобокелдиктерди минимизациялоо аныкталган.  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары/ Талкуулоо үчүн долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Аталган Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2018-жылдын 12-февралына чейин oopo@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөбүз.