2017-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Касымалиев Адылбек Алешовичтин жана Улуттук банктын Төрагасы Кулматов Кубанычбек Кеңешевичтин катышуусунда Ведомство аралык координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

Отурумда акча-кредит жана салык-бюджет саясаттарынын макулдашуу, ошондой эле Улуттук банк менен Финансы министрлигинин мындан ары кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү маселелери талкууга алынган. 

 

Маалымат үчүн: 

Акча-кредит жана салык-бюджет саясаттары боюнча чаралардын макулдашуунун негизинде ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында 2010-жылы Улуттук банк менен Финансы министрлиги тарабынан Ведомство аралык координациялык кеңеш түзүлгөн. Кеңештин отурумдары мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат.