Борбордук Азиядагы Америка университети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте 2017-жылдын 14-сентябрында “Өнүгүп жаткан өлкөлөрдө акча-кредит саясаты: заманбап тренддер” темасында илимий-тажрыйбалык конференция өткөрдү. Конференцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, региондун интеграциялык бирикмелеринин, мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышышты.  

Конференциянын башталышында Улуттук банктын Төрагасынын милдетин аткаруучу Нурбек Жеңиш мындай иш-чараларды өткөрүү, пикир алмашуу жана акча-кредит чөйрөсүндө актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеп, илимий изилдөө иштери илимий-негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн база катары кызмат кыла тургандыгын баса белгиледи.  

Евразия экономикалык комиссиянын жана Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү конференциянын өзүнчө сессиясында интеграциялык процесстерде макроэкономикалык туруктуулукка баа берүү жана 2014-2015-жылдардагы тышкы таасирлерден улам ЕАЭБга кирген мүчө-мамлекеттердин монетардык саясаты маселелерин кароого алышты.  

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар кароого алынган мындай маселелер маанилүү экендигин белгилеп, бул ишти андан ары жигердүүлүк менен улантууну сунушташты.