“ЕАЭБ өлкөлөрүндө бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү ыкмалары” темасында тегерек стол маеги 

2017-жылдын 6-8-сентябрында Улуттук банк тарабынан Ысык-Көл областынын Корумду айылында “ЕАЭБ өлкөлөрүндө бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү ыкмалары” темасында тегерек стол маеги өткөрүлдү.  

Бул иш-чарада Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Польша жана Кыргыз Республикасынын борбордук/улуттук банктарынын, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиянын, Беларусь Республикасынын жана Кыргызстандын төлөм системалардын операторлорунун өкүлдөрү катышты.  

Тегерек стол маегинин жүрүшүндө ар бир катышуучу өлкө, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү жана аларга өбөлгө түзүү жагында жетишкендиктери менен бөлүшүп, Россиянын «МИР» улуттук төлөм карттары менен «Элкарт» улуттук төлөм карттарын интеграциялоо ишинин статусу, инновациялык төлөм кызматтарын колдонууга киргизүү жана аралыктан идентификациялоо тажрыйбасы, ошондой эле бирдиктүү төлөм мейкиндигинин алкагында төлөм системаларын өнүктүрүү жана эл аралык финансылык билдирүүлөр стандарттарын колдонууга киргизүү жагында келечекке каралган иштер талкууланды.