Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Япониядан келген студенттер менен жолугушуу өткөрдү 

2017-жылдын 22-августунда Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Нагоя (Япония) университетинин студенттери үчүн «Кыргыз Республикасынын экономикалык абалы» темасында баяндама жасады. Жолугушуунун жүрүшүндө ал республиканын учурдагы экономикалык абалына, акча-кредит саясатына, ички валюта рыногундагы абалга жана Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын өнүгүшү маселелерине токтолду.  

Япониядан келген студент коноктор кызыктырган суроолорду беришип, андан соң Улуттук банктын нумизматикалык музейи менен таанышып чыгышты.