Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 токтому менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын реестринде «Грин Телеком Сервис» ЖЧКасы катталды. 

2017-жылдын 3-августунда «Грин Телеком Сервис» ЖЧКасы ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүн жүргүзүү үчүн лицензияларды алды: 

№ 2021030817 үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызматтарды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо; 

№ 3022030817 маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.