2017-жылдын 22- жана 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банк жана IFC (Эл аралык каржы корпорациясы) тарабынан уюштурулган киберкоопсуздук боюнча семинар өткөрүлдү

Семинардын максаты - киберкоопсуздук тобокелдиктерин башкаруунун маанилүүлүгү тууралуу кабардар болууну жогорулатуу жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу. Киберкоопсуздук - ири маселелердин бири болгон маалыматтык технологиялардын чөйрөсүндө жана банк тармагында маалыматты сактоо дайыма алдынкы ролдо болмокчу. Заманбап динамикалуу системалар азыркы күндө регулярдуу түрдө коргоонуу денгээлин талдоого жана коопсуздука коркунуч жараткан нерселерди четтетүүгө муктаж. 

Семинарга коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышуусу орун алды. 

Семинардын жүрүшүндө дүйнөдөгү кибератакалар боюнча акыркы тенденциялар, орун алган тобокелдиктер жана аларды төмөндөтүү боюнча чаралар сунушталган. Ошондой эле төлөм системаларынын коопсуздугун технологиялардын деңгээлинде камсыз кылуу жана дүйнөдөгү алдыңкы тажрыйбалар тууралуу жана алардын биздин өлкөдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сессиялар уюштурулган. 

Семинардын жыйынтыгы боюнча киберкоопсуздук боюнча жагдай барган сайын өтөө маанилүү болуп бараткандыгы далилденди. Ошондуктан киберкоопсуздук тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш-чараларды улантуу жана мындай киберкылмыштарды болтурбоо үчүн бардык чараларды жүргүзүү зарыл.