Кыргыз Республикасына акча которууларга тиешелүү айрым маалымат агенттиктеринин билдирүүлөрүнө карата төмөнкү маалыматты кароого сунуштайбыз.
Акча которуулар боюнча бардык маалыматтар Улуттук банктын расмий сайтынын Статистика/Тышкы экономика сектору/Акча которуулар бөлүгүндө жайгаштырылат. 2017-жылдын биринчи чейреги ичинде акча которуу системалары боюнча которуулардын таза агымы 444,5млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилиндегиге салыштырганда 47,3 пайызга көбөйгөн.
Ушуну менен катар эле, которуу системалары аркылуу келип түшкөн акча каражатынын негизги үлүшү – 97 пайызга жакыны Россия Федерациясына туура келээрин белгилеп кетүү зарыл. Алсак, кароого алынган мезгил ичинде Россия Федерациясынан которулган акча агымы 433,1 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын биринчи чейрегиндегиге караганда 48,9 пайызга арткан (290,9 млн АКШ доллар). Жогоруда аталган өлкөдөн 2017-жылдын 1-чейрегинде келип түшкөн сумма, 2010-жылдан берки аралыктагы эң эле олуттуу сумма болуп саналат.