2017- жылдын 18-19 май айында Швейцариянын Улуттук банктын жана ДойчеБундесбанктын делегациясы зыярат менен келишти. Делегацияны Швейцариянын Улуттук банктын эки тараптуу кызматташуунун башкармалыгынын башчысы Марко Кавальере башкарган. Зыяраттын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Төраганын орун басары Н. Жеңиш мырза менен жолугуу жана башкармалардын башчылары менен банктардын кызматташуу боюнча тегерек столу өттүү. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча Швейцариянын Улуттук банкы менен кызматташуу жөнүндө келишимдер кабыл алынды.