Улуттук банк Башкармасынын чечими менен төмөнкү документтерди камтыган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" долбоор жактырылып, коомдук талкууга сунушталды: 

"Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация же жоюу жол-жобосу киргизилген учурда айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы; 

Ченемдик укуктук актыларга туунду же караштуу компаниялар маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу. 

Долбоорлор, ченемдик укуктук актыларды "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар, жана банк иши жөнүндө" мыйзам талабына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана коомдук талкууга алынышы үчүн Улуттук банктын расмий веб-сайтынын "Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Долбоорлор боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 26-майынан кечиктирбестен aakieva@nbkr.kg электрондук дареги боюнча (Word жана PDF форматтарында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.