Улуттук банк Башкармасынын чечими менен "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" долбоор колдоого алынып, коомдук талкууга сунушталды. 

Бул долбоор, коммерциялык банктарга милдеттүү камдык талаптарды сактоонун альтернативалуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо, ошондой эле баалуу металлдар менен операцияларды андан ары өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле аталган долбоор "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамына шайкеш келтирүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү караштырат. 

Бул долбоор коомдук талкууга алынышы үчүн Улуттук банктын расмий веб-сайтынын "Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 26-майынан кечиктирбестен bkudaiberdieva@nbkr.kg электрондук дареги боюнча (Word жана PDF форматтарында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.