Улуттук банк Башкармасынын чечими менен төмөнкү документтерди камтыган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" долбоорлор жактырылып, коомдук талкууга сунушталды: 

Төмөнкү маселелер боюнча жаңы редакциядагы ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда, финансы-кредит уюмдарында ички контролдук системасын жана ички аудитти жөнгө салуу Эрежелер; 

Адистештирилген финансы-кредит уюму - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө

Коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу мааниге ээ экендиги критерийлерин аныктоо тууралуу, 

Банктардын аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар, 

Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (регулятивдик) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн жыйым жана төлөм өлчөмү

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун; 

"ЭкоИсламикБанк" ЖАК тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүдө аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен операцияларга коюлган талаптар жөнүндө" жобонун; 

"Убактылуу администрация жөнүндө" жобонун; 

"Банктарды жоюу жөнүндө" жобонун; 

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун; 

"Чет өлкө банкынын өз филиалына капитал катары акча каражаттарын бөлүү тартиби жөнүндө" жобонун; 

"Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө" жобонун жаңы редакциялары; 

 

Төмөнкү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген: 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда жана кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө

Долбоорлор, ченемдик укуктук актыларды "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар, жана банк иши жөнүндө" мыйзам талабына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана коомдук талкууга алынышы үчүн Улуттук банктын расмий веб-сайтынын "Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Долбоорлор боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 21-майынан кечиктирбестен aakieva@nbkr.kg электрондук дареги боюнча (Word жана PDF форматтарында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.