Улуттук банкта ЖМК өкүлдөрү үчүн окутуу семинары болуп өттү 

 

Бүгүн Улуттук банкта “Улуттук банк жөнүндө туура маалымат берүү” темасында окутуу семинары болуп өттү

Бул семинарды «OGResearch» чехия консалтинг фирмасында саясат тууралуу маалымат берүү жагында иш алып барган саясат боюнча директору жана улук эксперти Марек Петруш өткөрдү.  

Семинардын жүрүшүндө Марек Петруш борбордук банктардын акча-кредит саясатын ишке ашырууда коммуникациялык саясаты жагында иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Мындан тышкары, журналисттерге борбордук банктын коомчулук менен байланыш түзүүсү жана ал кандай максатта ишке ашырылаары, ошондой эле банктын саясатын иштеп чыгууда экономикалык болжолдоолордун жана коомчулук менен байланыш түзүүнүн таасири тууралуу маалымат берилди.  

Семинарда өлкөнүн алдыңкы 12 жалпыга малымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келип катышышты.