2017-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри О.М. Панкратовдун жана Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Л.Д. Орозбаеванын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун жүрүшүн талкуулоо жана 2016-жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле коммерциялык банктардын жана бизнес-сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өткөн.  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Л.Д. Орозбаева эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды жана өлкө бюджетинен/бюджетине башка төлөөлөрдү ишке ашырууда республиканын бюджеттик уюмдарын 2016-жылдын 31-декабрына чейин “Элкарт” улуттук төлөм картына өткөрүү талабын аткаруу максатында, эмгек акыны эл аралык карттар аркылуу алган бардык бюджеттик уюмдар “Элкарт” улуттук төлөм картына өткөрүлгөндүгүн белгилеген. Учурда калктын андан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында, коммерциялык банктар “Элкарт” улуттук төлөм картын өнүктүрүү жагында иштерди жүргүзүшүүдө.  

Мындан тышкары, мектепте тамактануу үчүн нак эмес формада төлөө боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын, ошондой эле транспорттук кызматтар үчүн нак эмес формада төлөө маселелери иштелип жаткандыгын маалымдаган.  

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөр укугун коргоо чаралары жөнүндө” токтомун аткаруу олуттуу мааниге ээ экендиги белгиленген, ага ылайык соода жана кызматтарды сунуштоо чөйрөсүндө иш алып барган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер банктык карт ээлерин тейлөө үчүн өз соода түйүндөрүнө жана сатуу кеңселерине POS-терминалдарды орнотууга тийиш.  

 

Эскертүү: 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программада мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана бюджеттен чыгашаларды нак эмес формада жүзөгө ашырууга, калктын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин төлөмдөрдү нак эмес формада ишке ашырууга, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасын өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүгө, ошондой эле нак эмес төлөөлөрдү өнүктүрүү үчүн төлөм системасынын инфраструктурасын кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар топтому каралган.