Улуттук банк Башкармасынын чечими менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” долбоору коомдук талкууга чыгаруу үчүн жактырылды. 

Долбоор «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк Башкармасынын токтомдоруна ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты. 

Долбоордо Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдорунда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган:  

1. 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/9 "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө"; 

2. 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/5 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»; 

3. 2012-жылдын 12-октябрындагы N40/1 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө” нускоону бекитүү жөнүндө

4. 2009-жылдын 23-сентябрындагы  № 38/8 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык  жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө”; 

5. 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө”; 

6. 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 "Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" жоболорду бекитүү жөнүндө

7. 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө";  

8. 2013-жылдын 23 октябрындагы №39/9 “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө”;  

9. 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 42/8 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө”; 

10. 2014-жылдын 23 апрелиндеги №16/3 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө”. 

Бул долбоор коомдук талкууга коюлуп, Улуттук банктын расмий веб-сайтынын “Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор” бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул долбоорго карата сунуш жана пикирлерди 2017-жылдын 15-апрелинен кечиктирбестен, eaidarov@nbkr.kg asooronbekkyzy@nbkr.kg электрондук дареги боюнча берүүңүздөрдү өтүнөт.