Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жалпыга маалымдоо каражаттары арасында «Үйрөнгүлө. Жыйым топтоп, каражат тапкыла” темасын эн мыкты чагылдыргандар үчүн республикалык сынак жарыялайт 

 

Бул иш-чара Кыргыз Республикасында 2016-2020 жылдар аралыгында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын талабын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт. 

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандардын мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук уюмдардын көңүлүн финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу маселесине буруу иш-чаранын максатынан болуп саналат.  

Сынак өткөрүү боюнча маалымат жана анын жыйынтыгы Улуттук банктын (www.nbkr.kg) сайтында жана www.finsabat.kg сайтында жарыяланат. 

Журналисттердин ушул тема боюнча жарыяланган материалдары, телесюжеттери жана радиоберүүлөрү кароого алынат. 

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт: 

· Кыргыз тилинде мыкты ТВ материал 

· Орус тилинде мыкты ТВ материал 

· Кыргыз тилинде мыкты радио материал 

· Орус тилинде мыкты радио материал 

· Жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз тилинде жарыяланган мыкты материал 

· Жалпыга маалымдоо каражаттарында орус тилинде жарыяланган мыкты материал 

· Интернет-басылмаларда кыргыз тилинде жарыяланган мыкты материал  

· Интернет-басылмаларда орус тилинде жарыяланган мыкты материал  

 

Сынак жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп таанылгандарга баалуу белектер жана сыйлыктар тапшырылат.  

Сынактын шарттары боюнча ырааттуу маалыматты Улуттук банктын www.nbkr.kg дареги расмий сайтынан алууга болот.