Улуттук банкта Кыргыз Республикасынын Финансы Министринин катышуусунда Ведомство аралык кеңешинин отуруму болуп өттү

2017-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы Министринин жана Улуттук банктын Төрагасынын катышуусунда Ведомство аралык кеңешинин отуруму болуп өттү

Отурумда 2016-жылдагы иш жыйынтыгы, акча-кредит жана салык-бюджет саясаттарынын максаттуу көрсөткүчтөрү, 2017-жылга белгиленген максаттарга жетишүүгө өбөлгө түзгөн чаралар, ошондой эле Улуттук банк менен Финансы министрлигинин мындан ары кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү маселелери талкууга алынган. 

Маалымат үчүн: 

Акча-кредит жана салык-бюджет саясаттары боюнча чаралардын макулдашуунун негизинде ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында 2010-жылы Улуттук банк менен Финансы министрлиги тарабынан Ведомство аралык координациялык кеңеш түзүлгөн. Кеңештин отурумдары мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат.