2017-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жыл жыйынтыгына арналган пресс-конференциясы болуп өттү. Ага банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Төраганын орун басарлары Нурбек Жеңиш, Лада Орозбаева жана Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Тимур Джусупов катышышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук банктын жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө 2016-жыл жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.