Улуттук банк 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы алкагында тренингдерди өткөрдү 

 

Улуттук банк Германиянын сактоо кассалык фонду менен биргеликте 2017жылдын 4январынан 6январына чейин мугалимдерди финансылык сабаттуулуктун негиздерине окутуу боюнча тренингдердин экинчи этабын өткөрдү. Тренингдер Новопавловка айылындагы Ч. Айтматов атындагы мектеп-гимназиясында, Лебединовка айылындагы И. Айдарбеков атындагы мектепгимназиясында жана Бишкек шаарындагы № 13 орто мектебинде болуп өттү. Жалпысынан аталган тренингдерге Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эмгектенген 140 окутуучу катышты.  

2016-жылдын июнь айында финансылык сабаттуулук боюнча тренерлерди даярдоо программасынын алкагында даярдоодон өткөн 17 тренер-мультипликатор тренер болуп катышышты, алардын ичинен 8 тренер Германиянын Эпштайн шаарындагы Аманат кассалар фондунун академиясынан кошумча даярдыктан өтүп келишкен. 

Тренингдин биринчи этабы 2016-жылдын 2ноябрынан 5ноябрына чейин № 1 Бишкек шаардык интернатынын жана № 13 орто мектебинин базаларында өткөрүлдү. Окутууга Бишкек шаарынан 41 мугалим катышты.  

 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН  

2016жылдан тартып Германиянын Аманат кассалар фондунун «Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесипкөй окутуу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде мектеп курагындагы жаштардын, финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү багыты иштеп жатат. Бул долбоор Улуттук банктын пилоттук долбоору болуп саналат. Ал Кыргызстанда Эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассалар фонду (Германия) менен Улуттук банктын ортосунда Узак мөөнөттүү кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында 2015-жылдан бери жүзөгө ашырылып келет. Долбоор банк иши жагында жаш адистерди окутууга багытталган.