Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2016-жылдын 30-ноябрында АКБ «Толубай» ЖАКка аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны берүү чечимин кабыл алды.