Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5,50 пайызга чейин төмөндөттү  

 

Улуттук банк Башкармасы 2016-жылдын 28-ноябрында эсептик чен өлчөмүн төмөндөтүү чечимин кабыл алды 50 базистик пунктка, 5,50 пайызга чейин. Чечим 2016-жылдын 29-ноябрынан тартып күчүнө кирет.  

Баанын жалпы деңгээли төмөндөп жатат. Жылдын ноябрь айында (18ине карата) дефляция катталып, жылдык туюндурууда ал 0,7 пайызды түзгөн. Керектөө баа ыргагы эң башкысы, товарлардын азык-түлүк тобунун арзандашы менен аныкталууда, акыркы айлар ичинде азык-түлүктөн башка товарлар тобуна кирген товарларга баанын өсүш арымы төмөндөгөндүгү катталган.  

2016-жылдын III чейреги ичинде экономикалык жигердүүлүктүн негизги көрсөткүчү алгылыктуу өңүткө ык койгон: январь-октябрь айлары ичинде айкын ички дүң өнүм 2,7 пайызга өскөн. Акча-кредит саясатынын максаты үчүн кыйла көрсөткүчтүү болуп саналган «Кумтөр» ишканаларындагы өндүрүш боюнча алынган маалыматтарды эске албаганда, экономиканын айкын өсүшү жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча 3,3 пайыз деңгээлинде калыптанган. Ичтен керектөөнүн калыбына келип жаткандыгы да байкалууда. Улуттук банктын баасы боюнча бул факторлор келечекте инфляциянын калыптанышына да таасирин тийгизет. 

Ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу. Жыл башынан бери (28-ноябрга карата) улуттук валюта 9,0 пайызга бекемделген. Алмашуу курсунун кыска мөөнөттүк өзгөрүшүн текшилөө максатында гана интервенциялар ишке ашырылган.  

Ушул жылдын март айында башталган пайыз саясатына карата монетардык шарттарды жеңилдетүү, алгылыктуу өсүш багытына кадам таштоосу үчүн экономиканын реалдуу секторуна өбөлгө түзүүчү чараларга колдоо көрсөткөн. Инфляциялык тобокелдиктер анча жогору болбогон деңгээлде турууда. Акча-кредит саясатынын натыйжалары акча рыногундагы улуттук валютадагы чендердин төмөндөп жатышына да таасирин тийгизген. 

Улуттук банктын болжолдоолоруна ылайык, жыл акырында инфляция нөлгө жакын мааниде күтүлүүдө жана жакынкы айларда басаңдатылган инфляциялык чөйрө сакталып турат. Баа ыргагы боюнча болжолдоолорду эске алуу менен Улуттук банк Башкармасы эсептик чен өлчөмүн төмөндөтүү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Өлкөнүн борбордук банкы мындан ары да, тышкы таасирлер орун албаган шартта өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү акча-кредит саясатын ишке ашырууга ниеттенүүдө

Ошентип, акча-кредит саясатынын калыптанган багытынын натыйжасында дефляциялык факторлор жакынкы айларга нейтралдаштырылат. Орто мөөнөттүк мезгил ичинде инфляция мааниси 5-7 пайыз максаттуу чекке кайтып келет.  

Улуттук банк, ички жана тышкы факторлордун инфляцияга таасир этүүсүнө баа берүү аркылуу тиешелүү акча-кредит саясатын улантат. 

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмүн кароого алган кийинки отуруму 2016-жылдын 26-декабрына болжолдонууда.