Кыргыз Республикасынын аймактарында төлөм системалары боюнча семинар 

 

2016-жылдын 19-октябрында Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана «MoneyGram» компаниясыны өкүлдөрү менен бирге акча которуу системаларында жана төлөм карттары менен эсеп жүргүзүү системаларында тобокелдиктер тууралуу семинар өткөрүлдү

Семинарга Жалал-Абад областындагы коммерциялык банктардын филиалдарынын кызматкерлери катышты.  

Семинардын материалдарын Улуттук банктын кызматкерлери жана «MoneyGram» компаниясынын өкүлү - КМШ, Борбордук Азия, Балтика менен Россия өлкөлөрү боюнча башкы аймактык комплаенс-офицери Евгений Покровский көрсөтүштү. Материал көрсөтүүдө төлөм жана акча которуу системаларында алдамчылыкка каршы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду, коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө тажрыйбадан алынган мисалдар менен бирге баалуу кеңештер берилди.