Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызматтарды сунуштаган операторлор реестринде акча которуу системасынын оператору катары «Оптима Банк» ААКсы катталды 

 

Калкка «Эсеп ачуусуз банк ичинде которуулар» акча которуу системасы боюнча кызмат көрсөтүү үчүн аталган системасынын оператору - «Оптима Банк» ААКсы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосун өттү. Реестрде 1039150616 каттоо номери ыйгарылган.  

Ушуну менен, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкында катталган 18-чи локалдык (филиал аралык) акча которуу системасы болуп саналат. Бүгүнкү күнгө карата локалдуу акча которуу системасынын оператору катары төмөнкү коммерциялык банктар каттоодон өтүштү: «Кыргыз Инвестициялык Кредит банкы» ЖАК, «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК, «Борбордук Азиялык Капитал банкы» ААК, «Кыргызстан Коммерциялык банкы» ААК, «Бакай Банк» ААК, РК «АМАНБАНК» ААК, «ЭкоИсламикБанк» ЖАК, Банк «Бай-Тушум» ЖАК, «БТА Банк» ЖАК, «ФинансКредитБанк КАБ» ААК, «ДосКредобанк» ААК, «Банк Азии» ЖАК, «Росинбанк» ААК, «Финка Банк» ЖАК, «Халык Банк Кыргызстан» ААК, «Банк Компаньон» ЖАК.  

 

Маалымат үчүн: 

Кыргыз Республикасынын акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин (мындан ары - Эрежелер) (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомунун редакциясында) 3.1. пунктуна ылайык, оператор, резидент же болбосо резидент эмес Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системасы боюнча кызмат көрсөтүү үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүшү керек. Төлөм системасынын операторлору Кыргыз Республикасынын аймагында Улуттук банкта каттоосу жок ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынат.