Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 9,50 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2015-жылдын 25-майында эсептик чен өлчөмүн 150 базистик пунктка, 9,50 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. 

Инфляция арымынын басаңдоосу байкалууда. Ошол эле учурда экономикалык өсүш, мурдагыдай эле тышкы факторлордун таасиринен көз каранды.  

Соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык жагдайлардын белгисиздиги, тышкы соода жана акча которуу каналдары аркылуу өлкөбүздүн экономикалык өсүш арымына басаңдатуучу таасирин тийгизүүдө.  

Май айынын орто ченине карата абал боюнча инфляция жылдык мааниде алганда 2014-жылдын акырындагы 10,5 пайыздан 6,4 пайызга чейин төмөндөгөн. 2015-жылдын январь-апрель айларындагы жогорку экономикалык өсүш көрсөткүчтөрү (7,0 пайыз), эң башкысы “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү менен шартталган. “Кумтөр” ишканасын эске албаганда, ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 3,7 пайыз чегинде катталган (2014-жылдын январь-апрель айларында 4,2 пайыз).  

Тышкы жана ички суроо талаптын басаңдашы тобокелдигин, ошондой эле инфляциялык процесстер динамикасын эске алуу менен Улуттук банк өлкө экономикасындагы жагдайларга мониторинг жүргүзүүнү жана мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде акча-кредит саясатында белгиленген, анын ичинде экономикалык өсүшкө көмөктөшүүгө багытталган зарыл чараларды көрүүнү улантат. Акча-кредит саясаты орто мөөнөттүк келечекте инфляцияны 5-7 пайыз деңгээлине чейин жеткирүүгө жана аны колдоп турууга багытталат, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредит саясатынын орто мөөнөттүк мезгилге каралган негизги багыттарында белгиленген.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча маселе кароого алынуучу кийинки отурум 2015-жылдын 29-июнуна пландаштырылган.  

Акча-кредит саясатынын жыйынтыгы жана эсептик чендин өзгөрүшүнүн себептери тууралуу маалымат менен журналисттерди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов тааныштырды. Бүгүн 2015-жылдын 26-майында өткөрүлгөн пресс-конференцияда ошондой эле Экономикалык башкармалыктын жана Акча кредиттик операциялар башкармалыгынын башчылары Сейилбек Урустемов менен Раушан Сейткасымовалар катышышты.

Пресс-конференциянын жыйынтыгында журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.