Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өлчөнгөн алтын куймаларын ишке ашырууга арналган пресс- конференция болуп өттү

 

Улуттук банк тарабынан 1 граммдан 100граммга чейинки салмактагы аффинаждалган алтындан даярдалган куймалар биринчи ирээт чыгарылып жатат. Алтын куймалар келечекке ишенимдүү финансылык салым катары инвестициялануучу банктык жаңы продукт болуп саналат. Белгилүү болгондой, 2015-жылдын 7-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аффинаждалган алтындан даярдалган куймаларды сата баштады.  

 

Алтын куймаларын чыгаруу жергиликтүү экономикадагы долларлашуунун деңгээлин төмөндөтүүгө, атуулдардын аманаттарында тандоосу үчүн бир гана валюта менен эмес алтын менен да сактоого мүмкүндүк түзүүгө багытталган. 

 

Ошто өлчөнгөн алтын куймаларын сатыкка чыгарууга арналган пресс-конференцияны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Шамил Айдаркулов, Улуттук банк биринчи жолу алтындын өлчөнгөн куймаларын чыгарып жаткандыгын белгиледи. 

  

Анын айтымында салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 граммда өлчөнгөн куймалар сертификаттын кызматын аткаруучу - өзгөчө коргоого алынган бекем желим менен капталып (таңылып) чыгарылат. Капталган желимдин  сертификаттын бүтүндүгү куймалардын аныктыгына кепилдик болуп, аларды кайра сатып алуу учурунда кардар менен дароо эсептешүүнү камсыз кылат. Куйма салынган желим кутуча сырткы таасирлерге дуушарланса же желим менен капталбаган болсо, ошол куйма Улуттук банкта кылдат экспертизадан өткөртүлүүгө тийиш деп билдирди ал.  

 

"Алтын куймалар аяр мамилени талап кылат. Жогорку сапаттагы металл өтө ийкемдүү келгендиктен, ага сырттан таасир этүүгө дегеле болбойт. Анткени, анын үстү бармак же чүпүрөк тийсе эле чийилип калышы мүмкүн. Коргоого алынган кутучаны ачып көрүү металлдын булганышы же бузулушу мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Сырткы таасирлерге дуушар болгон куйма баалуулугун жоготуп, металл сыныгы катары бааланып, өз наркынан төмөн баада гана сатылышы мүмкүн. Мына ошондуктан, куйманын кутучасын ачып көрүү сунушталбайт", деп маалымдады Ш.Айдаркулов.  

 

Пресс-конференцияга ошондой эле Улуттук банктын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Жумаш Сыдыков катышты.  

 

Иш-чаранын жыйынтыгында журналисттер Улуттук банктын өкүлдөрүнө өздөрү кызыктырган суроолорго жооп алууга мүмкүндүк түзүлдү

 

Өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу накталай жана нак эмес эсептешүүлөр аркылуу Борбордук жүгүртүү кассасы, Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын жүгүртүү кассасы жана пост-терминалдар аркылуу банк төлөм карттарын колдонуу менен ишке ашырылат. Сатып алуу учурунда кардар кассирге өздүгүн тастыктаган документти ( юридикалык жак кошумча ишеним кагазын көрсөтүү керек), төлөгөндүгү туурасында дүмүрчөккө кол коет. 

 

Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу жогоруда белгиленгендей эле, кутучасы-сертификаты бузулбаган шартта гана кабыл алынат. Өлчөнгөн куймаларды сатып алуу-сатуу баасы күн сайын улуттук валютада аныкталып, Улуттук банктын расмий сайтынын "Банктык өлчөнгөн куймалар" бөлүгүндө жайгаштырылат.  

  

Куймалардын техникалык мүзөндөмөлөрү

  

Салмагы (гр.)  

Металлы  

Сапат белгиси  

1  

Алтын  

999,9°  

2  

Алтын  

999,9°  

5  

Алтын  

999,9°  

10  

Алтын  

999,9°  

31,1035  

Алтын  

999,9°  

100  

Алтын  

999,9°  

  

  

Куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу ишемби, жекшемби күндөрүнөн тышкары, күн сайын саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча ишке ашырат.  

- Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү, 101, тел. (312) 66-91-41 же 66-92-31  

- Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 119, тел. (3222) 2-12-7 же 2-12-20