Улуттук банк 1 граммдан 100 граммга чейинки алтындан даярдалган куймаларды сата баштады. 

 

2015-жылдын 7-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аффинаждалган алтындан даярдалган куймаларды сата баштады.  

Алтындын өлчөнгөн куймаларынын бет ачаарына арналган пресс-конференцияда чыгып сүйлөп жатып төрага Толкунбек Абдыгулов, Улуттук банк биринчи жолу алтындын өлчөнгөн куймаларын чыгарып жаткандыгын белгиледи. "Алтын куймаларын чыгаруу демилгеси мындан бир жыл мурда пайда болгон. Быйыл өлкө башчынын жана парламенттин колдоосу менен Улуттук банк аны ишке ашырды", - деп билдирди.  

Улуттук банктын башчысы жергиликтүү экономикадагы долларлашуунун деңгээлин төмөндөтүүгө, атуулдардын аманаттарында тандоосу үчүн бир гана валюта менен эмес алтын менен да сактоого мүмкүндүк түзүүгө багытталгандыгын билдирди. Мындан сырткары, бул долбоор республиканын зергелик тармагынын өнүгүшүнө шарт түзөт. "Алтындын өлчөнгөн куймалары - бул келечекке ишенимдүү финансылык салым катары инвестициялануучу банктык жаңы продукт болуп саналат. Валюта рыногунда туруксуздук абалы сакталып турган шартта көпчүлүк инвесторлор өз каражаттарын алтындын курсуна таянуу менен туруктуу иш алып барган металл рынокторуна жумшоого аракеттенишет. Валюта курсу төмөндөгөн шартта эрежедегидей эле, алтындын курсу жогорулайт. Мына ошондуктан, баалуу металлдар үчүн каражат салууда бекем ишенимдүүлүк, наркынын жогорулап туруусу сыяктуу өзгөчөлүктөр мүнөздүү. Өлчөнгөн куймалардагы баалуу металдар- эсте калаарлык баалуу белек катары да пайдаланууга болот", - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы. 

Төрага белгелегендей, 1 граммдан 31 граммга чейинки салмактагы куймалардын партиясы казакстанда казак алтынынан жасалган, ал эми 100 граммдык куймалар "Кыргызалтын" заводунда кыргыздын аффинаждык алтынынан даярдалган. "Азыркы учурда, заводдун техникалык абалы майда куймаларды өндүрүүгө мүмкүндүк бербейт. Долбоордун экинчи этабында биз ата-мекендик өндүрүштөн алтын куймаларын чыгарууну пландаштырып жатабыз. Ошондой эле күмүштүн өлчөнгөн куймаларын чыгаруу маселеси дагы каралып жатат", - деп маалымдады Т. Абдыгулов.  

Алтын куймалары тууралуу кеңири маалыматты Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Шамиль Айдаркулов берди. Анын айтымында, алтындан даярдалган 100 грамм салмагындагы куймалар сертификаты менен кошо, өзүнчө кутучуларга жайгаштырылат. Ал эми салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 граммда өлчөнгөн куймалар сертификаттын кызматын аткаруучу - өзгөчө коргоого алынган бекем желим менен капталып (таңылып) чыгарылат. Капталган желимдин сертификаттын бүтүндүгү куймалардын аныктыгына кепилдик болуп, аларды кайра сатып алуу учурунда кардар менен дароо эсептешүүнү камсыз кылат. Куйма салынган желим кутуча сырткы таасирлерге дуушарланса же желим менен капталбаган болсо, ошол куйма Улуттук банкта кылдат экспертизадан өткөртүлүүгө тийиш деп билдирди ал.  

"Алтын куймалар аяр мамилени талап кылат. Жогорку сапаттагы металл өтө ийкемдүү келгендиктен, ага сырттан таасир этүүгө дегеле болбой. Анткени, анын үстү бармак же чүпүрөк тийсе эле чийилип калышы мүмкүн. Коргоого алынган кутучаны ачып көрүү металлдын булганышы же бузулушу мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Сырткы таасирлерге дуушар болгон куйма баалуулугун жоготуп, металл сыныгы катары бааланып, өз наркынан төмөн баада гана сатылышы мүмкүн. Мына ошондуктан, куйманын кутучасын ачып көрүү сунушталбайт", деп маалымдады Ш.Айдаркулов. 

Пресс-конференциядан соң, ЖМК өкүлдөрү алтын куймалары сатылуучу кассада болушуп, анда Улуттук банктын эксперттери металлдын сапатын жана салмагын аныктай турган атайын жабдыкты көрсөтүштү

Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу жогоруда белгиленгендей эле, кутучасы-сертификаты бузулбаган шартта гана кабыл алынат. Өлчөнгөн куймаларды сатып алуу-сатуу баасы күн сайын улуттук валютада аныкталып, Улуттук банктын расмий сайтынын "Банктык өлчөнгөн куймалар" бөлүгүндө жайгаштырылат.  

 

Куймалардын техникалык мүзөндөмөлөрү

 

Салмагы (гр.) 

Металлы 

Сапат белгиси 

Алтын 

999,9° 

Алтын 

999,9° 

Алтын 

999,9° 

10 

Алтын 

999,9° 

31,1035 

Алтын 

999,9° 

100 

Алтын 

999,9° 

 

 

Куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу ишемби, жекшемби күндөрүнөн тышкары, күн сайын саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча ишке ашырат.  

- Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү, 101, тел. (312) 66-91-41 же 66-92-31 

- Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 119, тел. (3222) 2-12-7 же 2-12-20